30-31-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чара алкагында бир катар белгилүү инсандардын мааракелери да белгиленет. Атап айтканда, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы жана Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгы белгиленет.
Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чара Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында өтөт. Башталышы — саат 12:00.
Ал эми Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгына арналган айтыштар 27-29-август күндөрү аймактарда уюштурулат:
-
27-август, саат 17:00 – Токтогул шаары, Маданият үйү;
-
28-август, саат 17:00 – Аксы району, Кербен шаары, Маданият үйү;
-
29-август, саат 17:00 – Сузак району, Барпы айылы, Жони паркы.
Иш-чараларга кирүү акысыз. Толук маалымат алуу үчүн байланыш номери: 0701 11 77 19.

