"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргыз-казак чек арасында жол-жоболор жеңилдейт

Бүгүн, 22-августта, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда эки меморандумга кол коюлду.

Документтер автотранспорттук ташууларды көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жана чек арадагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча кызматташууну камтыйт. Ошондой эле маалыматтык системаларды интеграциялоо, электрондук эсеп-фактуралар менен алмашуу жана өткөрүү пункттарында электрондук кезек киргизүү каралган.

МСКнын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бул келишимдер ишкерлерди колдоого жана жүк ташуулардагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталганын белгиледи. Өз кезегинде, Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин башчысы Жандос Дуйсембиев документтер эки өлкө ортосундагы сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөрүн билдирди.