Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилиги эки өлкөнүн ар кайсы шаарларында маданий чөйрөнүн өкүлдөрү эки элдин достугун даңазалаган түрдүү концерттерди жана спектаклдерди тартуулоо иштерин ишке ашырып келээрин маалымдады.
2023-жылы 35тен ашуун иш-чара өткөрүлүп, алардын эң маанилүүсү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараны белгилешти.
Боордош эки элдин маданий жакындашынын дагы бир көпүрөсү катары ушул жылдын 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы