"Эркин-Тоо"
Бейне Эркин Тоо гезити

КЫРГЫЗ КИНОСУНУН БАЙТЕРЕГИ (Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналат)

«Элчиге – өлүм жок» дейт ар улутта,

Эх ажал, жеткирбестен карылыкка.

Элимдин байтерегин кулаттыңбы,

Эм таппай кыйналганда дарылыкка?

***

Ким уккан туу чокунун ураганын,

Ким көргөн байтеректин кулаганын?

Төкөбүз кино тартып жатабы же,

Көрсөтүп миң амалдын бир амалын?

(А.Рыскулов)

 

Төлөмүш (Төкөм) Океев кыргыз киносунун гана байтереги, негиздөөчүсү эмес, ал жалпы кыргыз улуттук маданиятынын туу чокусу. Мындан чейрек кылым мурда Океев дүйнөдөн кайтканда Чыңгыз Төрөкулович элге кайрылып: “Биз үчүн Океевдин өлүмү – өлчөөсүз чоң улуттук трагедия. Өзү негиздеген кыргыз киносунун орду толгус жоготуусу, сөзүмдүн түз маанисинде алганда, Океев биз үчүн – тарыхый инсан. Эми ал биздин катарыбызда жок. Кыргыз эли өзүнүн улуу уулу, теңдешсиз чебер жана ойчул асылынан ажырады” деп айткан. Төлөмүш Океевге мындан артык бааны ким бере алат?!

Ошондуктан, Океевдин кайсы чыгармалары, кандай касиеттери менен улуттук пайгамбарыбыз Чыңгыз Айтматовдун жогорудай баасына татыды экен, ошону көрсөтүүгө аракет кылайын.

Аттанганда эле Төкөм кыргыз киносундагы трагедиялык реализмдин залкар устаты катары чыга келди. Анын эң көрүнүктүү тасмаларынын баарындагы чечүүчү ыкма (метод) жаш баланын трагедиялуу азап чегүүсүн чагылдыруу аркылуу адамзат ааламындагы “каргашалуу” маселелердин, мисалы, адам менен жаратылыштын, адам менен бийликтин, сүйүү менен жек көрүүнүн жана башка карама-каршылыктарынын эбегейсиз драмалары эмоционалдык күч менен ачылат. Океевдин бул табылгасы көбүн эсе анын балалык кезиндеги өз башынан өткөзгөн азаптуу жолуна байланышкан.

Океев өзү: “Согуш башталганда мен 6 жашта элем. Биз тарткан азаптын азабы ачкачылык эле. Мен го эптеп чыдоочумун, бирок менден кичүү ини-карындаштарым чыркырап ыйлап турганда качаарга жер таппай калар элем. Ошондон бери жүрөгүмдө бир тикен дайыма сайылып турат. Ошондон бери баланын кор болгонун, азап тартканын көрсөм, жан дүйнөм ала салып, жүрөгүм жарылчудай сезилет. Ушундан улам го дейм, мен Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” деген кичинекей аңгемесин тартууга кириштим. Анда деле сүйүү, үй-бүлөдөгү ачуу-таттуу катнаштары, башкача айтканда көнүмүш көрүнүштөр. Бирок, менин жүрөгүмдү эзип, жаныма жай бербеген маселе – ата-энеси ажырашып жатканда ортодогу кичинекей кыздын тарткан азабы эле…” деп жазат.

Ал кезде дүйнөлүк маданияттын асманында Ч.Айтматовдун жылдызы жаркырап, анын чыгармаларындагы “трагизми” адамзатка Шекспирдин “трагизминдей” күч менен таасир берип турган эле.

Кыргыз кинематографиялык бирикмесинде үзөңгүлөш жүрүп, китептерин гана окубастан, анын жанында чай ичишип жүргөн Океевге Айтматовдун “трагизми” кантип жукпайт. Төкөмдүн кинолорундагы трагедиялуулук да адамдын ички дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Адамдын касиеттери анын турмуштун терс күчтөрүнө каршы чындык, калыстык, акыйкаттык издөө жолундагы трагедиялык азап чегүүлөрдө ачылып көрүнөт.

Төлөмүш Океев өтө билимдүү, окубаган китеби жок эле. Менимче, ал орустун улуу жазуучусу Ф.Достоевскийди сөзсүз окуп таасирленген. Анткени, Достоевскийдин негизги методологиясы да – балдардын трагедиясы, азап чегүүсү аркылуу ааламдык проблемаларды чечмелөө. “Бүт дүйнөңдүн бактысы күнөөсүз баланын бетиндеги бир тамчы жашына татыбайт” деген учкул сөздү ушу Достоевский айткан эмеспи.

Эми Т.Океевдин “трагизмин” анын өзүнүн фильмдеринен издеп көрөлү.

… 1987-жылы советтик жана голливуддун көрүнүктүү кино режиссёрлорунун кездешүүсүндө Океевге, “бардык тасмаларыңдын ичинен бирөөсүнүн гана бир бөлүгүн көрсөтөсүң” деп сунуш кылат. Советтик делегацияда Элем Климов, Ролан Быков, Георгий Шенгелая, Рустам Ибрагимбеков ж.б. көрүнүктүү кинематографисттер бар эле. Голливуддан болсо Милош Форман, Мадонна, Грегорий Пек, Спилберг жана башкалар катышкан.

Океев өзүнүн кийинки жаңы көркөм тасмасы “Ак илбирстин тукумунун” финалдык бөлүмүн көрсөткөн.

… Экранды карасак, бир коктунун таманында бир тентек кадимки ак илбирсти капканга түшүрүп алып арканга чырмап атканын Кожожаш көрүп калат.

“Эй, акмак, сен кантип уруубуздун пирине — Түпкү атаңа кол салып жатасың!.. Коё бергин азыр!..” — деп, Кожожаш илбирсти бошоттуруп жиберет. Ошол эле учурда өзүнүн колунда машаалуу жаңы мылтык жүрөт.

Адам дайыма адамгерчилигин татыктуу алып жүрүш үчүн өзүнөн бийик турган ыйык бир башталыштарга, Теңирге (тотем), Кудайга, Ата-бабалардын арбагына ишенип, сыйынып турушу шарт. Эгерде адам булардын баарын унутуп, өзүнөн башканы көрбөй, кудайды тааныбай калганда, ал ач көздүктүн, дүнүйөкорлуктун, бийликтин кулу болуп, инсан катары ойрон болот, кыйрайт, баарынан ажырайт. Кожожаштын тагдыры да так ушундай эмеспи. Ал жаратылыштын каардуу душманы болуп, тоодогу эчки-текени кырып бүтүп, казактын талаасындагы сайгактарга кызыл кыргын, кара сүргүн салат. Аң уулоого өз уулун бир жолдошу менен кошо ала барат. Кино тасманын акырында сөксөөлдүн арасында жаңы ок жеген, бирок жалдыраган көзү али тирүү сайгак, “Жардам бергиле!..” деп, ары-бери чуркап, бакырып ыйлаган жолдош баласы, анан Кожожаштын уулу атасынын огунан төгүлгөн канды улам көкүрөгүнөн ылдый сүртүп, унчукпай жаны чыгып баратат. Ошентип, жаратылыш Кожожаштан өчүн алды, жазалады. Бирок эч күнөөсүз баланын өлүмүн ким кечирет?

Белгилүү журналист Л.Дьяченко өзү ушул окуяга катышкан, ал көргөнүн мындай деп жазат: “Титр башталганда эле дүңгүрөгөн кол чабуулар менен эл ордунан турду, баягы “үлкөндөрдү” карасам, көздөрүнө жаш толуп, жүрөктөрү жарылгандай кайгыга чөмүлүп көпкө кол чабышты”.

Бул “жалган” дүйнөдө көзгө көрүнбөгөн кенедей жандык да өзүнө окшош бирөөнө үстөмдүк кылгысы келет. Ал эми адамзаттын бийликти сүйгөнү, бийлик үчүн тирешүүсү акыры анын түбүнө жетүүчү “каргашасы”. “Көк серектеги” каарман Ахангул – итке минген кедей, колундагы карыган энесин, жээни Курмашты тойгузуп бага албайт, бирок алардын үстүнөн бийлик жүргүзгүсү келет. Бала, кичинекейинде ата-энеси өлүп калып, чоң энеси багып өстүрүп жүргөн томолой жетим.

Жаңы эле туулган бөлтүрүктөрдү ийинден сууруп чыгып, союл менен бирден чаап өлтүрүп жаткан Ахангул жанында ыйлап карап турган Курмаш менен болгон диалогуна назар салалы:

— Эмне ыйлайсың, эркексиңби деги, мына таяк, карма да сок тигини!

— Сокпойм!..

— Эмне үчүн сокпойсуң, аяп жатасыңбы!.. Сок дейм!..

— Сокпойм!..

Экзистенциализмдин принциби боюнча азап чегүү (страдание) адамдын өмүрүндөгү эркиндик, эркиндикке умтулуу аракети менен эриш-аркак чогуу жүрөт. Курмаш бөлтүрүктү (жырткычты) Ахангул жырткычтык менен өлтүрүп жатканына жаны кейип, боздоп ыйласа да, таякесинин “сок” деген зомбулугуна “сокпойм” деп, ачык каршылык көрсөтүп, эркиндиктин бир учкунун көрсөтүп жатат. Кино тасманын аягында жетим жаш өспүрүм ата-энесинин мүрзөлөрүнө карай качып баратканын ыйлабай чыдап көрүү мүмкүн эмес. Курмаш бооруна кысып, төшөгүнө алып жатып жүрүп өстүргөн карышкыр да аны жарадар кылгандан кийин эки анжы ойго батасың: Кыргыздын “бөрү баласы ит болбойт” деген учкул сөзү туурабы же азыр дүйнөдө кеңири тарап кеткен “Карышкыр адамга караганда алда канча жакшы жырткыч” деген позиция туурабы?” Төлөмүштүн өзүнүн философиясы боюнча адам адам бойдон, карышкыр карышкыр бойдон калышат, алар биринин ордун бири ээлей албайт.

“Бул тасманы, — дейт Т.Океев — бороондуу талааларда, муз жалаган капчыгайларда, жапайы карышкырлар менен кубалашып жүрүп тарттык. Эгерде мен 100гө чыкпай калсам, так ушул фильм күнөөлүү. Бирок буга эч бир өкүнүчүм жок”.

Дүйнөлүк эң белгилүү, чоң кино сынчыларынын баасы боюнча “Көк серек” тарыхтагы “Оскар” номинациясына татыктуу 10 фильмдин катарына кирген. Алардын ичинде Феллининин, Курсованын фильмдери бар. Андан кийин “Көк серек” Италияда “Олимпиялык алтын бутакка” татыктуу болду. “Ак илбирстин тукуму” Берлинде “Күмүш аюунун”, Дамаскиде “Күмүш кылычты” утуп алды. Мен жогоруда жазгандай голливуддук жана советтик кино жылдыздары Океевдин “Ак илбирсин” көргөндөн кийин, бул окуя советтик-америкалык кинематографисттер союзунун түзүлүшүнүн олуттуу бир себеби болду,- деп москвалык эксперттер жазды.

Эми Төкөмдүн үй-бүлөлүк турмушуна бир аз көңүл буралы. Бизде мурда иштеп кеткен белгилүү журналист Виктор Широковдун кинокорифейине суроосу мындай башталат:

— “Түркияда кандай жашап жатасың, Төлөмүш?

— Баарыдан мурда мен үй-бүлөм боюнча өтө бактылуу адаммын. Биринчиден, менин эң сонун аялым бар, ал бир жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан. Экөөбүз мектепте да, Ленинградда да чогуу окудук. Жылдар өткөн сайын биздин бири-бирибизге болгон урмат-сыйыбыз улам күчөп, улам тереңдеп баратат. Биз экөөбүз “фронттош жолдошторбуз” (фронтовые товарищи). Ал рак менен ооруп, Германияда бооруна трансплантация болду. Мен ал үчүн өлүп берүүгө даяр элем. Бүт өмүрүмдө тапкан каражатымды операцияга жумшадым (менин билгенимче ошол кездеги 100 миң доллар төлөнгөн) – деп үй-бүлөсүнүн туткасы болгон аялы тууралуу кыскача жооп берген.

Андан ары маекти улайлы:

В. Широков: Сенин кандайдыр бир жашыруун тилегиң барбы?..

Т. Океев: Бар. Мен жоокерге окшоп өлгүм келет. Карачы, өзүмдүн духум боюнча “талаа командирине” окшоймун. Азыр да камераны колго алып, тоо-талааны аралап кетким келет… — дейт кайран Төкөм.

Эми Төкөмдүн саясат майданындагы эмгектерин бир аз айта кетели. Ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыныгы туу көтөргөн жоокери эле. Советтик доордо эле ал кыргыздын Жогорку Кеңешине депутат, Кыргыз Компартиясынын Борбордук Комитетинин чыныгы мүчөсү, СССРдин Верховный Советинин депутаты, СССРдин эл артисти эле. Ушул бийик трибунада Т.Океев маселе көтөрүп, кыргыздын тарыхын, адабиятын, тилин, каада-салттарын коргоп сүйлөп жүрдү. “Кайра куруу” демократияны орнотуу процесстерине активдүү катышты.

Түркияда элчи болуп иштегендеги жетишкен ийгиликтери ат көтөргүс. Түркиянын интеллигенциясы, саясат элитасы Төлөмүштү өздөрүнүн эле кишисиндей сыйлап, алдынан кыя өтүүчү эмес. Президенттери, өкмөт башчылары менен үзөңгү жолдоштордой мамиледе болду.

Кыскасы, Төлөмүш Океев Чыңгыз Төрөкулович айткандай, кыргыздын улуу уулу эле. Б.Шамшиев экөө кыргыз кино “кереметинин” эки түп тутаар устуну эле. Болот Шамшиев өлгөндөн кийин болсо да ага “Кыргыз Республикасынын баатыры” деген наам берилгени жакшы болду. Жогорку бийликтегилерге кайрылат элем, суранат элем: Төлөмүш Океевге деле так ушул сыйлыкты ыйгарып койсоңуздар, тиги дүйнөдө болсо да Болот экөө чогуу басып, көкүрөк керип тең жүрүшсүн. Менимче бул сунушту бүткүл кыргыз журту колдойт.

 Жумагул Сааданбеков,

коомдук ишмер