"Эркин-Тоо"

Кыргыз киносунун жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди

Кечээ, 17-ноябрь күнү Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз киносунун 80 жылдыгы жана СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдык мааракесине арналган салтанат болуп өттү.

Иш-чара концерттик программа жана сүрөт көргөзмө менен коштолду. Ага белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, кино өкүлдөрү катышты. Кыргыз киносунун 80 жылдык салтанатында Болот Шамшиевдин чыгармачылык жолуна басым жасалып, ал тасмага түшүргөн каармандардын образдарын белгилүү актёрлор сахнада тартуулашты. Ошондой эле Шамшиев тарткан бир катар тасмалардын үзүлдүлөрү көрсөтүлдү.