"Эркин-Тоо"

КЫРГЫЗ КОМПОЗИТОРУНА ӨЗБЕК ЭЛИНИН СЫЙ-УРМАТЫ

Жакында Өзбекстан мамлекеттик консерваториясында Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиевдин жеке концерти болуп өттү. Анда сөз сүйлөгөн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев: “Муратбек Бегалиев кыргыз искусствосунда өзбек композиторлору Юнус Ражабий, Гани Тошматов, Мухаммаджон Мирзаев, Дони Зокиров, Сайфи Жалил сыяктуу чоң урмат-сыйга эгедер. Биздин таланттуу композиторубузга көрсөткөн урматсыйыңар үчүн чын дилден ыраазычылыгыбызды билдиребиз” — деди. Өзбекстан мамлекеттик симфониялык оркестри Муратбек Бегалиевдин “Майрамдык увертюрасы”, “Улуу Жибек Жолу”, “Апокалипсис”, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган “Ностальгия” музыкалык чыгармаларын аткарды. Ошондой эле обондуу ырлары да жаңырып, көрүүчүлөргө ырахат тартуулады.

“Эркин-Тоо” пресс

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!