"Эркин-Тоо"

Кыргыз-корей медицина жаатындагы сүйлөшүүлөр болду

11-майда Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Ёнсе университетиндеги Северанс ооруканасына  барып, анда Ёнсе университетинин саламаттык сактоо жаатындагы Президенти доктор Юн Донг Суп менен сүйлөшүштү. Мында тараптар эки өлкөнүн коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулашты. Анын ичинде Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту боюнча долбоорго инвестиция салууну сунуштады. Ысык-Көл облусундагы биргелешкен диагностикалык борборлордун мүмкүнчүлүктөрүнө көңүлдү бурду. Ошондой эле биргелешкен операцияларды жасоо,  кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу зарылдыгына токтолушту.  Кыргыз элчиси медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!