Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапарын жасап, 4-февралда Пекин шаарына барды. Кызматташтыгыбыз бийик деңгээлде жүрүп жаткан кошуна өлкө Ажобузга өзгөчө урмат көрсөтүп, бийик деңгээлде тосуп алды. Сапардын жүрүшүндө бир катар макулдашууларга жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндөгү эки мамлекеттин биргелешкен декларациясына кол коюлду. Анда сапар боюнча кыскача баяндай кетели.
Ли Цян менен болгон жолугушуу
Садыр Жапаров 5-февраль күнү Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугуп, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Азыркы замандагы эң актуалдуу болуп жаткан санариптештирүү боюнча да пикир алышып, ошого катар кайра жаралуучу энергия жана өнөр жай секторундагы биргелешкен долбоорлор боюнча ойлорун ортого салышты. Баарыбыз билгендей бул жаатта терең кызматташтык башталып, иштер жүрүүдө. Бир мисалын айтсак, былтыр Балыкчы шаарынын Кара-Талаа аймагында 400 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу башталган. Аталган күн электр станциясын курууга кытайлык Fortis Kg, Molin Energy компаниясы 400 миллион доллар инвестиция салмакчы.
Мамлекет башчыбыз Ли Цян менен жолугушуусунда Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы «Бир алкак –бир жол» демилгеси менен шайкеш айкалышып, сооданын өсүшү, инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн кеңири перспективаларды түзүп жатканын белгилеп, эбегейсиз чоң долбоор — «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышы, үчүнчү «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы, өз ара сооданын көлөмүнүн болуп көрбөгөндөй өсүшү буга далил болуп саналарын билдирди. Бул жерде темир жолдун курулушун өзгөчө баса белгилесек болот. Кылым курулушу деп атасак да аша чапкан болбойбуз. Эгемендүүлүк алганыбыздан бери анча-мынча айтылганы болбосо, иш жүзүндө эч бир аракет көрүлбөй келген ишке Президент Садыр Жапаров чыныгы дили менен бериле киришип, өтө терең дипломатиялык ыкмалар менен тоскоолдуктардын баарын чечти. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мына анын курулушу башталды. Темир жол кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдерине шек жок.
Си Цзиньпин тосуп алды
Ошол күнү Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушту. Тасмаларда баяндалгандай, Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованы Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.
Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелери, ар тараптуу жана тең укуктуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле эки тарапты кызыктырган эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча кеңири пикир алмашты. Өз сөзүндө Садыр Жапаров айрыкча аймактар аралык ийгиликтүү кызматташууга басым жасап, ал жакшы жемишин бере баштаганын айтып өттү. Баарына маалым болгондой, өлкөнүн ар кайсы аймактарында эң кыска мөөнөттө завод-фабрикалар курулуп, биргелешкен ишканалар ачылып, соода, машина куруу, логистика, транспорт жана электрондук коммерция тармактарында долбоорлор ишке ашырылууда.
Сөз арасында Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун президенттиги алдында Кыргызстан өнүгүп, ийгиликтерге жетип жатканын айтып, өлкө улуттук кызыкчылыктарына дал келген көз карандысыз жана өзгөчө өнүгүү жолун тандап алганына ишенимин билдирди. Ал эми Садыр Жапаров Кыргызстан Кытайды жөн гана ишенимдүү дос жана өнөктөш катары эмес, реформалардын, көрөгөч лидерликтин жана өз маданиятын урматтоонун сабаттуу айкалышы мыкты натыйжаларга алып келе тургандыгын көрсөткөн шыктандыруучу кошуна катары да көрөрүн белгиледи.
Пайдасы мол документтер
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 24 документке кол коюлду. Алардын катарында, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин курулушун жана 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын байланыштырып, биргелешип алдыга жылдыруу боюнча кызматташуу программасы, Ош шаардык ооруканасына жана президенттик ооруканага медициналык жабдууларды жеткирүү долбоору боюнча кат алмашуу, Санариптик экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум, Жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Таза энергетикалык технологияларда колдонулуучу минералдар чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Кыргызстандан Кытайга төө буурчакты экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол, Илим жана технология аркылуу жакырчылыкты кыскартуу жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жана Нарын облусу менен Кытайдын Хэйлунцзян провинциясынын ортосундагы достук мамилелерди түзүү жана практикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандум бар.
Чжао Лэцзи менен сүйлөшүү
5-февралда Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында КЭРдин Бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөнү, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелердин келечегин талкуулашты.
Чжао Лэцзи өлкөлөр ортосундагы мамилелер тарыхый жактан жогорку деңгээлге чыгып, бардык тармактардагы кызматташтык жемиштүү жыйынтыктарга жеткенин белгилеп: «Акыркы жылдары сиз өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү жана жаңы саясатты ишке ашырып жатасыз, экономикалык өнүгүү жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу ишинде Кыргызстан элин жетектеп келе жатасыз, бул үчүн кытай тарап чын дилинен кубанычын билдирет. Сиздин күчтүү жетекчилигиңиз астында Кыргызстанды тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү күтөт деп ишенебиз», — деди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров ынак коңшулук, өз ара жардамдашуу жана кызматташуу кылымдык салттарына негизделген кыргыз-кытай мамилелеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Чыңгыз Айтматовдун бюсту
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эң жакшы дагы бир саамалык орун алып, Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземи болду. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу анын дүйнөлүк маданиятка сиңирген эмгегин таануу символу гана эмес, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулгандыгынын далили экенин баса белгиледи.
“Пекин тил жана маданият университети ар кандай маданияттардын жана идеялардын айкалышкан жери катары, мындай масштабдуу инсанды эскерүү үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Бүгүнкү иш-чара маданият мамлекеттерди жана элдерди бириктирип, тилдик, улуттук жана аймактык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн уникалдуу жөндөмгө ээ экендигин эскертип турат” деди С.Жапаров.
410 млн долларлык келишим
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын бизнес коомчулугунун консультативдик жолугушуусу өтүп, анда заманбап айыл чарба өнөр жайы үчүн кыргыз-кытай көргөзмө паркын куруу долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Анда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен “Хэбэй Бай Доу Жиа” ЖЧКсынын ортосунда кошумча протоколго кол коюлуп, долбоорго инвестициянын көлөмү 260 миллион АКШ долларынан 410 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Долбоордо минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу каралган, бул Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле «Кыргызстандагы «Бир алкак – бир жол» жашыл индустриалдык паркы» долбоорунун алкагында «Кыргыз Агрохолдинг» ААКсы менен China Railway Express Silk Road International (Shaanxi) Operation Co., Ltd. менен 1 миллиард юандык келишимге жана Changshu Silk Road Import Export Trade Co., Ltd. менен 1 млн АКШ доллары өлчөмүндө келишимге кол коюлду.
Мамлекет башчыбыздын Кытайга жасаган сапары жемиштүү болду, анын далили кол коюлган документтерден байкалууда. Эң башкысы, бул сапар эки өлкөнүн достугун жана ынтымагын бекемдеп, кызматташтыктын жаңы барактарын ачты. Ооба, Кыргызстан – Кытай кызматташтыгы акыркы жылдары өтө чыңдалды. Былтыркы жылы өзгөчө демдүү жүрдү. Эки тараптуу сооданын агымы буга чейин болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Бажы органдарынын маалыматы боюнча товар жүгүртүү 22,71 млрд АКШ долларына жеткен. Жыл ичинде Кытайдын инвестициясына негизделген бир катар өндүрүштүк долбоорлор ишке кирди. Атап кетсек, кыргыз-кытай унаа чогултуучу завод, катуу таштандыдан электр энергиясын өндүрүүчү завод, Ысык-Көлдө 400 мВттык күн электр станциясынын курулушунун биринчи фазасы, Ысык-Көл айланма жолунун реконструкциясы жана “Орто-Токой” кичи ГЭСинин курулушуна старт берилди. 30-августта “Жунда” заводунун ишин баштоо аземи өттү. Мындан сырткары, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы алты ири көмүр кени кытайлык компанияларга иштетүүгө берилди. «Эркечтам» чек ара бекетине жакын жерде көмүрдү чогултуп, андан ары Кытайга жөнөтө турган соода-логистикалык аянтча курула баштады. Эң негизгиси, дүйнөгө чыйыр салчу “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталды. Темир жол ишке кирсе, эки өлкөнү бири-бирине ширелтип, алака-катышыбызды ажырагыс кылып бекемдейт.
Зулпукаар Сапанов