"Эркин-Тоо"

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайлары 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чек ара Кытайдын түзүлгөндүгүнүн күнүн жана Орто күз майрамын белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

Белгиленгендей, чек арадагы өткөрүү пункттары 4-октябрдан тарта ишин кайрадан жандантат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!