Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункттары 4-апрелде жабылат.
Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиришти.
5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.