Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Кытайда өтчү “Ажыдаар кемеси” майрамына байланыштуу жабылат.
“Бекеттер 10-июнь күнү убактылуу жабык болот. Транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү 11-июндан тарта өткөрө баштайт”, — деп айтылат маалыматта.