2-апрелде саат 20:37де кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркаларында, атап айтканда Таш-Короо айылынан түштүк чыгышка карай 25 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 105 км аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калкттуу пункттарында жер титирөөнгүн күчү сезилген эмес.