"Эркин-Тоо"

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 22-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер Кытайдагы «Дуань-у» майрамына карата жабылат.

 

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 23-июнда калыбына келтирилет.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!