"Эркин-Тоо"

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту ачылды

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту ачылды. Бул пунктту ачуу маселеси 1996-жылдан бери бүдөмүк болуп келип, өткөн жылдын май айында Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө башчысы Си Цзиньпин менен “Беделди” ачууну макулдашкан.
Президент Садыр Жапаров бул Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүндөгү маанилүү кадам экенин жана эки өлкөнүн кызматташтыгында жаңы этапты билдире турганын айткан.
“Бедел” өткөрмө пунктун ачуу — биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик. Анткени биз өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, дүйнөнүн алдыңкы экономикасы — Улуу Кытай менен өз ара кызматташтыктын бекем пайдубалын түптөп жатабыз, бул Кыргызстандын транспорттук-логистикалык потенциалын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет”, — деген президент.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!