"Эркин-Тоо"

Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Асланайым АШИРОВА: “КОРРУПЦИЯ КЫСКАРЫП, МУКТАЖДЫКТАР ЧЕЧИЛДИ”

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки оңдоп-түзөөдөн өткөн соң балдарын алып барууга шашкан ата-энелер көп болду көрүнөт. Директор Асланайым Ашировадан маек алганы барганымда кирип-чыккан элдин көптүгүнөн кезегим келгенче кеч кирди. Көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшкөнү келген артисттер, 2-3 саатка созулган жыйналыштар, айтор кирген кишилердин аягы үзүлгөн жок. Кирип, баарлашып олтурганыбызда чечилиши керек болгон маселелердин көп экендигин айтып калды. Күнүнө 1-2 саат гана уктоого мүмкүн болуп жаткандыгын кеп кылган жетекчи айымдын кыргыз циркинин келечеги үчүн күн-түн дебей иштеп жаткандыгы чарчаңкы көздөрүнөн көрүнүп турду.

АЛГАН БИЛИМИМ ӨЗҮМДҮ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ЧОҢ САЛЫМ КОШТУ

Асланайым Аширова Ысык-Көл облусунун Түп районунда төрөлгөн.

— Мен азыркы №4 гуманитардык-укуктук багытындагы мектеп-гимназиясында орто билим алдым. Ошол эле учурда хореография, анын ичинде балетке катыштым. Андан соң режиссура багытында курстардан окуп, магистратурамды бизнести башкаруу жана менеджмент кесиби боюнча уланттым. Аны менен бирге спорттук массаж боюнча кесипкөй адистиктин курсун аяктап, жаа атуу боюнча машыктыруучу, окутуучу адистигин бүтүрдүм. Ар бир алган билимим, үйрөнгөн жөңдөмүм өзүмдү өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугу талашсыз. Окуучулук чагымда апам: “Кааласаң таттуу алып же” деп берген акчаларды чогултуп, ордуна китеп алчумун. Окуган аябай жагат. Азыркыга чейин айлыгым колума тиери менен китеп алууга шашылам. Көбүнчө менеджмент жана бизнеске байланыштуу англисче китептерди тандайм. Ошондой эле Конституция, укук-мыйзам жана салык кодекстери тууралуу маалымат алып турам. Албетте, китептеримдин арасында адабий чыгармалар дагы жок эмес.

КИНОНУ ЭМЕС, ЦИРКТИ ТАНДАДЫМ

Кыргыз циркинде артист болуу максатынын кантип жаралгандыгын эсине түшүргөн Асланайым Аширова кайсы учур болбосун өзүн ар тармакта сынап көрүүнү токтоткон эмес.

— Алгач циркте ар кандай номурларды коюп жүрдүм. Бир күнү чет мамлекеттерден келген артисттер өз өлкөлөрүнүн атын атап чыга башташты. Угуп турсам Кыргызстандан жок экен. Өзгөчө аба гимнастикасын койгон кыргыз артисттеринин жоктугу мени таң калтырган. Көрсө ошол кезде көп жакшы артисттердин баары чет жерлерге иштегени чыгып кетишиптир. Ошондо менде өлкөбүздүн атынан чыккан артист болсом деген изги тилек пайда болду. Көп өтпөй кастинг жарыяланды да, 5-6 кыздын ичинен тандалып алындым. Циркте машыга баштап, кыска мөөнөттүн ичинде жакшы жыйынтыктарды көргөзгөндүгүм үчүн алып калышты.

Циркте эмгектенип жүргөн чакта өзүмдү актриса катары да сынап көрдүм. Тынчтык Бугучиевдин “Салам Бишкек” кинокамедиясында Бегимай аттуу кыздын ролун аткаргам. Ага чейин Адилет Акматовдун фильм үзүндүлөрүндө, Болот Шамшиевдин “Призраки орехового леса” киносунда, Марат Сарулунун тасмаларында роль алдым. Дагы 6-7 кастингге катыштым. Бирок графигимдин тыгыз болгондугуна байланыштуу кинону таштап, циркти тандоону чечтим. Мени Айтурган Темирова, Бакен Кыдыкеева аттуу кыргыздын көрүнүктүү актрисаларынын жаш кездеги чактарына окшоткондор бар. Чын эле окшошмунбу, билбейм, бирок бул нерсе мен үчүн эң жагымдуу. Тасмага тартылууну улантышым үчүн кино тармагында биротоло калышым керек эле. Бирок цирк искусствосуна бир келген адам кайра эч качан кете албайт.

ҮМҮТ МЕНЕН АРАКЕТ – КҮЧҮБҮЗГӨ КҮЧ КОШОТ

Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында 2019-жылдын 8-март күнү Көчмөндөр оюнуна даярдык кызуу жүрүп жаткан. Кыз куумай оюнун көрсөтүү учурунда атчан артисттер сүзүшүп, Асланайым Аширова бутунан оор жаракат алган.

— Чындыгында эле мен үчүн аябай оор мезгил болду, абдан кыйналдым. Бирок бул Алла Тааланын берген сыноосу. Андан эч ким качып кутула албайт. Сынбаш керек болчу жана мен сынган жокмун. Сабырдуулук менен туруштук көрсөтө алдым. Дайыма өзүмдү-өзүм “Сен кыйынсың, баары жакшы болот, чыда!” -деп сооротуп, сыноону уламдан-улам жеңүүгө умтула бердим. Аны менен бирге кыргыз элим мени абдан колдоду. Жакшы сөздөрдү, каалоо-тилектерди окуган сайын күчтөнүп жаттым. Майыптар үчүн арабага отуруп калган элем. Жакшы сөздөрдүн аркасында бутума туруп, басканды үйрөнө баштадым. Бир эле учурда ошол кездеги көчмөндөр оюндарын жетектеп барган Акибаев Асхат даярдыктагы окуяга байланыштуу айып тагып, 4 жарым жыл бою соттошуп жүрдүк. Акыры жеңип чыктым. Мени алдыда жакшы күндөр күтүп турган экен. Баса баштаган соң тынбай көнүгүүлөрдү жасап, кайрадан ат үстүнө чыгууга көнүктүм. Ошентип Кыргызстанда өткөн жаа атуу боюнча Биринчилик кубогун утуп алдым. Андан соң Кыргыз Мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси болуп дайындалдым. Учурда башкы директорлук кызматында иш алып барып жатам. Ушунча жолду басып өткөн соң адам баласы канчалык кыйынчылык болбосун эч качан жеңилбей, өзүнө, өзүндөгү бар күчүнө, кайратына ишениши керек деген бүтүм чыгарам. Аны менен бирге адам өтө оптимист болушу керек. Болбосо кыйнала берип, ага кошул-ташыл ойлоно берип, акыры башка дүйнөгө кете берет. Болуп жаткан көйгөйдү ойлоно берүү эч нерсени өзгөртпөйт да. Жакшылыктан күдөр үзбөө, кийинки максаттын багытын ойлонуу, үмүт жана аракет күчүбүзгө күч кошот. Учурдан пайдаланып кыргыз элиме мени колдоп, мага ишенип айткан жакшы сөздөрү, жүрөк жылыткан каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Адамдын көңүлү гүл дешет эмеспи. Ар бир комментарийди окуган сайын көкөлөп учуп турчумун. Элдин колдоосу бутума турушума чоң түрткү болду.

КОРРУПЦИЯ КЫСКАРЫП, МУКТАЖДЫКТАР ЧЕЧИЛДИ

Мурун билеттер колдон-колго касса аркылуу сатылгандыгы үчүн коррупцияны көзөмөлдөө кыйынга тургандыгын белгилеген Асланайым Аширова азыр бул маселени чечүү жолу табылгандыгын айтат.

— Оңдоп-түзөө иштери Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылдын күз айларына жакын башталды. Ага чейин чынында эле цирктин шарттары өтө начарлап кеткен эле.  Кадрлар иштен кетип, артисттер абдан кыйналып жүрдү. Жаныбарлар турган жер дагы оңдоп-түзөөгө өтө муктаж болуп калган. Мунун бардыгы циркте коррупциянын орноп калгандыгынын залакасы эле. Аны түп-тамыры менен жоюш үчүн системаны толук түрдө кайрадан иштеп чыгуу зарыл. Оңдоп-түзөө иштери башталганда мурун жараксыз болуп калган буюмдардын жаңысы, муктаж болгон жабдыктардын бардыгы алынып келинди. Азыр көргөн көздү сүйүндүрүп, ичи жаркырап калды.

Кыргыз циркинин көрсөтүүлөрү буюрса 5-декабрда башталат. Коррупцияны алдын-алуу максатында кире беришине жаңы турникеттер коюлду. Турникеттер аркылуу накталай төлөө жолу менен эмес, балдар, чоңдор QR код аркылуу төлөп киришет. Тагыраагы онлайн төлөм жүргүзүп, билет алышат. Ал билеттин ар биринде QR коду болот. QR код компьютерден чыгып калат жана биз ал аркылуу канча билет сатылгандыгын, канча киши киргендигин көрүп-билип турабыз.

 

                                                                                                                                Алтынай Нурдинова

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!