"Эркин-Тоо"

Медициналык академиянын Баткендеги филиалынын курулушу июль айында аяктайт

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткендеги филиалынын курулушу июль айында аяктайт.

Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясы билдирди. Иса Ахунбаев атындагы академиянын көп тармактуу окуу-дарылоо мекемесинин курулушуна  603,5 миллион сом багытталган. Окуу корпусунан тышкары жатакана дагы салынып жатат. Ага жеке ишкерлер 93 миллион сом бөлгөн.

Филиал студенттерди окуткандан тышкары көп тармактуу дарт аныктоочу, дарылоочу стационар милдетин да аткарып, рентген, УЗИ, МРТ бөлмөлөрү ачылат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!