"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз-Пакистан алакасы: CASA-1000 энергетикалык долбоору боюнча сүйлөшүү жүрдү

Бүгүн, 4-декабрда, Президент Садыр Жапаров  Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар саясий, экономикалык, транспорт жана энергетика тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.

Шахбаз Шариф бул сапардын Кыргыз-Пакистан мамилелеринин жаңы барагын ачып, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө болгон жалпы даярдыкты чагылдырарын айтты. Ал эки өлкө жакынкы жылдары өз ара сооданы 200 млн долларга чейин көбөйтө аларын айтты.

Жолугушууда «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу, Пакистандын Карачи жана Гвадар деңиз портторун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана CASA-1000 аймактык энергетикалык долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү.