"Эркин-Тоо"

«Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун президенти Байгазы Матисаков: “Мамлекет мунайды кайра иштетүү боюнча жаңы деңгээлге чыгат”

Мунайды кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Компания тарыхында ири кирешеге чыгып, тактап айтканда, 305 миллион 497 миң сом таза киреше тапты. Бул сумма 2023-жылга салыштырмалуу 20 миллион 397 миң сомго көп болуп, 2024-жылы нефтини кайра иштетүү көлөмү көбөйгөн. Мисалы, 2023-жылы компания 213 миң тонна чийки мунайды кайра иштетсе, 2024-жылы 220 миң тоннага чыкты.

Ишкананын динамикалуу өнүгүүсү 2021-жылы компания жетекчилигине келген Байгазы Матисаковдун убагынан башталып, жаш, потенциалдуу жетекчинин жигердүү иш жүргүзүүсүнүн жана натыйжалуу башкаруунун жыйынтыгы менен өнүгүү жолуна түшкөн. Анык далил келтирип айтсак, 2020-жылы «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы кирешеге чыкпай, тескерисинче, 47 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Буга чейин экономикалык көрсөткүчтөрү солгундаган компания бүгүнкү күндө өнүгүү жолуна түшүп, кубаттуу өндүрүштүк ишканага айланды. Компаниянын президенти Байгазы Матисаковдун гезитибизге берген маегинде ишканадагы жетишкендиктерге токтолуп, алдыдагы пландары менен бөлүштү. — Мунайды кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому Жалал-Абад шаарындагы эле эмес, өлкөдөгү стратегиялык маанидеги ири ишкана. Компания жетекчилигине келгенимде абал оор болчу. Нефтини кайра иштетүү көлөмү төмөндөп, кирешеге чыккан бул жакта турсун, карызга батып баштаган экен. Компанияны алдыга тартып, кырдаалдан чыгуу үчүн амбициялуу максаттарды коюп, стратегиялык план менен ишти баштадык.

Белгилүү болгондой, «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун 100 пайыз акциясы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна таандык. Биздин биринчи милдет – “Кыргызнефтегаздан” келген чийки нефтини кайра иштетип, мунай продукцияларын чыгаруу. Бизге киреше кызмат көрсөтүүдөн гана түшөт. Башкача айтканда, чийки мунайзатты канчалык көп иштетсек, кирешебиз ошончолук көбөйөт. “Кыргызнефтегаз” ишканасы менен тыгыз иш алып барып, аны менен гана чектелбестен нефти өндүргөн жеке тараптар менен келишим түзүп, чийки мунай заттарды сатып алып, кайра иштетип, кирешебизди көбөйттүк. Ал иштерди жылдан жылга күчөтүп, жыйынтыгында иштеткен нефтинин көлөмү артты. Бир мисал келтирсем, 2020-жылы компания 132 миң тонна нефтини кайра иштетсе, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 220 миң тоннага чыкты.

Албетте, ишибизди илгерилетүү менен кызматкерлерге зарыл шарттарды түзүүнү көңүл сыртында калтырбастан, бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүүдөбүз. Себеби, компаниянын маанилүү ресурсу жумушчулар болгондуктан, жыл сайын алардын эмгек акысын көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруп келебиз. 2020-жылы орточо айлык акы 32 миң сом болсо, 2024-жылдын жыйынтыгы менен орточо айлыкты 68 миң сомго жеткирип, быйылкы жылы да көтөрүүдөбүз. Мындан сырткары, жыл сайын 13-айлыкты үзгүлтүксүз беребиз. Эмгек маянаны көтөрүүгө басым жасаганыбыз, биздин ишкана үчүн кызматкерлердин социалдык-экономикалык жашоосу абдан маанилүү. Жумушчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жергиликтүү калктын чет жакка миграцияга чыкпай өзүбүздө иштеп, өлкөбүзгө салым кошкону биз үчүн чоң жетишкендик. Мамлекетибизде нефти тармагынын да мыкты адистери бар болгондуктан, аларды өзүбүздө иштетүүбүз зарыл.

Бүгүнкү күндө жаш, билимдүү адистер өсүп жатат. Бул багытта “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасы келечекке кесипкөй адистерди тарбиялоодо ролу чоң. Андыктан, ар бир кызматкердин эмгегин туура баалаганга аракет кылабыз. Ошондой эле, ишкана Жалал-Абад шаары боюнча ири суммадагы салык төлөөчү мекеме болгондуктан, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет.

КОМПАНИЯ ДҮЙНӨЛҮК СТАНДАРТКА ЖООП БЕРЕ ТУРГАН КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ӨНДҮРҮҮНҮ КӨЗДӨП ЖАТАТ

— «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому жакынкы мезгил аралыгында дүйнөлүк стандартка жооп берген күйүүчү майларды өндүрүүгө жетишет. Учурда мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо иши кызуу жүрүп жатат. 2024-жылдын 28-сентябрында Президент Садыр Жапаров заводду модернизациялоо долбоорунун мезгил кутусун салган. Алгач жер иштери аткарылып, былтыр жыл аягына чейин 21 миң тонна даяр нефти продукциясы сакталуучу 11 резервуардын пайдубалы курулган, быйыл ошол курулуш жумуштары улантылууда.

Мындан сырткары, 2025-жылга план боюнча 2 даана 2 миң куб газ сакталуучу шаар формасындагы резервуарлар курулат. Ошондой эле, жогорку сапаттагы бензин өндүрүүчү түзүмдүн курулушу жүргүзүлөт. Мунай заводду дүйнөгө белгилүү болгон SPEC ENGINEERING INC (АКШ) компаниясы модернизациялоодо. Адистердин айтымында, курулуп жаткан завод азырынча Борбор Азияда жок, уникалдуу технологияларды камтып, заманбап автоматтык башкаруу системалары болот. Модернизацияга жалпысынан 409 млн 923 миң 871,19 доллар жумшалмакчы. Анын ичинен, 200 млн доллары инвестордун, тактап айтканда учурда модернизация иштерин жүргүзүп жаткан SPEC ENGINEERING INC компаниясы тарабынан каржыланса, 109 млн 923 миң 871,19 долларды мамлекет, ал эми 100 млн доллар каражат «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому тарабынан каралган. Модернизация иштери аяктаса, мунай заводдон дүйнөлүк стандартка жооп берген К-4 жана К-5 сапатындагы АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензин жана дизель өндүрүлүп баштайт. Курулуш иштерин аяктоо мөөнөтү келишим боюнча 2027-жылдын соңуна пландалган. Модернизациялоо — бул жөн гана техникалык жабдууларды жаңыртуу эмес, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган ири инвестиция болуп, мамлекетибиз мунайды кайра иштетүү боюнча жаңы деңгээлге чыгат.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун өндүрүшүнөн үч түрлүү продукция өндүрүлөт. АИ-80 маркасындагы бензин, дизель жана мазут. Заводдун кубаттуулугу жылына 500 миң тонна чийки затты иштетүүгө ылайыкташып, компанияда 220дан ашуун кызматкер эмгектенүүдө.

P.S. Компания президенти кошумчалагандай, ишкананын техникалык базасы толугу менен жаңыланды. Автопарк кошумча унаалар менен толукталып, акыркы 4 жыл ичинде 19 даана ар түрдүү техника алынган. Алар 6 микроавтобус, 8 жеңил унаа, кран-манипулятор жана башка чарбалык иштерди жасай турган атайын техникалар. Унаалардын камсыздалышы менен ишканада транспортко болгон муктаждык чечилген.

Кенже Осмоналиева