"Эркин-Тоо"
№10 2023-жылдын 10-февралы

Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип МАМЫТОВ: «Жашоодо “беш” алуу илимди казгандан дагы кыйын»

Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип МАМЫТОВ

«Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” деген сөз дал ушул Миталип агайга тиешелүүдөй. Адамдагы бардык улуу касиеттерди тулку боюна сиңирген өзгөчө инсан. Канчалык улук болсо, ошончолук кичик. Ар дайым сылыксыпаа мүнөзүнөн жазбайт. Агай менен иш учурунда кездешип, баарлашып кайттык.

— Миталип агай, операция баштоо алдында ырымжырым колдоносузбу?

— Албетте, ырым болот. Биринчиден, операцияга кирээр алдында Кудайымдан жакшы тилек кылып чыгам. Анан “биссимиляхи рахмани рахим” деп дуба кылып, операцияга киришем. Кайра кайрылып кирбей тургандай кылып чыгам. Кокусунан операциялык бөлмөдө телефон же дагы бир башка буюмдарым калып калса, өзүм кирбестен, башка бирөөнү жиберем. Бул жерде адам өмүрү жеке менин мойнумда турат. Жоопкерчиликти жогору коюп, ырым-жырымдарды бекем кармайм. Мага кандайдыр бир күчкө болгон ишеним күчтүү таасир этет. Ошол үчүн ар бир ишти кылдаттык менен жаңылбай жасайм.

— Адамдын мээсин сүрөттөп берсеңиз?

— Адамдын мээси кадимки эле жаңгак сыктуу. Мээнин да эки жарым шаарчасы болот. Андан кийин кара куш мээ жайгашкан. Жаңгакта кара куш мээ көрүнбөйт. Жаңгактын тышкы көрүнүшү кандай болсо, мээ дал ошондой болот. Албеттте, жаңгактын көлөмү кичине, мээ болсо чоң. Ички түзүлүшү абдан татаал. Сүрөттөп берүү кыйын. Аны канча кылымдардан бери окумуштуулар изилдеп келе жатышат. Түбүнө эч ким жете элек. Табышмактуу, түшүнүксүз болгондуктан, али күнчө көпчүлүк жагдайлары изилденип бүтпөй келе жатат. Мээнин сырларынын ачылышы алдыда. Бирок, өткөн убакыт ичинде көп нерсе жасалды. Мээ жөнүндө айта берсек сөздүн учугу улана берет. Ошол үчүн мээ өзүнүн татаалдыгы менен өзгөчөлөнөт.

— Мээнин шишиги эмнеден улам пайда болот?

— Себебин айтыш кыйын. Азырынча дүйнө боюнча эч ким билбейт. Тукум куучулук, тубаса, радиациядан улам пайда болуп калышы мүмкүн. Теориялар бар болгону менен, анын мээге тиешеси азыраак.

— Бул дарт мурда эле көп кездешчү беле же кийинки учурда гана арбып кеттиби?

— Мурда эле азыркыдай көп болгон. Кийинки учурда адамдардын ден соолугуна болгон мамилеси өзгөрдү. Докторлордун билими, жөндөмү жогорулады. Дартты аныктаган аппараттар болгондугу үчүн оору билинип калды. Мурда өз илдетин билбей эле аркы дүйнөгө кете беришкен.

— Дарт томографияда көрсөтүлгөндөй болобу же күтүлбөгөн жагдайлар да чыгып калабы?

— Күтүлбөгөн жагдай көп болот. Шишик баштын сыртынан жана томографиялык сүрөттө көрүнгөнү менен, ачкандан кийин жок болуп чыгат. Көзгө көрүнбөйт, колго илинбейт. Бирок, аппарат аны көргөзүп коёт. Жүздөн бири гана көрүнүп турбаса, көпчүлүгү көрүнбөгөнү менен татаал болот. Мээни ачып ошол жакка барып, издеш керек. Жумшактыгы, түсү боюнча мээден айырмаланбаган жагдайлар да көп учурайт. Мына ушул учур абдан кыйын. Себеби, шишикти алып жатабызбы же башканыбы, бүттүкпү же бүтпөдүкпү билинбей кала берет. Убакыт өткөндөн кийин кайра томографияга түшсө, көрүнүп калат.

— Миталип агай, жалаң “беш” деген баага окуп, ушул кезге чейин илимдин адамы болуп, академикке чейин жеттиңиз. Жашоодо да “беш” деген баа алыш үчүн кандай аракеттерди көрдүңүз?

— Чындыгында эле мектепте “эң жакшы” деген баага окугандыгым үчүн үч жолу сыйлык алгам. Адегенде 4-класста окуп жүргөнүмдө үч кир самын менен сыйлашкан. Ал кир самын битти өлтүрүүчү каражат эле. Ошол кезде биттеп жүрсөм керек. 7-класста болсо үч метр кездеме менен сыйлашкан. Ал учурда жыртык шым менен мектепке барып жүргөм. Андан кийин 9-класста Лев Толстойдун, Аалы Токомбаевдин, Түгөлбай Сыдыкбековдун китептери менен сыйлангам.

Мектепти бүткөндөн кийин үйдөн алыс жактан окуш кыйын болду. Ошондуктан, жакын жердеги медициналык училищага кирип, жалаң “5”ке окудум. Ал окуу жайды аяктап жатып акыркы экзамен берген күнү дароо дипломумду колума карматышты. Анткени, борбордогу медициналык институтка кабыл алуу аяктап жатыптыр. Ал жактан да бир да “4” деген баа алган эмесмин.

Эң жакшы окуганым үчүн мамлекеттик стипендияга жетиштим. Ал убакта стипендия 24 рубль болсо, дарыгерлердин айлыгы 60 рубль болчу. Мен 4-курстан баштап 72 рубль стипендия алдым.

Ушунча жыл билимди, илимди казып окуу оңой экен. Бирок, жашоодо “беш” алуу андан да кыйын болот. Ошондой болсо да жашоонун кыйынчылыгын жеңип, “беш” деген баага татыктуу жолду басып келе жатам. Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик болдум. Көптөгөн эл аралык абройлуу сыйлыктарга жетиштим. Негизгиси элимдин мага болгон сый-урматы баарынан баалуу деп эсептейм.

— Адам үчүн жүрөк менен мээнин орду тууралуу кызыктуу айтып берген жайыңыз бар. Азыр да ошол ойдосузбу?

— Мурда мээни биринчи орунга койчу элем. Кийин убакыт өткөнү улуу адамдар менен баарлашып, баарына баам салып жүрөккө биринчи орунду берип жатам. Мындан бир топ жыл мурун Опера жана балет театрында аттуу-баштуу адамдар катышкан чоң жыйын болуп калды. Академик, кардиолог Мирсаид Миррахимов чыгып сөз сүйлөдү. Андан кийинки сөздүн кезеги мага берилди. Сүйлөп жатсам, кокусунан Мирсаид Мирхамидович: “Сиз кандай ойлойсуз, мээ биринчи орундабы же жүрөкпү?” деп суроо салып калды. Мен сөзүмдү андан ары улантып жатып: “Мирсаид Миррахимович, эгерде адамга каармандык күч керек болсо, биринчи орунга жүрөктү коюш керек. Эгерде жакшы ойду айтуу керек болсо, анда мээ биринчи орунда. Ал эми адам катуу сүйүп кала турган болсо, экөө бирдей керек” деп жооп бергем. Кийин акырындап өз оюмду өзгөрттүм. Азыр жүрөк биринчи орунда тургандай сезилет. Себеби, акыл деген адаштырат. Орустар бекеринен “Горе от ума” деп айтпайт да. Мээ – эс алат, кээде начар иштеп калат. Жүрөк эч качан тынбайт, эч качан адашпайт. Аны уксам адашпай туура жолдо жүргөн болом. Мээ кээде алдап коюшу мүмкүн. А жүрөк эч качан жаманчылыкка барбайт.

Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы