Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында иш алып барат. Биз Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен өлкөдөгү балдарга байланышкан айрым маселелер тууралуу маектештик.
— Асел Рыспековна, өлкөдө балдарга байланыштуу негизги көйгөйлөр кайсылар?
— Алгач балдар тууралуу маалыматтан баштагым келип турат. Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 млн 692 миңден ашык бала бар. Анын жарымынан көбү (51,4%) эркек балдар, 48,6%ын кыздар түзөт. Ата-энесинин багуусунан ажыраган 18 жашка чейинки курактагы 3,4 миң бала болсо анын ичинде 668и томолой жетимдер болуп эсептелет. Негизги көйгөйлөр – балдардын сапаттуу билимге жетүүсүн камсыз кылуу, алардын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана саламаттыгын коргоо болуп саналат. Бардык балдар бактылуу чоңоюшу абзел. Бул үчүн бирдиктүү аракеттер керек. Мамлекет, коом, ата-эне биргеликте иш алып барышса натыйжа болорун баса белгилегим келет.
— Сиз жетектеген балдар укугу боюнча Катчылык негизинен кандай иштерди демилгелеп, ишке ашырып жатат?
— Катчылык балдарга байланышкан маселелерди чечүүгө, балдардын укуктарын бузуу фактыларын алдын алуу, укуктук жааттагы эл аралык стандарттарды илгерилетүү багытындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздайт. Жүргүзүп жаткан иштерибиздин арасында Кыргыз Республикасы БУУнун Балдар укуктары боюнча Конвенциясын ратификациялагандан бери 30 жыл ичинде алгачкы жолу 2025-жылы БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин сунуштарын ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгып бекитти. Бул стратегиялык маанидеги документ 8 артыкчылыктуу багытты камтып, мамлекеттик органдар, эксперттер, эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен кеңири диалогдун негизинде түзүлдү. Эң негизгиси кеңешүүлөрдө балдардын өздөрүнүн да ойлору эске алынып, алар да бул процесске активдүү катышышты. Биз аткарып жаткан иштердин ичинде «Өкмөттүк акселераторлор» программасын белгилегим келет. Программанын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларды түзүү долбоору ишке ашып, өлкө боюнча 276 жеке менчик үй тибинде бала бакчалар иштеп жатат. Үй тибинде бала бакча ачуу үчүн эрежелери кыйла жеңилдеген. Анализ кылганда көбүнчө аял кишилер бул багытты тандашып, жаңы бакчаларды ачууга кызыгуулары байкалууда. Башкы максат – мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган натыйжалуу жана туруктуу модель түзүү болуп саналат. Жакында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен бирге 9-11-класстардын окуучулары арасында эмгек укуктары боюнча окутуу өнөктүгү республиканын 9 шаарындагы 63 мектепти жана 6150 окуучуну камтыган ачык сабактар менен коштолду. Мында ачык талкуулар болду, бир катар сунуштар айтылды.
— Айрым учурларда билим берүү мекемелеринде окуучулар арасында буллинг (үстөмдүк кылуу, коркутуу) көйгөйлөрү орун алып, анын кесепетинен өлүм менен аяктаган учурлар кездешүүдө. Мындай көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн кандай чараларды колдонуу керек деп ойлойсуз?
— Алдын алуу үчүн комплекстүү мамиле жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү талап кылынат. Мектеп – балдар өздөрүн корголгон жана түшүнүүнү сезген жер болушу абзел. Балдар өз көйгөйлөрүн ачык айтуусу да маанилүү. Мындай окуяларга жөн гана реакция кылбастан, алардын себептерин терең талдап чыгуу жана келечекте мындай учурлардын алдын алуу биздин түздөн-түз милдетибиз. Ушул контекстте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын январында 550 жаңы социалдык кызматкердин штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө Жарлыгы чыккан. Бул маанилүү кадам жалпы Кыргызстан боюнча балдардын бакубатчылыгын көздөп, аларды коргоого алууга бекем умтулуусуна багытталат. Бул социалдык кызматкерлер балдар үчүн мүмкүн болгон коркунучтарды аныктоо жана алдын алуу, ошондой эле кыйынчылыктарга дуушар болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча негизги ролду аткарышат. Бирок, дагы бир жолу белгилеп кетким келет, баланын өмүрү, ден соолугу жана жыргалчылыгы үчүн башкы жоопкерчилик ата-энелердин мойнунда. Ата-энелер өз баласын эң жакшы билишет, анын муктаждыктарын түшүнүшөт. Жүрүм-турумундагы же эмоционалдык абалындагы өзгөрүүлөрдү байкай алышат. Андыктан ата-энелер өз балдарынын жашоосуна активдүү катышуусу, ачык баарлашуу жүргүзүүсү жана алардын көйгөйлөрүнө көңүл бурушу абдан маанилүү. Мен билгени, Ички иштер министрлиги балдарды зомбулуктан коргоо боюнча Концепциянын алкагында алдын алуу иш-аракеттерин жүргүзүп жатат. Бул иш-чараларга мектеп инспекторлорунун ишин күчөтүү, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу механизмдерин жакшыртуу жана иштин санариптик көзөмөлүн киргизүү кирет. Алдын алуу – бул жөн гана жазалоо эмес, бул – тобокелдиктерди эрте аныктоо жана өз учурунда кийлигишүү. Биз балдар үчүн коопсуз жана колдоочу коом түзүүнү кааласак, ал үчүн бардык тараптар биргеликте иш алып баруусу зарыл. Ошондо гана ар бир бала коркпой эркин өнүгүп, өз потенциалын толук ишке ашырууга шарт түзүлгөн коомдо жашай алат. Биздин милдет – зомбулукка кабылган мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын коргоо тутумун жакшыртуу.
— Өлкөдө билим берүү секторун жакшыртуу аракеттери көрүлүүдө. Бул багытта мектепке чейинки билим берүүгө ваучердик системаны киргизүү демилгеленип келет, бул долбоор кантип ишке ашат жана ал эмне натыйжа берет?
— Бул система калктын социалдык аялуу катмарындагы үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорундагы жарандарга, жетүүгө кыйын райондорунда жашаган балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камтууну көбөйтүүгө багытталган. Бул максатта пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн Министрлер Кабинетинин 2024-жылы №693 токтому чыккан. Анын алкагында I этап — 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин; II этап — 2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 1-сентябрына чейин камтуу каралган. Ваучер – бул балага берилген мамлекет кепилдеген минималдуу каржылоо. Бул программага 1 жаштан 6 жашка чейинки мектепке чейинки даярдоо программалары боюнча окуган көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, майыптыгы боюнча ай сайын социалдык жөлөк пул алгандар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Долбоордун башкы максаты – мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн арасында атаандаштыкты стимулдаштыруу, сапатты арттыруу.
— Балдардын мыкты инсан болушуна кайсы факторлор көбүрөөк себеп болот деп ойлойсуз?
— Бул жерде ар түрдүү факторлор орун алышы мүмкүн. Биздин коомдо зээндүү, умтулуулары өзгөчө, ийгиликке эртелеп кам көргөн балдар катарыбызда арбын. Мамлекет башчысы Садыр
Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» атайын Жарлыгы чыккан. Жарлыктын максаты – үй-бүлөлүк институтту бекемдөө, балдардын ден соолугун жана моралдык тарбиясын өркүндөтүү иштери каралган. Мыкты инсандын башаты үй-бүлөдө жана баланын зээндүүлүк сапаты таасир берет дээр элем. Ошондой эле Президенттин тапшырмасына ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында балдар контентин өнүктүрүү максатында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгынын демилгеси жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы «Сен мыктысың» балдар телекөрсөтүүсүнүн Концепциясынын долбоорун иштеп чыгып, 2022-жылдан тартып ишке ашырылып келет. 3 жыл ичинде 2500дөй бала тандоо туруна катышып, алардын ичинен мыкты деп тандалган 200дөн ашык таланттуу балдар Президентибиздин белектерине ээ болушуп, «Сен мыктысың!» долбооруна тартылышты. Бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, коомдоогу тең укуктуулукту камсыздоого багытталган.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы