Кыргызстан жана Беларусь өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык, аткарылган иштер, ал жактагы мекендештер тууралуу Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен маек.
— Эрбол Абдыкадырович, маегибизди Кыргызстан – Беларусь өлкөлөр ортосундагы кызматташтыгы боюнча маалыматтарыңыз менен баштасак…
— Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 21-январында түптөлгөн. Эки өлкө элдеринин маданий-тарыхый жалпылыкка негизделген көп кылымдык достук байланышы бар. Бүгүнкү күндө эки республиканын ортосунда 50гө жакын эки тараптуу эл аралык келишимдерге жана документтерге кол коюлган. Ушул отуз жылдан ашып бараткан мезгилде мамлекет башчыларынын, өкмөт жана парламент жетекчилеринин иш сапарлары, бизнес-форумдар, илимий конференциялар сындуу олуттуу иш-чаралар менен камтылган. Мисал катары өткөн жылдын ноябрь айындагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Минск шаарында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуусун, анын алкагында Беларусь Республикасынын Президенти А.Г.Лукашенко менен бейформал жолугушууларын, парламент төрөгаларынын расмий иш сапарларын, тараптардын бир катар кол коюлган макулдашууларын белгилөөгө болот. Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жаатын айтсам, учурда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясы иш алып барууда.
— Ушу тапта Беларусь өлкөсүндө канча мекендешибиз бар? Миграцияда жана бул өлкөдө окуп жатышкан мекендештерибиз түйшөлгөн кандай маселелери менен элчиликтен жардам алууга кайрылышат?
— Үстүбүздөгү жылдын 28-майына карата биздин Элчиликтин “Консулдук эсеп” автоматтык-маалымат системасында Кыргызстандын 157 жараны катталган. Ал эми бул өлкөнүн Миграция жана жарандык департаменти республика айымагында азыркы учурда болжол менен 850-900гө жакын кыргызстандык катталган деп билдирип келет. Бирок алар кандайдыр бир себептерден улам, биздин Элчиликтин Консулдук эсебине катталышкан эмес. Негизи Кыргызстандын жарандары кандайдыр бир мамлекеттик кызматка муктаж болгон учурда гана бизге кайрылып, “Консулдук эсеп” автоматтык-маалыматтык системасына катталуунун зарылчылыгын ошондо гана түшүнүп катталышат. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, пандемия убагында бардык чек аралар жабылганда элчиликтин жардамы менен 3 ирет жарандарыбызды эвакуациялаганбыз. Ошондо Беларустагы мекендештерибиз боюнча маалыматтар такталып, “Консулдук эсеп” автоматтык-маалыматтык системасы аркылуу тизмеге түшүрүлгөн. Жыйынтыгында көптөгөн жарандарыбыз бар экени анык болду. Элчилик маданий-гуманитардык жааттагы кызматташууну жандандырууда. Андан сырткары, бул өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуп жаткан кыргызстандыктар боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстан менен Беларусь Өкмөттөрүнүн ортосундагы билим, илим тармагындагы кызматташуу жөнүндө келишимдин негизинде жыл сайын кыргызстандыктар үчүн даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун бардык деңгээлдери үчүн окуу программалары бар. Беларусь Республикасынын алдыңкы мамлекеттик жогорку окуу жайлары болуп саналган Улуттук техникалык университетте жана Баранович мамлекеттик университетинде мекендештерибиз билим алышууда. Беларусь Республикасынын окуу жайларында жалпы 25 студентибиз бар. Алар кесиптик жана техникалык орто билим берүү тармагында, жогорку окуу жайларында окуп жатышат.
— Эки өлкө ортосунда экономикалык алака, инвестиция тартуу багытында абал кандай?
— Жалпысынан, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүдө олуттуу оң динамика бар. Кыргызстандын товарларынын жалпы экспортунда Беларусь 7-орунга жетти. Өз ара соода алакасында терс сальдо кыскаргандыгын белгилей кетсем болот. Жыл башында Беларусь менен товар жүгүртүү 11,2 миллион долларды түздү. Мунун ичинде экспорт 2,9 млн доллар болду. Алдыда жеңил өнөр жай тармагындагы продукцияларыбызды Беларусь рыногуна жеткирүү маселелери да талкууланууда. Сыймыктанып айта турган нерсе, бүгүнкү күндө Кыргызстандан чыккан радиаторлор Беларустун дээрлик бардык тракторлорунда кездешет.
Бул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстан менен Беларустун ортосунда өнүктүрүү институтун түзүү маселеси да каралууда.
— Эки мамлекет ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү жогорулаганын белгилеп өттүңүз, тагыраагы соода жүгүртүүдө кайсы продукцияга суроо-талап жогору болуп жатат?
— Бүгүнкү күндө Беларустан Кыргызстанга транспорт каражаттарынын тетиктери, электр трансформаторлору, пластмасса буюмдары, трикотаж жана текстиль буюмдары, бут кийимдер, пияз, пахта, кабыгынан тазаланган буурчак, малдын эти, кургатылган жемиштер, макарон ж.б. экспорттолот. Ал эми бизден Белеруска эт азыктары, кант жана кондитердик азыктар, жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдар, фармацевтикалык буюмдар, самын жана жуучу каражаттар, пластмассадан жасалган буюмдар, резина жана резина буюмдары, жер үстүндөгү транспорт каражаттары жана алардын тетиктери, ар кандай электр аппараттары, жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр, кийим-кече, эмерек, ар кандай аспаптар жана аппараттар, кагаз буюмдары, керамика буюмдары ж.б. импорттолот. Беларусь азыр экономика жаатында Россия, Кытай жана Азия өлкөлөрү менен инвестиция тартуу боюнча активдүү иш алып барууда. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын экономикасына белорусь инвестицияларын тартуу маселесин Беларуста бар технологияларды жана товарларды пайдалануу аркылуу биргелешкен ишканаларды уюштуруу жолу менен гана каралышы мүмкүн экенин белгилегим келет. Бул багытта эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн мамилелерин жылдыруу боюнча иш жүрүп жатат. Быйыл апрель айында элчилик “Беллегпром” концернинин төрагасы Т.А. Лугина башында турган Беларустун жеңил өнөр жайынын өкүлдөрүнөн (8 ири ишкананын өкүлдөрү) турган чоң делегацияны Кыргызстанга алып келдик. Быйыл болсо Кыргызстандан Беларуска эки бизнес делегациянын келиши күтүлүүдө. Июнь-июль айларында Беларустан ири айти-компаниянын негиздөөчүсү жана анын кызматкерлердин Кыргызстанга сапарын уюштуруп жатабыз. Бир катар долбоорлору бар. Биздин бир топ министрликтердин жетекчилери менен жолугушууларды макулдаштык.
Мындан тышкары инвесторлор менен иш алып барып, элчиликтин имаратын капиталдык оңдоо иштерин баштаганбыз. Имаратыбыз 1956-жылы курулуп, Кыргызстандын Элчилиги катары 1995-жылдан бери иштеп келет. Биринчи жолу Элчиликтин материалдык-техникалык базасы менен таанышканда, абдан таң калып, капа болдум. Негизи Элчилик – бул өлкөнүн жүзү. Дипломатиялык имараттын ремонтун инвесторлордун эсебинен элчиликтеги расмий жолугушууларды, жыйындарды өткөрүү, конокторду тосуу залдарын, улуттук стилде оңдоо түзөө иштерин бүтүрдүк. Мамлекеттик бюджетке эч кандай күч келтирген жокпуз.
— Май айынын башында Минск шаарындагы №11 орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды, эстелиги да тургузулду. Бул иштер кандай ишке ашты, чыгымдарын ким көтөрдү?
— Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиев атабызга эстелик 2005-жылы Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен орнотулган экен. Совет доорунда Минск шаарындагы жаңы көчөлөрдүн бирине да Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылыптыр. Буга байланыштуу шаар бийлигинин колдоосу менен Асаналиев көчөсүнө эстелик орнотуу чечими кабыл алынган. Биздин баатырдын коло бюсту Кыргызстанда жасалып, Минск шаардык аткаруу комитети постаментке жардам берген. Ал эми эстелик орнотулган жер Минск шаарынын Октябрь райондук администрациясы тарабынан даярдалган. Ошентип Жумаш Асаналиевдин эстелигин орнотууга эки тарап тең катышкан деп айтсак туура болот. Ал эми Минск шаарындагы №11 орто мектеп боюнча айтсам, былтыр тийиштүү иштер жүргүзүлүп, мектептин жамаатынын колдоосу менен 2023-жылдын аягында Минск шаардык бийлигинин расмий чечими чыккан. Жергиликтүү бийлик органдары жана мектептин жетекчилиги менен макулдашып, расмий иш-чараны Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүүнү сүйлөшкөнбүз. Мектеп эстелик тактасын даярдап, салтанаттуу иш-чараны 7-майда өткөрдүк. Анда эстелик тактасы ачылып, мектеп окуучулары тарабынан майрамдык концерт тартууланды. Учурдан пайдаланып дагы бир ирет Минск шаарынын, Октябрь районунун жана 11-мектептин жетекчилери менен эмгек жамааттарына ыраазычылык билдире кетейин. Бул маанилүү иш-чаранын колдоосу абдан жакшы болду. Буюрса, алдыбызда маданий-гуманитардык жаатта жакшы пландарыбыз бар. Аны менен катар Беларусь эли улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын абдан жакшы көрүшөт жана анын чыгармачылыгына астейдил, сый-урмат менен мамиле кылышат. Мындан улам, Минск шаарындагы парктардын бирине улуу жазуучубуздун ысымы ыйгарылганын белгилегим келет. Быйыл биринчи жолу Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн Беларусь Республикасында өткөрүү пландаштырылууда.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы