Байма Сутенова – кыргыз коомчулугунун маданий жана социалдык турмушунда терең из калтырган, өзгөчө инсан. Ал өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгү аркылуу улуттун руханий дөөлөттөрүн, коомдогу жаратмандыкты даңазалап, калың журтка бүгүнкү коомдогу ак-караны так иргеп, өз доорун адашпай таанууга салым кошуп келет. Байма Сутенованын коомдогу орду – аялзаты эрки, билими, акылы жана руханий дөөлөттөрү менен канчалык бийиктикке жете аларын далилдеген чыныгы мисал. Коомдук биримдикти бекемдөөчү, жаш муундарды шыктандырган, заманбап Кыргызстанды калыптандырууга умтулган күчтүү инсандын ар бир сөзү мазмундуу. Кыргыз Республикасынын “Даңк” орденинин ээси, жазуучу, публицист Байма Сутенова менен маектешип, турмуштун тайгак ашуу, тар кечүүсүнөн муңбай, дайыма бир калыпта жигердүү, кайратынан жазбай эл кызматын аркалап келе жаткан акыл-парасаты бийик инсандын турмушка, өмүргө болгон көз карашын, кызыктуу ой‑толгоосун гезитибизге жарыялоону туура көрдүк.
МЕН ЭМНЕНИ ЖАЗГЫМ КЕЛЕТ?
Көп нерсе жаштыкка байланыштуу болот экен, жаш кезде курч болот экенсиң. Баарын жазат экенсиң. Жаш өткөн сайын, сен ошол кезде “курч” деп ойлогон нерсенин баарынын табы кете баштайт экен. Анан турмушту кененирээк түшүнүп, канчалык терең түшүнгөн сайын көп нерсени жазуунун кажети жок экендигин билет экенсиң. Эч нерсени билбей, биле элек, “кызылдай жинди” болуп турган учурлар аябай жакшы экен… Карасаң, бардык эле акын-жазуучулар ошондой куракта жазып алышат да. Бирок азыр, коомго пайда келтире турган, үлгү боло турган бир нерсе жазгым келет. Кээде тарыхты, тарыхка байланышкан нерселерди жазгым келет. Тарыхый сериалдарды жазгым келет… Ушул аркылуу элди өз нугуна, өз башатына буруп кетебизби деген ойлор келет. Мен өзү негизи жазуучумун. Бирок журналистика ушундай, бир аз да болсо калем кармап, керектүү материалдарды жазып, иш процессинин ичинде эле ичиңдеги букту чыгарып алат экенсиң. Адамдын көкүрөгү бошой түшөт. Эгерде мен журналистикада болбой, башка кызматта болгонумда, балким, чындап толук кандуу жазуучулукту аркалайт элем.
АДАМДЫ ДАЙЫМА МАСШТАБ АЛЫП ЖҮРӨТ
Биз адамдын табиятында болгон нерселерди терең түшүнүшүбүз керек. Биздин, адамдын табиятында бардыгы бар. Ошол нерселердин ойгоноор учуру болот да. Адамдын табиятын жаап, жымсалдап кете турган нерселер аябай көп. Бир эле нерсени мисал келтирейин, адам жакшы жашап жүргөндө абдан кең пейил, кенен, ак ниет болот. Ошол эле адамга кыйынчылык келип калса чыныгы жүзү ачылат. Азыр биздин коом ошондой абалда болуп турат. Баарыбыз эле жакшынакай жүргөнбүз, анан эле замандын, коомдун балким доордун алмашуусу менен адамдардын кайсы бир катмары жогору чыгып кетти, а башка бир катмары таптакыр ылдый жакта калып калды. Ылдыйкы катмарда калып калган адамдардын жада калса алдыда көрө турган келечектүү пландары да жок, алдыда ага эч нерсе көрүнбөйт… Качан адам баласы келечекти көрбөй калганда, өзүнүн айланасына гана ыңгайлашат. Бир гана керт башынын кызыкчылыгынын, кайгысынын, кумарынын, кекиртегинин кулу болуп калганда, жанагы уурулуктар, мыкаачылыктар, педофилия сыяктуу үрөй учурган көрүнүштөр пайда болуп жатат. Биз мисалы, тынымсыз эмгектенүү, изденүүдөн улам аң-сезимдик деңгээлде жогору чыгып кетип жатабыз да, ой жүгүртүү масштабы чоң болуп. Адамды дайыма масштаб алып жүрөт. Ошол нерсе бизди өйдө чыгарып ийип атат. А ылдый түшүп кетиш бир заматта, буга эч ким кепилдик бере албайт. Орусча айтканда “Никто не застрахован”.
КООМ БИЗДИ БИЛГИЗБЕЙ ЭЛЕ АЛАКАНЫНА САЛЫП ТАРБИЯЛАП АЛГАН
Жанагы, жактырбай жүрүшпөйбү, “Кызга кырк үйдөн тыюу” десе, бизди коом багып, карап, бүтүндөй айыл эли тарбиялап чоңойтту да. Жакшы нерсеңди аябай мактап, “Ай, жакшы окуп жатасыңбы, ушу сенден бирдеме чыгат” деп, кемчилигибизди көрсө акырын аны да айтып… Анан үйдөгүлөр айыл ичиндеги тиги аксакалды мактап, бул эжекени үлгү катары көрсөтүп, аларды угуп, көрүп атып эле өзүңдөн-өзүң түз басасың, түз жүрөсүң. Коом сени билгизбей эле алаканына салып тарбиялап алчу. Ошол нерсе бизден шак эле кетип калды. Азыр адамдар кошунасынын үйүндө чуу чыкса кубанып турушат. Баягыдай жалпы алаканга салып турган баалуулуктар жок болуп калды. Коомдун багуусу, коомдун сени баалоосу жоголуп кетти. Кийинчерээк адамдар жамандыкта эмес, жакшылыкта саналып калды. Жакшылыкка барбай коюшат, жакшылыкты көрө алышпайт. Ошол бир өткөөл кезде коомдун экинчи тарабында дагы бир нерсе башталды. Байып кеткендерде мактаныч башталды, үйү менен, машинеси менен, балдары менен. Бериде карап тургандар түпкүлүгүндө бир нерсе туура эмес болуп жаткандыгын билет… Анан адамдарга ой кетет, “аа демек, арам нерсе деле адамга жуга берет турбайбы” деген. Көз көрүнөө паракорчулук же кандайдыр бир туура эмес, арам жолдор менен байып аткан адамдарды көрүп туруп, алардын тапкан акчасы арам болгонуна карабай, эч нерсе болбой эле, ошолордун иши жүрүшүп, балдары окуп, үйү салынып жатканын көрүп туруп, карапайым адамдардын ындыны өчөт. Алар билет, бир нерсени колуна кармап айта алышпайт, бирок билет да, коомдо кайсы бир нерсе туура эмес жүрүп жатат, арам иштер көбүрөөк болуп жатат, аны айтып чыгууга далили жок, алы келбейт, ошентип ичтеринде терең нааразычылык келип чыгат. А нааразычылыгы келип эле адамдын өз тагдырына таасир этет. “Ага эмне үчүн болот, мага эмне үчүн болбойт” деген өчөшүү менен балким, ал да уурдап көрөт. Бирок ал сөзсүз кармалат… Экинчиден, баягы, коом өйдө-төмөн болгон учурда эркектерге кыйын болду. Биз ал-бул дегенибиз менен, баарыбир үй-бүлөнү багуудагы негизги жоопкерчилик илгертен эркектердин мойнунда болуп келген. Коомдо кескин өзгөрүүлөр жүргөн учурда эркектерге кыйын эле болду. Баарыбир эркек да, намыстанат. Үй-бүлөнү багайын дейт, балдарын багайын дейт, бирок, эч мүмкүнчүлүк таппай калган учурда бул эркектер дегениң батырак сынат экен. Анан ичкиликке кетишти, өйдө-төмөнгө кетишти, өз намысын унуткандары акчалуу аялдарга оой баштады.
ГЕНДЕРДИК МАСЕЛЕГЕ КЕЛСЕК…
Мен илгери гендердик бир долбоор менен иштеп, тренингге катышып, бир маселеге келгенде, туура экен деп ойлоп калдым. Себеби, эсиңерде болсо, биз кыздар 1993-95-жылдары жерге ээ болбодукпу. Биздин ата-энебиз биздин үлүшүбүздү алышты. Кыздарга берилген үлүш кыздарга өтпөй калды. Бул биздин, кыздардын материалдык жана капиталдык базабыздын түбү болчу. Аны эч ким тартып алган деле жок, мыйзам боюнча ал жер кызда. Ошол кыз эртедир-кечтир мамлекеттик кызматка орношсо, декларациясынан деле чыгат. Бирок, ата-эне ошону кызга айтып коюш керек да, кызым мобу жер сеники деп. Гендердик маселенин ушул учуруна мен ынандым. Себеп дегенде ошол кыздар турмуштан жолу болбой, ажырашып келип калган учурлары деле болушу мүмкүн, анан алар ата-эненин үйүнө батпайт, бир тууганга батпайт. Мына ошондой учурда, биринчи кезектеги капиталдык базасы — анын мамлекет тарабынан берилген жер үлүшү. Демек, бул мамлекет тарабынан кепилдикке алынган маселе. Экинчи бир жагынан алып караганда, акыркы мезгилде тикток, ютуб сыяктуу социалдык тармактарда келиндин жашоосуна байланышкан окшош сөздөр, видеороликтер көбөйүп кетти. Карасаң баары эле “келин байкуш, күндө конок тосуп, чарчап атат, анын кайненеси жаман, күйөөсү жаман” деген сыяктуу окуялар. Эми бул деле аша чапкандык. Азыр антип адамдын жанын кыйнап ийчү деле жумуш жок, конок деле сейрек келет. Келин байкуш дей берип, биз ошол түшүнүктү келиндердин аң сезимине сиңирип жатабыз. Анан азыр, коом акырындап келиндерди аямыш этип “бала бул – кубаныч эмес, бала сенин убактыңды алат, ден соолугуңду алат, жаштыгыңды алат, сени депрессиядан чыгарыш керек кокуй” деген түшүнүктөргө жетелеп бараткансыйт. А биздин учурда, жашоо-шарт азыркыдан бир топ жөнөкөй, ыңгайлуу эмес учурда деле төрт-беш баланы апасы депрессия болбой-этпей эле багып-чоңойтуп, тарбия берип жетишчү. Дагы бир нерсени айтсам, беш сом тапса да, эркектин тапканында кандайдыр бир береке бар.
КАРЫЛЫКТАН КОРККОМ…
Мен УТРКга жаңыдан орун басар болуп келгенимде, бул жерде кызматкерлерди иштен кыскартуу жүрдү. Абдан чоң кыскартуулар болду. Мен ошондо кары кишилерди, кары дегенде кандай, азыркы менин жашымдагы эле кишилерди көрдүм да, алар дүңүнөн кыскарууга кетишти. Жөн эле чөп чапкандай кетишти. Алардын пенсиясы ошол кезде алты жүз, жети жүз сом эле болчу, ошол пенсия менен кетти. Мен ошолордун көздөрүндөгү коркунучту, чөнтөгүнүн жукалыгын, анан кийген кийимдерин көрүп аябай коркком. Аябай коркком. Азыр деле үйдөгү балдарга айта берем, “балдар азыр мен иштеп жатам, мен иштебей калган учур келет, ошол учурда менин кийимим таза болсун, бут кийимим таза болсун” дейм. Кедей болуп калгандан, мусаапыр болуп калгандан коркком мен ошондо. Мага карылык деген нерсе ошондой ассоциация менен көрүнгөн… Кийин байкасам, мамлекеттик кызматта иштегендердин баары эле ошондой экен да, мына азыр да күнүмдүк тапканыбыз күндө короп жаткандай эле сөз.
БИЗДИ ТОЙЛОР САКТАП КАЛДЫ
Өйдө-төмөн дегенибиз менен, айта кетчү бир нерсе бар. Мен философ Жумагул Сааданбековдун пикирине абдан кошулам. Театр, опера-балет сыяктуу маданий агартуу жайлары жабылган учурда, жакшы кино чыкпай калган жылдарда бизди эмне алып калды? Бизди тойлор алып калды. Биз ошол театрга кийчү жакшы көйнөгүбүздү, чач жасалгабызды жасап алып тойлорго бардык. Баарлаша турган аянтчабыз тойлор болду. Бизге бир жаркыраган кооз, күнүмдүк турмуштан өзгөчөлөнгөн жашоо керек болгон учурда, биз тойлордон кезиктик. Кубандык. Бара-бара убакыт өтүп, азыр эми тойлор ошондогудай болбой, кунарын жоготуп, элдер ырчыларга деле, тамадаларга деле мурдагыдай баш-оту менен тартылбай, жан дүйнөсүнө жаңылык издеп турган учуру. Мисалы азыр, кыргыз драма театрынын иши кандай сонун болуп жатат, опера-балеттер кандай сонун өтүп жатат. Маданий жайларда эл толтура. Өзү ушундай экен да, а биз бир нерсенин жыйынтыгын батырак эле көргүбүз келип, тезирээк ийге салып жибергибиз келет экен. А чынында ар бир нерсенин өзүнүн өнүгүү процесси бар. Азыр биздин коом руханий, маданий өсүш жолунда эле эмес, илим-билимин да өркүндөтүү жолунда экендигин белгилеп айта алам.
АЗЫР МАДАНИЙ, РУХАНИЙ АГАРУУ ЖОЛУНДАБЫЗ
Биз саат сайын агаруу жагына бара жатабыз. Негизи агартуу процесси бир ордунда эле тура бербейт да. Бул процессте кээде жогорулоо, кээде төмөндөө болот. Бир жылдар болот, элдер майрамды майрамдай тосуп, коом өзү гүлдөп, жакшы нерселерди өткөрүп турган. Бир учур болот, баары артка кетип, төмөндөгөн. Биз көпчүлүк учурда ошол баалуулуктардын кулоо, пассивдешүү мезгилин эле эске алып калып жатабыз. А өйдө көтөрүлүү, керек болсо ошол көтөрүлүп бараткан учурдун өзү деле жакшы да. Азыр руханий агарууга бардык шарт, мүмкүнчүлүк бар. Ар бирибиздин колубузда интернет, каалаган темада изденүүгө болот. Башканы кой, ушул менин жаш курагымда деле тикток сыяктуу соцтармактарга кирип, жакшы нерселерди көрөм. Мен мурда билбей жүргөн нерселерди көрөм. Демек биз маданий, руханий агаруу жолундабыз.
Даярдаган Махабат САИДРАХМАНОВА