Өлкөбүздүн өнөр жай, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү аркылуу экономикалык өсүштү жогорулатуу багытында иштер улантылууда. Акыркы жылдары өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү темпи байкалып, тагыраагы, өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү, алтынды эске албаганда, дээрлик 17,7 пайызга көбөйгөн. Бул багыттагы иштер жөнүндө Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев маалымат берди.
— Данияр Жолдошович, 2024-жылга кандай иштерди жана жаңы долбоорлорду аткарууну пландап жатасыздар?
— Министрлик бул жылы инвестицияларды тартуу, товарлардын экспортун көбөйтүүгө багытталган ички өндүрүштү түзүү боюнча иштерибизди улантабыз. Бизнес-чөйрө саясатында лицензияларды жана уруксаттарды электрондук форматта берүү киргизилүүдө. Экспорттук потенциалды арттыруу үчүн биздин өлкөдөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жана Түркия, Иран ж.б өлкөлөргө каттамдарды кеңейтүү иштери аткарылат. Ал эми эл аралык «Термез» борборунда жакында биздин өкүлчүлүк(Өзбекстан аймагында) ачылат. Бул Ооганстандын, Пакистандын жана Индиянын базарларына товарлар менен чыгууга мүмкүндүк берет. Бул эл аралык соода борборунда электрондук коммерция паркын жана соода павильонун түзүү боюнча иштер камтылган. Мындан тышкары Тышкы жардам чөйрөсүндө уставдык капиталы 100,0 млн долларды түзгөн “Абу-Даби Кыргыз Инвесмент” ачык акционердик коомун ишке киргизүү, уставдык капиталы 500,0 млн долларды түзгөн Түрк Инвестициялык фондун ишке киргизүү күтүлүүдө. Ал эми Бишкек — Каракол, Бишкек — Ош автомагистралдары боюнча жана шаарлар аралык жолдорду бойлой, өзгөчө популярдуу туристтик маршруттар боюнча 100 электр заряддоо станциялары орнотулат. “Жашыл” каржылоо инструменттерин киргизүү башкы пландарыбызда. Өлкөнүн энергетикалык комплексин өнүктүрүү иши колго алынат. Ири жана чакан ГЭСтерди пайдаланууга берүү күтүлүүдө.
— Өткөн 2023-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү темпи эмне менен байланыштуу болду?
— Биринчиден, өнөр жай соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү аркылуу экономикалык өсүштү жогорулатуу алкагында иштер жүрдү. Эки тараптуу экономикалык кызматташуу багытында товарларды сатуу рынокторун издөө, соода-транспорттук коридорлорго чыгаруу иштери бүгүн да өз күчүндө. Ушундай биргелешкен аракеттер менен акыркы жылдары өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү темпи байкалууда. Акыркы 5 жылдын ичинде өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 17,7 эсеге көбөйдү. Бул жерде биринчиден, өнөр жай секторунда жүргүзүлгөн системалык реформаларды белгилөө зарыл. Маселен, өндүрүш секторуна жер бөлүү процесси жөнөкөйлөтүлүп, жергиликтүү бийлик өнөр жай зоналарын аныктоо укугуна ээ болду. Ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөр күчөтүлүүдө. Инвестициялык келишимдерди түзүү менен административдик, финансылык жана кепилдик инструменттерин колдонуу аркылуу өнөр жай секторун активдештирүү уланууда. Акыркы үч жылдын ичинде 60 өнөр жай ишканасы ишке киргизилген. Алардын инвестициясы өткөн жылы дээрлик 1 миллиард долларды түздү. 7 миң 700 дөн ашуун жаңы жумуш орундары менен камсыз болууда. Негизинен тигүү, энергетика айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдарын, фармацевтикалык препараттарды өндүрүү сыяктуу тармактарда жаңы өнөр жай объектилери ачылууда. Белгилей кетүүчү нерсе, өлкөдө автоунаа өндүрүү жаатында толук кандуу жөнөкөйлөтүлгөн система түзүлгөн. Мунун аркасында автомобилдерди чогулутуучу жана чыгаруучу заводдор ишке киргизилет. Учурда “Алтын-Тулпар” авто чогултуу заводун пайдаланууга берүүгө даярдык көрүлүүдө. Ошондой эле фармацевтикалык өндүрүш жаатындагы иштер да абдан жакшы. Мисалы, эки ири фармацевтикалык завод колдоого алынган. Жакында биздин өлкөдө биринчи жолу инъекциялык ампуладагы эритмелер жана көз тамчылары чыгарылганы турат. Өлкөбүздө токтоп турган өнөр жай ишканаларын жана жаңыларын ишке киргизүү максатында уставдык капиталы 1 млрд сомду түзгөн “Кыргызиндустрия” ААК түзүлгөн. Ошондой эле, Майлуу-Суу лампа заводуна 1 млрд сом бюджеттик насыя берилип, жалпы республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле ата-мекендик ишканаларды жогорку сапаттагы айнек идиштер менен камсыз кылуу милдети коюлган. Аны менен катар “Кыргыз Петролеум” жана “Джунда” нефтини кайра иштетүүчү заводдорунда 900 млн доллар инвестиция тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул максатта министрлик жана Министрлер Кабинети тарабынан бардык административдик колдоо көрсөтүлүп, жеңилдиктер берилүүдө. Ошондой эле Бишкектеги штамптоочу завод үчүн 41 млн долларга жакын каражат тартылды. Ал модернизацияланып, Кыргызстандын рыногунда кара металлдын жана болот продукциясынын ири өндүрүүчүсү болуп калды. Заводдун кубаттуулугу 150 миң тонна. Жалпысынан өнөр жай секторун модернизациялоодо финансы институттары абдан чоң ролду ойнойт. Бул багытта республиканын бардык мамлекеттик банктарына жана өнүктүрүү фонддоруна өнөр жай секторуна артыкчылыктуу багыт катары өзгөчө көңүл буруу тапшырылган. Россия Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан 21 долбоор 144 млн долларга каржыланды. “Айыл” , “РСК” банктары миңге жакын өндүрүштүк ишканаларды 5 млрд сом суммасында каржылашты. Бүгүнкү күндө бардык аймактарда Региондорду өнүктүрүү фонддору ачылып, республикалык бюджеттен 1 млрд сом өлчөмүндө каражаттар кошумча бөлүнгөн. Аталган Өнүктүрүү фонддорунда 3 млрд сомго жакын каражат топтолгон. Бул каражаттар жергиликтүү өндүрүш ишканаларын модернизациялоого да багытталышы мүмкүн.
— Ишкерлер менен инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрө түзүүнү дагы да жакшыртуу үчүн кандай аракеттер керек?
— 2022-2023-жылдар инвесторлорго жана ишкерлерге багытталган олуттуу өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Инвесторлор жана ишкерлер үчүн ички жагымдуу чөйрөнү түзүү камсыздалууда. Алсак, ар кандай ишкердик субъекттери үчүн Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан укуктук чөйрө режимдери иштелип чыгууда. Жалпысынан айтканда экономикалык өсүштү мындан да жакшыртуу аракеттери улантылат. Маселен, ири долбоорлордун бири «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» жолун куруу болуп саналат. Министрлик иштеп жаткан экинчи транспорттук коридор-Кыргызстандан Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кавказ аркылуу Россияга жана Перс булуңуна каттам ачылат. Эки тараптуу жана көп тараптуу экономикалык кызматташтыктын алкагында жаңы экспорттук жана импорттук рынокторду табуу мүмкүнчүлүгүбүз жаралат.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 16-январы