"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын эл акыны Меңди Мамазаирова: «ЖОЛОН МЕНИ ӨМҮР БОЮ СҮЙҮП ӨТТҮ»

Кыргыз Республикасынын эл акыны Меңди Мамазаирова менен көп эле жерде баарлашып жүрсөм да мынчалык узак убакыт сүйлөшкөн эмесмин. Сексен жаштан ашса да өзүн жаш, сулуу алып жүргөн аялзаты. Миң кайталап айтса да уккуң келе берген Жолон акынга деген сүйүүсү, үмүтү, тилеги, балалыгы жөнүндө куштарланып дасторкон четинде отуруп, узак сырдаштык.

– Меңди эже, мекен, эл-жер деген сиз үчүн канчалык маанилүү?       

– Кыргызстанды мен эч жерге алмаштырбайм. Ушул кезге дейре мекенди таштап, узакка эч жакка кете албадым. Албетте, чет жерлерге көп жолу саякаттап барып келдим. Бирок башка жакка тиричилик улап жашоого алмаштырбадым. Андай нерсе оюма да келбеди. Мекенден алыстап, айласыздыктан сыртта мигрант болуп жүргөндөр көп. Бирок кээ бир инсандар бар, туулган жеринде өмүр бою жакшы жашап, мыкты иштерде иштеп, пенсияга чыгар менен же ыңгайы келгенде башка жактарга чыгып кетишкен. Ар кимдин өз иши дечи. Кандай болгон күндө да, мекен менин жүрөк түпкүрүмдө жана мекендин кучагында жашайм. Кан-жан менен бирге бүткөн элибиз жагат, жерибиз жагат, абасы, суусу жагат…

– Балдарыңызды тарбиялоодо кайсы сөздү көбүрөөк айтасыз?

– Ишенбегин досуңа, саман тыгат постуңа. Ал эмне деген сөз деп калышат?

– Чын эле бала кезде жыландын посту деп сүйлөчүбүз. Азыр карыялардан гана угамын.

– Ооба, жылан өз терисин же карыялар айткандай постун таштап кетет. Ошол сыңары эле териңди тирүүлөй сыйыргандай жан ачыта душман болуп, керек болсо ошол тери-тулубуңа саман тыккан да «достор» болот. Жаш кезекте баары дос, кимдин кандай экенин көп деле биле бербейсиң. Жолон экөөбүздүн үйүбүздөн Ошто да, Фрунзеде да киши үзүлчү эмес. Студенттерден баштап, айылдан келген ага-туугандар, жоро-жолдоштор көп эле. Айтор, Жолон адамдык асыл сапаттар менен жашачу. Достукту өтө жогору койчу. Бирок баары эле ал ойлогондой болгон жок…

– Өзүңүз дос-душманга кандай мамиле кыласыз?

– Ажылдап бирөө менен урушканды жактырбайм. Жемимди жедирбейм, бирөөнүн жемин да жебейм. Эч кимге душмандык, кыянаттык кылбайм. Жалаң эркек балдардын арасында чоңойдум. Андыктан өктөм мүнөзүм бар. Жаштарга кул мүнөз болбогула дейм, кул мүнөз өзү кыргызга таандык эмес. Өз көз карашың, өз пикириң менен жашаган жакшы.

– Ар бир кишинин балалыгы өзгөчө сезимдер менен эстелет. Сиздин балалык биринчиден Улуу Ата Мекендик согуш учуруна, экинчиден согуштан кийинки катаал мезгилге туш келгендей?

– Ооба, балалыгым доордун оор жылдарына туш келди. Ошентсе да менин таятам алтын-күмүш иштеткендерден экөө болсо, анын бирөөсү болгон экен. Ушундай бир чоң гектарлаган аянтта өрүкзары бар эле. Эми ал өрүктөрдүн түрдүүлүгүн айтсам бир жомок. Жазында сортуна жараша алды-кийин гүлдөгөнү бир укмуш. Кызыл-сары, ак бышары, эрте бышар, кеч бышары болуп, айтор өрүкзар көркүнө чыгат. Ошол өрүктөрдүн арасында эмгектенчүбүз. Согуш мезгилинде эле үч центнер, беш центнер деп өкмөт план берип, мамлекетке тапшырышчу. Ошентип жокчулук деле анчейин билинбеди. Эки уюбуз бар эле, азыркыдай ашынган агыл-төгүл кайдан? Апам загара нан жабат. Тоют үчүн чоң-чоң ак кызылча болор эле. Ошол ак кызылчадан кошуп камырын ийлейт. Ушундай таттуу нан болот. Көрсө жанагы кызылча загара нанды үбөлөндүрбөй кармайт экен. Загара нанды тандырга жабыш кыйын. Тайнем да, апам да келиштире, буркураган жыты менен түшүрүп, күйгүзүп жибербей таптуу жапчу. Загара нанды томпой дечүбүз. Атам согушка кеткен. Тылдагы мээнет дээрлик аялдарга калган.

Атам согуштан келгенде беш жашка чыгып калган кезим эле. Баары эсимде. Жашы элүүдөн ашкан атамды согушка эмес, эмгек колониясына алышат. Челябинскидеги илгери темир заводу болгон экен. Согуш учурунда танк куруу заводуна айланып, согуштук танка чыгарышыптыр. Атам ошол уулуу заттар менен иштегендиктен эки колу экзема болуп кеткен. Байкуш атам ай, ар дайым колун чапанынын жеңине кымтынып отурар эле. Ай жаңырганда оорусу жаңырчу. Эчкинин майын отко кактап колуна койчу. Түштүктүн кызысың, билесиң, пахта терген ар бир үйдүн аялы ар дайым бир чыпта, эки чыпта пахтадан алып калып, үй-тиричилигине пайдаланышчу эле го. Ошентип апам да кышында бизге пахта карматат. Чигитин чыгарабыз. Атам бизге терезенин түбүндө отуруп алып жомок айта баштайт. Ыйлаган жерден ыйлайбыз. Күлгөн жерден күлөбүз. Атам лирикалуу киши эле. Кээде атамдын айтканына оозубуз ачылып, пахта тытып жаткан колубуз да токтоп калат. Апам ошондо: «Колуң иштесин, колуң!» – деп өктөм буйрук берет.

– Атаңыз согуштан оору арттырып келсе бардык түйшүк апаңызда болгон тура?

– Анан кантет!?. Согуштан кийинки оор жылдары апам менен атам өтө жакыр үй-бүлөлөргө нан-аштан жардам берип, бозо салып берчү. Ошончо бозо салган менен азыр ойлосом, ата-энем эч качан бозону оозуна албаптыр. Тайнем мага баарын үйрөттү, койнуна алып жатып, кошок барбы, ыр барбы кулагыма куя берчү. Апам кошокчу эле. Тайнемдеги чар өнөр апама, мага, кызыма өттү. Атам 1977-жылы каза болду. Кыздары чыркырап ыйлап отурдук. Бир кудагыйы кыркылыгында келди, андан мурдараак жолдошу өтүп, төшөктө жатып калып, ооруп кечигип келген экен. Апам аны алыстан көрүп эле минтип кошок кошту.

Сабаты эми жоюлгансып,

Кат окуган ким болду?!

Жат, бейкапар кишидей,

Бата окуган ким болду?

Андан ары узак кошту. Эсимде калганы ушул. Ошол кезде акыл болсо жазып албайт белем. – Апа, эмнеге антип айтасыз? – дедик. – Ой ботом, эреже, салт ошондой, антпесем болбой калбайбы, деди апам. Апамды биз сыяктуу эле боздоп-сыздап ыйлайт деп ойлоппуз. – Апа, сизге таң калдым. Сиз атама күйбөйт турбайсызбы? –дедим капаланып. – Ие, ботом, мен эмнеге ыйлайт элем. Атаң эмне жүгармак өлдүбү?! Кыргын согуштан тирүү келди. Сексенден ашты, Кудай өмүр берди. Андан көрө мен силердин өмүрүңөрдү тилебеймби, силер кызы болосуңар, ыйлай бергиле! – деди апам.

Атамдан Жусуп менен Зулайканын ашыглыгын укканмын, Муса Пайгамбар тууралуу окуяларды да көп айтып берчү. Пайгамбарлардын өмүр баяндарын да жакшы билчү. Кийин ойлосом, атамдын көптү билген себеби Алымбек датканын медресесинен билим алган өңдөнөт. Ал медресенин Ош аймагындагы, дегеле Орто Азиядагы элдердин диний билим, андан сырткары ар түркүн илимдер жаатында балдарга билим берүүдөгү мааниси зор болгон экен. Аалымдар биягы Бухарадан, ал жагы Персиядан өйдө келип, билим бергендигин кийин билип жүрбөйбүзбү.

– Жогоруда Алымбек датканын медресеси жөнүндө айтып жатсаңыз, ошол мезгилде эркектер эле илим-билим алдыбы? Аялдар диний жана башка билимден дагы деле теңсиздикте кур калдыбы деген ой келбей койбойт…

– Бухарада аалым даражасына жеткен Матаз деген кыргыз киши жөнүндө айтып жүрүшөт. Ошол Матаз аксакалдын Сапа деген карындашы Ошто биз менен кошуна турчу. Замандын кыйынынан кедейдин кедейи болуп жашачу. Бир жолу апама: «бечараны кумурска да билет, эгин сугарып жүрүп талаада уктап калыпмын, ойгонсом, ии-и, кумурскалар бүт денеме жабышыптыр» деп ыйлаганын эстейм. Айылдагылар Сапа сөйрүк деп айтышаар эле. Бир жолу биздин үйгө диний сабаты бар аялдар, азыркынын тили менен айтканда таалим өтүп келип калышты. Ошондо баягы Сапа эжебиз куран сүрөөлөрүнөн окуп жаткан аларды карап тык токтой калып: «Эй, ортактар, силер туура эмес окуп жатасыңар, бул күнөө болот» деп сын тагып калды. Жүдөгөн бир бечара аялдын айтканына алар териге: «Кана, анда сиз айтып көрүңүзчү» дешти. Сапа эжем айтып жатканын бир билем, баламын, оюнга алаксып кеттим. Сырттан келсем баягы эжебиз дасторкондун төрүндө отурат. Жанагы аялдар диний билимин өзгөчө урматташып, «узтаза, мыкты атинча турбайсызбы» дешип, төрдөн орун беришиптир. Ошондон улам ойлойм, бул медресе аял-эркегине карабай, жалпы элдин билим ордосу болгон. Мындан эмне тыянак чыгарсак болот, илимдүү-билимдүү инсан жылтыраган кийим менен бааланбайт. Азыркы коом дал мына ушул сырты жылтыракка алданып калган үчүн адашып жатышат.

– Жолон Мамытов тууралуу кеп башатын баштадык эле, экөөңүздөрдүн арзууңуздар жөнүндө айтып, маегибизди жыйынтыктасак. Жолон агай сизди ала качып кеткен да?

– Сүйүп-күйүп, качан менин жүрөгүмдү багындырганда Ош обкомунун волгасы менен, андан сырткары эки такси толгон достору менен ала качкан. Кудайыма шүгүр, балалуу болдук, чакалуу болдук. Чыгармачылыкта экөөбүз тең жолубузду таптык. Жолон өзгөчө бийиктиктерге жетип, Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өтө жакшы көргөн замандашы, тилектеши эле. Жолон китеби чыга электе орус тилине которулган эң мыкты ырлары үчүн СССР Жазуучулар Союзуна мүчө катары кабыл алынды.

Жолон мени өмүр бою сүйүп, кызганып, баалап, барктап өттү. Жолон өлүм алдында туруп да, өзүнүн кайратынан жазбай, тескерисинче мени аяп, “сен ооруп калба” деп жатып өттү. Мен оорусунун айыккыс экенин билбейт деп ойлогом. Бирок Москвага биз менен барган ошондогу 24 жаштагы гематолог врачты 15 жылдан кийин жолдон жолуктурдум. – Жолон агай врачтар консилиум өткөрүп, кечигип калганыбыз тууралуу айтып жатканда өзү тууралуу кокус угуп калды. Менин башым жерге шылк дей түштү дейт. – Башыңды көтөр, жигит! Это не первый, и не последний…деди дейт. А Жолон өзү ошондо болгону 48 жашта экен!..

 

                                                                                                      Айнагүл Базарбаева

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!