"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын эл артисти Арзыбек БЕДИЯРОВ: “Түшүмө кирдиң түндө сен”

— Арзыбек агай, адамдын жан дүйнөсүн балкыткан керемет ырларды жаратышыңыздын түпкү сыры эмнеде?

— Жан дүйнөмдөгү махабатты, жагымдуу жагдайларды, Ата-Журтка болгон сүйүүмдү элге баяндап берген, көңүлүмдөгү оюмду айта алган текст издейм. Көңүлүмө төп келген мындай ырларды Эсенгул Ибраевден, Надырбек Алымбековдон, Сооронбай Жусуевден, кийинки мезгилдерде Самидин Стамбековдон, Бурулкан Карагуловадан таап келе жатам. Сөз менен обону айкалышкан ырдын өмүрү узак болот. Анткени, мендеги тагдырды, менин башыма келген арзууну балким дагы бирөө башынан кечирип жаткандыр. “Менин кайгымды, кубанычымды агай ушул ырында айтып коюптур” деген сөздөрдү карапайым элден угуп калып жүрөм. Азыркы ырчылар, өзгөчө жаштар ырдын сөзүн, обонун дагы өздөрү жазып, өздөрү аткарып жүрүшөт. Арасында дурус ырлар деле кездешип калат. Өкүнүчтүүсү, көп учурда элдин музыкалык табитин бузган, тайыз, тайкы ырлар басымдуу болуп калууда. Кыргыздын илгерки жана азыркы акындарына тынымсыз кайрылганымдын себеби — өлбөс чыгарма жараткым келди. Керек болсо, ырлары классикага, аты аңызга айланып кеткен Рыспай Абдыкадыров дагы акындардын ырларына кайрылган.

— Демек, обончулардын окумал болгону чыгармачылыгына терең таасирин тийгизет экен да?

— Прозаларды жаш кезимде көбүрөөк окудум. Кийин обончулук өнөрүмө байланыштуу ыр жыйнактарга ынак болуп кеттим. Анын үстүнө обончу боло элегимде ыр жазчумун. Алгачкы эмгек жолумду журналистика менен баштагам. Сузак райондук “Пахтачы” гезитинде кабарчы, корректор болуп иштеп калдым. Кийинчерээк ар ким колунан келген жумушту аткарыш керек экен деген бүтүмгө келип, ыр жазганды токтотуп койдум. Жалал-Абад шаардык маданият үйүндө менин чыгармачылыгыма мыкты шарт түзүп, атайы кабинет ачып беришкен. Андагы китеп текчемде Чыңгыз Айтматовдун, Надырбек Алымбековдун, Эсенгул Ибраевдин ж.б. көптөгөн акын-жазуучулардын томдуктары турат.

— Келечекте белгилүү обончу болмогуңуз бала кезиңизде эле байкалды беле?

-Музыкага болгон кызыгуум он төрт, он беш жашымда 8-классымда башталган. Айылда Анарбек аттуу адам комуз, мандолина, гитара чертчү эле. Ал агабызды ээрчип жүрүп аспаптарды черткенди үйрөнүп, шыгым ошондон тарта артылып баштады. Кийинчерээк обончулук өнөргө аралашып калышыма Жумамүдүн Шералиев, Муса, Атай өңдүү залкарлар, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Токон Эшбаев сыяктуу агалар өзгөчө таасир этти. Эшбаев, Казаковдон эки-үч эле жаш кичүү болгонум менен өнөргө бир аз кечигип келдим. “Обончу болом, кыргызга Арзыбек Бедияров деген ысым тарап кетет” деп эч убакта ойлогон эмесмин. Тек гана өзүмдүн жүрөгүмдөгү айткым келген оюмду элге тартууласам деген ниет менен өнөрдүн астанасын аттадым. Жаратканыма миң мертебе шүгүр, жазган обондорум элге жакты. Жаштар ырларымды кайрадан жаңыртып аткарып жүрүшөт. Мунун баары мен үчүн албетте, жагымдуу. Мен өзүмдүн чыгармаларымды көпкө чейин ырдай алган жокмун. “Гүлгүн жаш” деген топту 1991-жылы негиздеген элем. Менин ырларымды ошол булбул үндүү ырчылар Кыргызстандын жети дубанына жайылтты. Мен дагы чыгармаларымды топтун аткаруучулары үчүн жаратып келдим. Топтун алгачкы ырчыларынын бири Шахра Талипова эжебиз ошол кезде эле топ жарган күлүктөй болуп, элге таанымал ырчы эле. Анара Шайимкулова, Кутман Жолдошев,  Гүлнара Өмүрзакова өңдүү бүгүнкү күндүн мыкты ырчылары дал ушул “Гүлгүн жаш” тобунан элге белгилүү болду. Чыгармачылык деген ушундай эриш-аркак нерсе экен, бул жаштарга дайыма ыраазычылыгымды билдирип, ак батамды берип келем. Турмуш-шартка жараша топтун артисттери бирде кетет, кайра шартына жараша келип калат. Андайда ырларымды өзүм аткарганга туура келди. Ошентип аткаруучулук жөндөм мага кийинчерээк пайда болду. Өзүм да бала кезимден улунуп-жулунбаган, тартынчаак мүнөзүм бар эле. Музыкага жаным жакын болуп турса да он жылдык окуучулук күнүмдө мектеп сахнасына бир гана жолу чыкканым эсимде. “Мен кыйратам” деп көкүрөктү койгулабаган сапат – өнөр адамынын бир белгиси эмеспи. Кийин искусство институтунда чогуу окуган курсташтарым “обон чыгарам дечү эмес элең го” таң калып жүрүшпөйбү.

— Өнөр дүйнөсүндө кеп-кеңешин айтып турган устатыңыз ким болгон?

— Залкар обончу Рыспай Абдыкадыров канаттуу ырлары менен аралыктан туруп таасир этти. Мындай кишилер устат болуп калат да. Ал эми Жолболду Алыбаев менен канатташ, колтукташ болуп Жалал-Абад шаарында жыйырма жылдан ашуун чогуу жүрдүк. Ал кишинин көп акыл-насааттарын, кеп-кеңештерин уктум. Менин чыгармачыл чоң чөйрөгө аралашып калышыма дагы бирден-бир таасири тийген ушу киши болгон. Туулган айылым Кызыл-Сеңирде “Карлыгач” аттуу мектеп-интернат бар эле. Мугалимдик кесипти аркалап, окуучуларга музыка сабагынан билим берчүмүн. Жаңылышпасам, 1986-жылдар болчу. Биздин айылда той өтүп калды. Жолболду ага тойго келген экен, көрүштүк. Той өткөндөн кийин мени үйүнө чакырып алып “Арзыбек, элге азыноолак таанылып калдың. Ырларыңды чоң-чоң ырчылар ырдап жүрөт. Мектепте иштей берсең деле болот дечи, бирок чыгармачыл чөйрөгө барсаң мүмкүн мындан дагы жакшыраак болмоктур” деди. Ал кезде мектепте 14 жыл иштеп койгон элем. Мен ойлонгуча эки-үч жылдай убакыт өттү. Анан 1991-жылы мугалимдигимди таштаганга туура келди. Жалпы чыгармачылыгым Жолболду агама жакса керек, бир да жолу терс пикир билдирген жок. Качан болсо “алга!” деп гана шык берип турду.

— Баланын башаты ата-эне болот эмеспи. Ал адамдардын чыгармачылыгыңызга болгон мамилеси кандай эле?

— Ар бир ата-эне баласын жакшы, чыгаан чыкса деп тилейт. Атам менен апам музыканы жакшы көргөнүмдү абдан колдоду. Атам өнөрдү өзгөчө сыйлаган киши болчу. Жогоруда айткан Анарбек агаман аспаптарды үйрөнүп жүргөнүмдө гармонь, аккордеон, комуз сатып берди. Үйгө бир киши келсе да мени ырда деп, үйүбүздүн кичинекей “сахнасына” чыгарып коёр эле. Атамдын өнөрүмө кызыгып, кубаттаганынын бир белгиси ушул эмеспи. Бирок мектепти бүткөндөн кийин ырчылык өнөрдү аркалай турган кесиптердин бирине тапшырган жокмун. Кичинекейимен оорукчан болуп чоңойгонума байланыштуу врач болсом деп эңсей берчүмүн. Бишкекке келип үч жыл удаа медициналык институтка тапшырып өтпөй калдым. Көгөргөн өжөрлүгүмөн тайбастан төртүнчү жылы Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайына өттүм. Музыкага болгон шыгым ошол жерден ойгонду. Атам ырларымды кол чаап сүйүнүп укчу. Апам сыймыктанып “Арзыбегим” деп оозунан түшүрчү эмес. Чыгармачылыгымдагы биринчи ырымды апама арнап 1974-жылы Алымкан Дегенбаеванын сөзүнө жазылган “Эне тилеги” деген ырды чыгаргам.

-“Гүлгүн жаш” аттуу улуу-кичүүнүн оозунан түшпөй ырдалган ырыңыз кандай кырдаалда жаралганын айта кетсеңиз?

— 1980-жылдардын орто чени эле. Ден-соолугумду чыңдаш үчүн Жалал-Абад курортуна баргам. Аңгыча мектептен “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги деген сыйлыкка көрсөтүлдүң, сүрөтүң керек” деген кабар келди. Шаарга келип сүрөткө түшүп кеттим. Эртеси күнү келип сүрөтүмдү карасам, мурдагы кезиме караганда кичине улгайыңкы көрүнүп калыптырмын. “Ээ-э, өмүр өтүп жаткан турбайбы, жаштык кез кайда калды?” деп кейип алдым ичимден. Ошол мезгилде отуз жаштан эми эле өткөн болчумун. (күлүп) Көрсө жаштык кезди кырчылдап турган кезимде жоктогон турбаймынбы. Өмүрдүн, жаштыктын чагылгандай тез өткөнү жөнүндө ыр жаратсам деп ойлоп калдым. Бир күнү Эсенгул Ибраевдин “Мөмөлүү дарак” деген жыйнагын барактап отурсам “Кошкун эми” деген ыр көзүмө чалдыкты. Окусам, дал менин жүрөгүмдөгүнү айтып койгондой жазыптыр. Обон жаралгандан кийин Эсенгул аганын уруксаты менен ырдын темасын “Гүлгүн жаш” деп өзгөрттүм.

— Сиздей жакшы адамдын үй-бүлөсү жөнүндө билгим келип турат...

— Чыгармачыл адам үчүн эң маанилүүсү үй-бүлөлүк климат деп эсептейм. Жазуучубу, сүрөтчүбү, обончубу ким болсо да аркасында анын кадамын аңдыган көз турса, мыкты чыгарма жарата албайт. Менде чыгармачылык менен эркин иштегенге жагымдуу шарт бар. Иш кабинетимде отурганда жубайым да, балдарым дагы менин тынчымды албайт. Өмүр бою концертте, тойдо жүрөмбү башка жакта конуп-түнөп калуу менде жок, дароо үйүмө келем. Мага, чыгармачылыгыма үй бүлөм да урмат-сый менен мамиле кылат. “Атабыз чыгармаларында “Барам сага”, “Ушундай беле бешене” дегени менен бизге камкордук көрүп, жоопкерчиликтүү күйөө, жооптуу ата катары үй-бүлөсүн кадырлайт” деп ишенет. Мен үчүн үй-бүлөм ыйык жана бийик.

— Өз оозуңуздан угайын деген ниетте бир суроо беришиме уруксат этесизби? “Түшүмө кирдиң түндө сен” деген даңазалуу чыгармаңыз кытайлык ырчы кыз Арзыгүл Турган кызына арналган деген сөз бар?

— Бул мындан жыйырма жыл илгери болгон окуя. 2003-жылы Жалал-Абад шаарына Кытай мамлекетинен чоң делегация келди. Кара-Алма жаңгак токоюнда сый тамак берилген. Ошондо ырларымды аткарып бүткөн соң Султан деген жигит келип таанышып: “Бизде Арзыгүл деген мыкты ырчы кыз бар. Көрсө, сиздин ырларыңызды ырдайт турбайбы. Биз жакшы ыр экен деп угуп койчубуз. Сиз менен байланыштырып коёюн, дарегиңизди берсеңиз” деп жазып кеткен. Жөн эле алып койду го десем, Султан Арзыгүлгө менин дарегимди бериптир. Арзыгүл анда Кызыл-Суу автономдук облусунда кыргыз филармониясында иштечү экен. 2004-жылдын февралында Арзыгүлдөн: “Арзыбек ага, чыгармачылык байланышта болуп туралы” деген кат, өзүнүн сүрөтү жана белек келди.  Белеги видеону, аудиону дагы окуй турган кымбат баалуу видео магнитофон экен. Ичинде компакт дискте өзүнүн чыгармаларынын видеосун кошо жибериптир. Ал кезде мындай буюм башкаларда бар беле, жок беле билбейм, бирок менде жок болчу. Сүрөттү көрүп, ырдаганын угуп аябай таасирленгенимден ондогон ырлар Арзыгүлгө арналып жазылды. Ал ырлардын эң алгачкысы “Түшүмө кирдиң түндө сен” аттуу ырым болуп калды.

— Эмне себептен “Түшүмө кирдиң түндө сен” деген текстти тандагансыз? Же Арзыгүл эже түшүңүзгө кирген беле?

— Түшүмдө Париждеги Эйфель мунарасына окшогон жерде экөөбүз сүйлөшүп, маанайыбыз ачык, жадырап турабыз. Миң чакырымдан алыс аралыкта жашаганыбыз үчүн го, эмне жөнүндө баарлашканыбыз айкын эсимде жок. Мен кичине өйдө карап сүйлөп жатам “менден бою узунураак экен, эмне болмок эле” деп коём ичимден. Кыздын элесин обонго айландырып ыр жараткым келген түйшөлүүдө жүргөнүмдө, күтүүсүз жакшы окуя болуп кетти. Биримкул Алыбаев агам мен буйрутма бергендей, мага автограф жазып “Арзыбекке берип кой” деп Самидин Стамбековго ыр жыйнагын аманат калтырып кетиптир. Китепти карасам “Түшүмө кирдиң түндө сен” деген ыры бар экен. Төбөм көккө жетип кубанганымды айтпа. Обон жаралгандан кийин Арзыгүлгө кабарлап, ырды жибердим. Ал угуп, абдан жактырып, эң сонун кылып ырдап чыкты. Экөөбүз кат аркылуу таанышкандан сегиз жылдан кийин гана менин чакыруум менен Кыргызстанга биринчи жолу келди. Экөөбүз чыгармачылык концертибиз менен түштүк тарапты кыдырдык. Кийинкисинде, 2012-жылы кутман курагымды чогуу белгилеп, сыйлуу коногум болуп кет деп чакырдым. Эки жолку келгенде тең биздин үйдө өз кызыбыздай эркелеп 16-17 күн жүргөн соң, Үрүмчүгө узатып коюп жаттык.

— Көрүшкөнүңүздө сизге кандай таасир этти?

— Абдан жакшынакай, маданияты жогору, кыз балага кандай сапат керек болсо дал ошондой сапаттын баарына эгедер болгон жан экен. Жөнөкөйлүгү, ыймандуулугу, өзүнөн улууларга ыйбаа кылганы келинчегиме өзгөчө жакты. “Бул өзгөчө кыз турбайбы” деп өзүбүздүн балдарыбыздай көрүп, ызат көрсөтүп жүрдү. Арзыгүл менин сүйүү ырларымды “Бул ырлар чыгармачылыктагы махабаттын жемиши, мен Арзыбек агамды сыйлаймын. Жолукканга чейин эле башка чыгармаларын да ырдап жүргөм” деп интервью берди. Кээ бир түшүнүгү тайкы, маданияты төмөн адамдар Бедияров ушул куракка келгенине карабай Арзыгүлдү сүйөт экен дегенден да нарыраак ойлогондорун баамдап калдым. Учурда Арзыгүл Үрүмчү шаарында турат. Быйылкы жылдын 2-февралында турмушка чыгып, ак тою өттү. Биз жубайым экөөбүз бактылуу болгула, перзент көргүлө деп бата-тилегибизди айтып, Кудайдан да тилеп жүрөбүз.

 

 

 

Афина БАКИРОВА

№94 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 28-ноябры