"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын эл артисти Калича СЕЙДАЛИЕВА: “АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН КЕРЕМЕТ КАСИЕТИ БАР”

Адам баласынын жашоосундагы эң маанилүү кадамдарынын бири, анын туура кесип тандоосу. Ал эми туура кесип тандоо – бул материалдык байлыктан мурун адамга моралдык жана руханий байлык алып келген, ар күнү сүйүүгө толгон иш менен алек болуу. Менин бүгүнкү каарманым дагы өмүрүндө кесип тандоодон жаңылбай, ар күнү сүйгөн жумушуна шашылган Кыргыз Республикасынын эл артисти Калича Сейдалиева болду. Ырчылык, сүрөтчүлүк сыяктуу ар тараптуу чыгармачылыктын ээси, актриса, өзү тууралуу буларга токтолду:

ТҮЙШҮК ЖАНА ТАЛАНТ

— Атам баян, комуз чертип ырдаган, колунан көөрү төгүлгөн уста адам болгон. Мектепте тарых, музыка жана эмгекке үйрөтүү сабактарын берчү. Окуучулар менен кошо өзү да олтуруп алып, мектептин бир топ эмерегин жасап коюшар эле. Мен да 26 жылдан бери окутуучулук менен алектенип келе жатам. Бул кесиптин түйшүгү башыма түшкөндө гана атамдын өз ишине болгон жоопкерчилигин, талантын, уюштуруучулук жөндөмүн баалап калдым. Атамдын анчамынча жамакчылык өнөрү да бар эле. Бирок, атамдан өтүп апам өзгөчө жамактатып ырдачу. Менин ырга болгон талантым апамдан калса керек деп ойлойм.

САХНАГА БИРИНЧИ КАДАМ ЖАНА АТАМДЫН ТААРЫНЫЧЫ

— Биздин үйдө “Летучая мышь” аттуу опереттанын жалгыз бир пластинкасы бар эле. Аны мен угуп жаттап алам да, туурап ырдайм. Бул ыр менен сынактарга катышып, көптөгөн байгелерге ээ болдум. Ал убакта малды кезек менен кайтарчубуз. Кой кайтаруу кезеги келгенде абдан сүйүнөм. Он эки жашар кызмын. Талаага жетип-жетпей баягы ырымды ырдай баштайм. Көрүүчүлөрүм болсо койлор (күлүп). Сүрөттү да абдан жакшы тартчумун. Атам мени сүрөтчү болот деп сүрөтчүлөр окуу жайына тапшыртып койгон. Барсам бүт эле эркек балдар окушат экен. Ал убакта кыздар сүрөтчү болот деген түшүнүк жок эле. Мени сүрөтчүлүк эмес, опералык ырчы болуу, артисттик өнөр тартып туруп алды. Сүрөтчүлүк окуудан чыгып алып, Сайра Кийизбаева эжеге бардым. Сайра эже Искусство институтуна кирип, алгач даярдоо курсунан окуп, менден сабак алып, нота үйрөнүшүң керек деди. Даярдоо курсунан окуганды намыс көрүп баш тарттым. Театрда актриса болууну чечтим жана келечегиме чоң максат-мүдөө койдум. Кийин актрисалык өнөр боюнча 2 жылдык студияга кирдим. Атам өзү сыяктуу тарыхчы болушумду каалаган. Атамдын ою менен макул болгон жокмун. Бул үчүн ал мага абдан таарынды. Кийин Ташкентке окууга өтүп кеттим. Ал жакка барганымды атама айткан эмесмин. Талыкпаган мээнетимдин акыбети кайтып, окуумду кызыл диплом менен аяктадым. Атам мага дагы деле таарынып жүрдү. Мен ойногон спектаклдерди телевизордон көрбөйт. Бир күнү “Саманчынын жолу” спектаклиндеги Толгонайды ойноорумда жолдошум “Айтматовдун өзү дагы келет экен “деп атамды ээрчитип келет. Ошондо башынан аягына чейин ыйлап көргөнү дале эсимде. Театр абдан чоң, эл жык-жыйма толгон. Көрүүчүлөр улам туруп кол чабышат. Мен башкы ролдо ойногондуктан кайра-кайра чыгып жүгүнөм. Атам ошол күндөн кийин гана мени кечирип, батасын берди. Түрк тилдүү мамлекеттер арасында эң мыкты роль жараткандыгым үчүн алган Гран-прилеримди көрдү. Ошондо гана атам мени менен аябай сыймыктанды.

ЖАШООМДОГУ ЭҢ ООР ЭКИ ОБРАЗ

— Эне үчүн төрөгөн балдары канчалык жакын болсо, акт¸р үчүн анын ойногон ролу ошончолук жакын. Эне ичинен чыккан баласын эч качан жерибейт. Акт¸р үчүн да ар бир ролу өзүнөн жаралган баладай ыйык болот. Ошентсе да ролдорумдун ичинен жүрөгүмө эң жакыны “Саманчынын жолу” спектаклинен Толгонай менен “Төлгө” спектаклиндеги Каныкейдин образы болду. Ушул эки образды жаратуу мен үчүн өтө кыйынга турду. “Манастын уулу Семетейдеги” Каныкейдин ролун аткарганымда, анын энелик мээримине салыштырмалуу баатырдык жагы басымдуу болчу. Ал эми Назым Мендибаиров койгон “Төлгөдөгү” Каныкей – ырдаган Каныкей. Режисс¸ру: “Мага баатыр Каныкей эмес, эне жана аял Каныкей керек. Мында кошок көп. Биз Манасты элге манас айтып эле таанытып жатабыз. Драма искусствосунда биз Манасты ыр түрүндө чагылдырсак болот. Муну элибиз жакшы түшүнөт. Сиз ойноп бериңиз” деди. Баатыр Каныкей менен эне Каныкейдин ортосунда абдан чайналдым. Бирок, тогуз ай даярдык көргөн эмгегибизди эл абдан жакшы кабыл алды. Экинчи кыйналып жараткан ролум “Саманчынын жолундагы” Толгонайдын образы болду. Мен ал убакта жаш элем. Спектаклдин режисс¸ру Кыргыз эл артисти Искендер Рыскулов болчу. Көп балалуу эненин образын жаратуу татаал болду. Анткени, жашоодо менин балдарым али жаш эле. Эс тарткан, өзүнчө очок курган балдардын энеси болуу сезимин али жашап көрө элек учурум болчу. Айтканым дагы, басканым дагы, а түгүл баланы эркелеткеним дагы эч эле окшободу. Анан режисс¸р чыгарманы дагы бир ирет окуп чыгуумду сунуштады. Айтматовдун чыгармаларынын керемет касиети бар экен. Мен аны кайталап окуй берип, акыры Толгонай болуп калдым.

АЛМАШКАН ЖАА

— Театрда “Жаңыл мырзаны” сахнада ойноп жатканбыз. Жаңжуңдардын падышасы колго түшкөн Жаңыл мырза менен эгер ал дароо жамбыны атып түшүрсө ко¸ берерин макулдашат. Зал толо көрүүчү. Мага атайын жаа жасап беришкен. Бир кезде эле жааны берип жаткан бала шашып кетип, атайын жасалган жааны эмес, башкасын берип коюп жатпайбы. Алмашып калганын көрдүм. Ары жактан дүпүлдөгөн добулбастын үндөрү жаңырат. Баарынын көзү менде. Эптеп атайын дедим да, колумду создум. Ушундай керилип туруп атсам, сахнанын чекесиндеги көшөгөлөрдүн жанына барып жерге түшүп калса болобу (күлүп). Элди байкадым. Элден айланса болот, театрды түшүнүп, бири да күлгөн жок. Бетим кыпкызыл болуп күйүп чыкты. Жааны берген бала аябай жаман болуп, айласын таппай калды. Ошондо ачуум келгенинен жааны ыргытып: “Мага сынык жааны берип сынайын дедиңби?!” деп ары карай улантып алып кеткем.

ТЕАТР ДҮЙНӨСҮ

— Актёр үчүн театр – анын үйү. Ал эми андагы артисттер – үй-бүлөсү. Сахна – бул супара. Андан эл руханий азык алат. Театр эч качан өлбөйт. Ал өнүгүп-өсөт. Анда эл менен сахнадагы адамдардын дүйнөсү бирдей албууттанып, бирдей басаңдашы шарт. Сахнадагы акт¸р эмнени жашаса, көрүүчү дагы ошону жашап, жан дүйнө окшош сезимдерге толушу керек. Ошентип адам өзүнүн ички дүйнөсүн байытып турушу зарыл. Театрга келген адамдардын ары суктанып, ары берилип көргөнү, алар кетип жатканда көздөрүнөн эле байкалып турат. Кайра куруу жылдарында эл бир гана кара курсактын айласын ойлогонго мажбур болушпады беле. Азыркы убакта жалгыз гана ашказанды эмес жан дүйнөнү азыктандыруу эмне экендигин билип, түшүнүп калдык көрүнөт.

   Алтынай НУРДИНОВА

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!