Балалык чагыбызда цирк дегенди угуп, андагы артисттердин, жаныбарлардын аткарган кызыктуу номурларын айтылган сөздөрдөн улам элестетип, эртерээк өз көзүбүз менен көрүүгө шашылган кезибиз баарыбызда эле болсо керек. Ал эми барган соң ошол күнүбүз өмүр бою эсибизден эч кетпеген бактылуу көз ирмемден эстелик болуп калгандыр.
Кырк бир жылдык өмүрүн циркке арнаган Кыргыз Республикасынын эл артисти Манатбек Эшимбеков циркке “искусство түрлөрүнүн синтези” деген аныктама берет. Тагыраагы “Цирк искусствосу балет, театр, кино жана өзгөчө спорттун элементтерин өзүнө камтыйт”, — дейт маегибиздин коногу. Эң башта акробат болуп, кийин жигитовкада ойноп, жигитовканы 21 жыл жетектеген агайым өзү тууралуу, Европаны багындырган кыргыз циркинин тарыхы, анын түптөөчүлөрү, жетишкендиктери, биз билбеген кызыктар жөнүндө маек берди.
Манатбек Эшимбеков Чүй облусунун Сокулук районунун Шалта айылында төрөлгөн. Кийин ошол эле райондун Арал айылына ата-энеси менен көчүп барып, 8-класска чейин билим алат да, Сокулуктун Күн-Туу айылынан 10-классты аяктайт.
Биринчи беттешим
— Циркке артист болуп келүүдөн мурун бала кезимден спортко аябай жакын болдум. “Огонёк” сыяктуу гезитжурналдардан бул багыттагы жаңылык, макала, маалыматтарды көп окучумун. Советтер союзунан кандай спортсмендер чыккан, кандай ийгиликтерди жаратышкандыктарын жакшы билем. Өзгөчө футболду жакшы көрчүмүн. Аралда окуп жүргөн кезимде Михаил Фёдорович аттуу дене тарбия сабагынан берген агайым кызыгуумду алып кетүүмө түрткү болду. 9-класста окуп жүргөнүмдө күрөшкө катыша баштадым. Андан соң Жеңиш Кадырганатов машыктыруучум болду. Биринчи беттешим жаш балдардын түрмөсүндө өттү. Анда негр бала менен чыгып жеңип алгам.
Тандоо жана чечим
— 10-классты бүтүргөндөн кийин ата-энемдин сунушу менен Айыл чарба техникумуна тапшырдым. Ата-энем менин агроном же ветеринар болушумду каалашкан. Окуу жайдан дене тарбия мугалими Александр Петрович Федотов менен таанышып калдым. Агайым менден жакшы спортсмен чыгарууну көздөп жүрдү. Бирок 7 айдан соң окуумду таштап, Бишкекке кетип калдым. Шаардан да спортту таштай алган жокмун. Хаким Махмудов (азыркы Жоламан Шаршенбековдун машыктыруучусу) мени алардан мурун Цапля аттуу эң жакшы күрөшкөн бала менен беттешке чыгарып көрдү. Бир балл менен уттуруп койдум. Беттештен соң агайым мени дароо өзүнө шакирт кылып алды. Антсе да, эмнегедир жүрөгүм каалаган, дегдеген нерсе башка багыт экенин сездим окшойт, 1 ай болгондо циркке кетүүнү чечтим.
Кыргыз циркинин легендалары
— Кыргыз циркинин эң биринчи артисттери Нурбай Мамбетказиев, Зина Мамбетказиева 1939-жылы Москвадагы цирк окуусун бүтүрүп, СССРдин убагында циркте көп жыл иштешкен. 1963-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жан Фу Лин (Евгений Жаныбеков) аттуу кытай адам, Александр Харламович Палифронов, акробатиканын жетекчиси Шербаков, Түркмөн эмгек сиңирген артисти Насипжан Качеков циркти эң биринчилерден болуп өздөштүрүп, өркүндөткөн адамдар. Алар кыргыз циркинин номурларынын 50 пайызын ойлоп табышкан. Аны менен катар төөдөгү падеде оюнчулары Аскар Жумалиев, Фатима Мукушева, ат үстүндөгү жанглёр кыз Давлета Чокубаева, сальто-морталист (аттын үстүндөгү акробатика) Виктор Купрянин, жанжыбарларды үйрөтүүчү (дрессировщик) Салмор Урманбетовдор цирк үчүн өтө зор эмгек өтөшкөн. Булар кыргыз циркинин легендалары десем жаңылышпайм. Лев Осинский, Тугановдун Осетия жигиттери, кезинде биздин жетекчибиз Керим Гаврилович Варзиев аттуу кишилер согуштун биринчи күнүнөн жеңиштин аягына чейин майданда салгылашып, андан соң циркке келип иштеп калышкан. Алардын аркасында тобубуздагы тартип жоокерлердикиндей катуу болчу. Тартиптин катуулугу биздин чеберчилигибизди өнүктүрүүбүзгө, өстүрүүбүзгө өбөлгө болду.
Цирк күчтүүлүктү талап кылат
— Циркке жаңы келгенде жигитовкада ойногонду каалагам. Бирок ал жерде орун жок болгондуктан, акробатика өнөрүнө алышты. Эң биринчи Уралдагы Перим шаарына бардым. Цирк артисттеринин катарына кошулуп калганым үчүн төбөм көккө жетип, абдан кубангам. Мен сыяктуу спорттон циркке келген балдар көп эле. Эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги спорттун чеберлери келишчү. Бирок 2-3 ай иштегенден кийин чыдабай кеткендери да болду. Мунун себеби, спортто жылына бир канча мелдешке катышуу үчүн даярдык көрүп, кокус сыркоолоп калсаң тыныгуу ала аласың. Циркте кечинде тынбай иштөөгө туура келет. Советтер союзу мезгилинде дүйшөмбү күнү бир эле дем алыш берилчү. Жума, ишемби күндөрү 2, жекшемби күнү 3 көрсөтүүбүз бар эле. Андыктан цирк физикалык жактан да, моралдык жактан да күчтүүлүктү талап кылат десем болот. Бир күндө 3 жолу эл алдына чыксаң, үчөөндө тең күлүп-жайнап, жакшы маанай менен толкунданууңду басып чыгышың шарт. Аны менен катар ар бир трюкту көрүүчүлөрдүн купулуна толгудай мыкты деңгээлде аткарууга милдеттүүсүң. Булардын баарына күч топтош үчүн күн сайын жакшы тамактаныш керек. А бирок кээде акчаң жок начарыраак тамак ичип каласың. Мына ушунун баарына чыдаган адам циркте калып иштеп кете алат.
Оскар сыйлыгын утуп алдык
— Биз 1989-жылдан 2014-жылга чейин Европа өлкөлөрүн түрө кыдырып, көрсөтүүлөрдү коюп, чет мамлекеттерде иштедик. Мындан Япония, ЖаңыЗеландия жана Австралияда гана болгон жокпуз. Калган бардык мамлекеттерде көрсөтүүлөрүбүздү тартууладык. Алар март айларында башталып ноябрда бүтөт да кышкысын гала-концерттерге катышабыз. Азыр эстесем жалпы 17 жолу гала-концертте көрсөтүү берип, алардын баарын (гала-концерт, фестиваль, программа) биз аяктачубуз. Америкада 4 жыл иштеп, келишимдик негизде дүйнөдөгү эң чоң цирк “Ringling bros. and Barnum & Bailey”ге чыктык. Америкадан самолёт менен учуп келип, 14 жигитти 14 аты менен алып кетишкен. Чет өлкөдө иштегенде баары келишим менен болот. Келишим боюнча эч нерсеге карабай так иштешибиз зарыл. Эгер бир күнү бир бала жыгылып калса, анын трюктарын сөзсүз түрдө башка бала өзүнө алат. Кайсыл жерге барбайлы: “Бир эле учурда атта да иштеп, кайра арканда басуу жөндөмүн да алып кеткениңерге баа бердик” дешип баары таң калышчу. 20 жыл бою чарчадым-чалыктым дебестен Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан цирк артисттерибиздин эмгеги өтө зор. Ошондой эмгегибиздин акыбети кайтып, 2010-жылы Монака падышалыгы Монто-Карло шаарында цирктин Оскарын (күмүш клоун) утуп алдык. Аны принц Монако Альберт III тапшырды. Голландия, Польша, Румыниядан жалпысынан 9 фестивалды утуп келдик. Биз өз тарыхыбызда 3-орунду эч алган жокпуз. Баары 1-орун жана Гран-При. Көптөгөн журналдарга чыгып, телеберүүлөргө тартылдык. Ал кезде телеберүүлөрдү ар бир мамлекет сатып алып, дүйнө жүзүндө көрсөтүлчү.
Айтматовдун берген баасы
— “Монто-Карлого кантип барсак болот?” деп жолдорун издеп жүргөн кезде белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Люксембюргдан сүйлөшүп калдык. “Мен циркти билбейм, бирок издеп көрөйүн” деген жообун берди. Көпкө дейре баарлаштык. Маегибиздин ортосунда: “Балам, мен китепти 2 жыл, 3 жыл, 5 жылдап жазам. Ошонун баарын силер 5 мүнөттө эле көргөзүп коёт турбайсыңарбы” деди. Бул сөздөрдү укканымда 3 мүнөттөй өзүмдү жоготуп туруп калгам. Генийдин бизди өзүнөн өйдөрөөк коюп баа бергендиги үчүн жооп айтарга сөз таба алган жокмун. Ыйлагым келип… Мындай учурда “Рахмат!” деп жүз жолу айтсаң да жетишсиз. Ичиңдеги ыраазычылыгыңды жеткире албайсың. Ал адамдын канчалык искусствону түшүнүп, сезип тургандыгын карачы!
Алтынай Нурдинова