— “Талант жана тагдыр” аттуу Бакен Кыдыкеевага арналган спектаклде баш каарман Бакен эженин ролун ойноп келе жатканыңызга 20 жылга жакын убакыт өтүптүр. Бул роль сиз үчүн өзгөчө болсо керек?
— Бакен Кыдыкееванын ролу, образы мен үчүн ыйык. Бул киши сахнанын жылдызы, көркү, ролдун энеси болгон. Кудай берген таланты менен өзүн-өзү тарбиялап, элдин купулуна толгон актриса. Бакен эженин дараметин, бийиктигин өз деңгээлинде көрсөтүш үчүн менден ушунчалык кылдат мамиле керек болду. Ролду алган күндөрү окшошоюн деп аракет кылдым. Замандаштарынан, чогуу баскан-турган кесиптештерден сураштырып, ал жөнүндө маалымат топтодум. Анткени, мен 0што 22 жыл иштеп, Бакен Кыдыкеева Бишкекте болуп, аз эле жолугуп, кандай экенин көп билбей-көрбөй калдым. Акыры ойлонуп, миң аракет кылсам дагы баары бир окшошпоймун, а көрөкчө драматургиянын ички дүйнөсүнө кирейин деп аракет кылдым. А ички дүйнөсүн таптымбы, таппадымбы эл күбө. Бирок, репетиция учурунда дагы, сахнадан дагы акыркы күндөрү аябай окшошуп кеттиң деп айтып жатышты. Кыдыкеева түшүмө кирген жок, өңүмдө аян берген. Бир күнү түн ичинде жалгыз отуруп алып ролго даярданып жаткам. Текстти жаттап жатам, бир убакта кулагыма Бакен эженин үнү менен сүйлөнүп жаткандай болуп кетти. Анан чочуп кетип тык токтоп калдым. Бир топ отуруп кайра баштадым. Кайра уксам өзүмдүн үнүм менен сүйлөдүм, Бакен эженин үнү жок болуп кетиптир. Экинчиси, жаңы премьера болуп жаткан күнү, Бакен эженин замандаштары болгон эже-агалар, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев агайлар залда отурат деп уктум. Албетте, ар бир ролго толкунданасың, толкундоосуз иш болбойт. Чыгып баратып “жүр, эже, кеттик” дедим ичимден. А эмне үчүн антип айттым, мен билбейм. Мына, сахнанын ээси бар, кусуру бар, бул чындык. Эмне үчүн “Эже, жүр, кеттик” дегенимди билбеймин.
— Сиз актёрлуктун ырахатына канып жашаган өнөрпозсуз десем болот. Бирок, бир маегиңизде балдарыңыздын чыгармачылыктан алыс болгонуна сүйүнөрүңүздү билдирипсиз?
— Мен ачык-айкын айта алам, бул кесип тозок, аябай татаал, аябай ачуу! Эмнеге тозоктуу экенин айтпаймын.“Андай эле, мындай эле” десем көрүүчүлөрдүн табитин бузуп алам. Сиздер театрдан же кинодон эмгектин үзүрүн гана көрөсүздөр. А үзүрүнө чейин кандай татаал жагдайды, кандай турмушту өткөзөбүз, аны эч ким билбейт. Билбей эле койсун. Мен ошонун ысыгына күйгөн, суугуна тоңгон адаммын. Ошондуктан, балдарымдын чыгармачылыктан алыс болгонуна сүйүнгөнүмдү жашырбаймын.
— “Санниковдун жери” деген фильмде Гошардын ролун ойногонсуз. Чечине турган эпизоду бар экенин укканымда чыр чыгардым деген экенсиз?
— Чыр чыгардым десем, кичине ороюраак болуп калат. Фильмге рольго бекитилгенимде жылаңач чечинесиң деп мага эч ким айткан эмес деп каршы болдум. Анткени, бир күнү келишти да “Назира, бутуңан башыңа чейин чечинишиң керек. Биз көйнөгүңү жулуп алганда сен жылаңач калышың керек” дешти. “Силер мени менен башында минтип сүйлөшкөн эмессиңер. Жок, чечине албаймын” дедим. Тасма тартыла турган капчыгайда бир саат гана күн тиет экен. “Жетишип калалы, бизди кармаба” деп суранышты. Албетте, чыгармачылык деген чыгармачылык. Мен макул болдум, бирок, алар айткандай жылаңач калган жокмун, өзүңүздөр экрандан көрүп турасыздар.
— Залкар актриса катары айтсаңыз, актрисага эгер “чечин” деген тапшырма берилсе аткарганы туурабы же туура эмеспи?
— Жагдайга жараша… Биздин элибиздин менталитетин дагы ойлош керек. “Ай-иий, Мамбетова чечинип салыптыр” деп элди үркүтүп кереги эмне? Ошого туура, кылдат, профессионалдуу мамиле керек. Чечин десе эле дырдай жылаңач чечинип ийгенде, эл эмне дейт? Эл менен дагы эсептешиш керек. Ар бир кылып жаткан эмгегибиз кыргыз калкы үчүн болгондон кийин алардын табитине жараша болгонубуз жакшы. Биздин эмгегибиз эл үчүн. Ойногон ролубуз менен таалим-тарбия бергенге, идеологиялык жакшы жолго чакырганга аракет кылабыз. Анан, кечиресиз, “залкар” деген сөзүңүздү көтөрө албаймын. Мен жөнөкөй эле актрисамын. Ал бийик сөздүн мага тиешеси жок, азырынча. Ооба, эмгектенгенди, ар бир ролумду жакшы көрөм. Бардык ролума кылдат мамиле жасайм. Ошонун тыянагын күтөм. Менимче, залкар бул – Чыңгыз Айтматов жана манасчы Саякбай Каралаев. Ушулар залкар деген сөзгө татыктуу.
— Коомубуздун кайсы жерин айыктыргыңыз келет?
— Айрыкча ушул күндөрү элдин бири-бирине кылган мамилесин аябай жактырбай жатам. Биз кызык адамдар экенбиз, эмне үчүн бири-бирибиздин жакшылыгыбызды көрө албайбыз. Бири-бирибизге кылган мамилебиз ыпылас… Көрө албастык деген эмне үчүн өнүгүп кеткен, мен түшүнбөйм. Социалдык желелерди колдонгон кыргыздарга жарашпайт экен. Жакшы бир нерсени окуюн десең эле наалат сөздөрдү жазып, бири-бирин уят сөздөр менен мазактап жатканы. Аларды “кой” дегим келет. А бирок, “эй, баланча, сен кимсиң?” деп, кайра мени мазактаганга даяр. Ошол үчүн унчукпайм. Ажобузду баш кылып, ыпылас сөздөр менен кайрылышат. Буга маданият кызматкерлери бир четинен биз күнөөлүүбүз. Эли-журтубузду маданияттуулукка тарбиялай албай жатабыз. Экинчи чети, мамлекет маданиятка көңүл бөлсө, туура мамиле кылса. Биз бала кезде таза, ыймандуу заманда жашаптырбыз. Ошол заман каякта? Кайда калды?
— Театрда сизге эмнеге каршы болуп жатышат?
— Көрө албастык. Андай адамдар бар. Дал жанымда… А мен бир кезде күйгөн күндөрүм болгон. Алар өздөрүнүн көрө албастыгы менен жашай берсин. Аларга ошол жашоо кызык, кумарлуу! Бул өмүр кыска!.. Адамга адам жакшылык кылып, кыска өмүрдө нуска жана таттуу жашап өтүш керек экен.
— Сиз үчүн сүйүү эмне?
— Ал өзүңдүн жеке жашооңдун көздү уялтып жалт-жулт эткен жарык жагы.
— Сиз сүйдүңүз да ээ, эже?
— Эми… Тирүү жан экенмин го…
— Сүйүүгө кандай мамиле кылдыңыз?
— Сүйүү деген татаал нерсе. Сүйүү деген – тагдыр! Буга кайдыгер мамиле кылган болбойт. Өз башыңдан өткөндө таттуу болсо таттуулугу, ачуу болсо ачуулугу ички дүйнөңдө калат. Биз тагдырга баш ийбеске айлабыз жок. Сүйүү ачуусу бар, таттуусу бар өзүңдүн тагдырың. Анын эч кимге кызыгы жок.
— Сизди сүйгөндөргө кандай мамиле кыласыз?
— Эмне үчүн мен актрисамын? Драматургдун жазганын сезе билбесем, режиссердун айтканына ишене билбесем, жүрөгүм ийкемдүү болбосо, актриса боло албайт элем. Мени сүйгөндөргө абдан жакшы мамиле кылам. Себеби, алардын сүйүүсүн сезе алам, ишене алам. Мени сүйсө – ошол сүйүү алардын тагдыры! Сүйүүнү барктай, баалай билиш керек. Ал баарына эле келе бербейт.
— Өтө сырдаш, ынак курбуларыңыз барбы?
— Албетте, досторум да, кастарым да бар. Чыгармачыл адамдар биз, жука… (шыбырап) жука келебиз… Сезгич келебиз. Бири-бирибизге аябай кылдат, так мамиле кылышыбыз керек. Жаш кезде билбейт экенсиң. Кээде бирөө келип орой тиет, ичиңден “атаңдын гөрү” деп кыйналып каласың. Кээде бирөө жумшак мамиле кылат. Андайда жаның жыргайт. Биз сезимталбыз. Сезим жок болсо роль ойной албайсың. Чыгарма жаза албайсың. Айтматов эмне үчүн улуу, билесизби? Адамдын жан дүйнөсүн өзүнүн ички дүйнөсүнөн өткөрүп туруп анан жазганы үчүн улуу. Көп нерсени турмуштан алат. Шекспир дагы турмуштан алган. Аны көркөмдөп, кооздоп анан бизге берет. Жасалма жазуучу, жасалма актриса жансыз бойдон кала берет. Чыгармачыл адамдар кыл көпүрө менен жүрөбүз. Анткени, баарын сезип турабыз. Керек болсо, жазындагы каакымдын учканын дагы…
— Сиз жөнүндө документалдуу тасма тартканга кызыккан режиссёрлор болдубу?
— Геннадий Базаровдун “Альтернатива” деген мага арналган документалдык телефильми бар. Мен татыктуу болсом дагы бирөө чыгар. Сиздин өмүр баяныңызды тарталы деп былтыр бирөөлөр келишкен. Эмнегедир, кош көңүл мамиле кылып койдум эле. Мен жөнүндө китеп чыгып жатат. Жаңы жылга жакын чыгып калар. Автору театр сынчысы Людмила Молдалиева. Чыгармачылыктын босогосун аттаганыма 50 жыл болду. Канча өмүрүм калганын Кудай өзү билет. Мен шашылып жашап жатам, шашылуу пайда болду менде. Дагы бир нерсеге үлгүрүп калсам, дагы бир чыгарма жаратсам деген тилегим бар. А эмне жаратсам?.. Илгери мамлекет бизди колдоп турганда бул же тиги чыгарманы койсом деп тилек кылат элек. Азыр акчага көз каранды болгондон кийин тилегиңдин өтөсүнө чыга аласыңбы, бул да күмөн…
— Мыктылыгыңызды сакташ үчүн эмне кыласыз?
— Акыркы күнгө чейин сахнаны, көрүүчүлөрүмдү, өнөктөштөрүмдү сыйлашым керек. Көрүүчүлөр менин эмгегимди баалаганы келет. Өнөктөштөрүм иштин акыбети кайтыш үчүн мени менен тилектеш, пикирлеш. Мен сахнада ойногум келбейт, жашагым келет. Ошону жанымдагылардан да талап кылам. Туура эмес ойноп жатса, кээде аларды жүдөтүп жиберем. Ар бир ролго өзүңдү тарбиялап, кесипкөйлүк менен мамиле кылышың керек да. Бирөө жаман көрөт, бирөө жакшы көрөт. Ыйык сахнада жашап жатып, ар адамдын ачуу-таттуу, жакшыжаман тагдырын, психологиялык жактан ача билген деңгээлге жетип калдым го деген оюм бар. Канча роль ойнодум, мейли кинодо болсун, мейли сахнада болсун… Адамдын ички дүйнөсүн аңтарып, изденип жүрүп, актёрлор акыры психолог болуп калат экенбиз.
— Коомчулукка айтар сөзүңүз барбы?
— Айтматовдун китебин, ар бир чыгармасын окуңуздарчы деп айтар элем. Күндө адам болуу татаал, бирок күндө адам болуш керек деп айтып жатат. Айтматовду окуганда жүрөгүбүздү оорутушпайт элек. Бири-бирибизди көргө түртпөйт элек.