"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан СМАНБЕКОВ: “Ал күнү Бакен эже бир башкача сулуу эле…”

— Темирлан агай, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады. Кезинде азыркы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына Бакен Кыдыкееванын атын ыйгаруу жөнүндөгү маселени сиз көтөргөн экенсиз?

— Бул эми узак сөз…Өмүрүнүн соңку жылдары Бакен эже ооруп жүрдү. Ошол кезде Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрдан да чыгып калган эле. Мыкты режиссёр, ыраматылык Алмаз Сарлыкбеков “эжебиз келип-кетип, алаксып жүрө берсин” деп жаш көрүүчүлөр театрына жумушка алды. Мен да ушул театрда эмгектенчүмүн. Бакен эже менен эки жылдай чогуу иштедик. Ошол 1993-жылдын каргашалуу 30-декабрынан эки күн мурда  жамаатыбыз менен жаңы жыл тосконбуз. Бакен эже да ал күнү бир башкача супсулуу болуп, жаркылдап, майрамдык маанайдын шаңына-шаң кошуп биз менен чогуу олтурду. Эки-үч саат майрамдагандан кийин “Отура бергиле, балдар. Мен үйүмө барайын ” дегенинен такси чакыралы десек макул болгон жок. Анткени, театрга жакыныраак жерде эле жашачу экен. Биз баарыбыз Бакен эжени узатканы эшикке чыктык. Ал кечтеги жаратылыштын сулуулугун айтпа. Кар сампарлап аппак болуп жаап, жерге мамыктай төшөлүп калыптыр. Бакен эже: “карагылачы, ушул сулуулукту калтырып, таксиге кантип отурам?” деди. Биз эженин карааны үзүлгүчө аркасынан карап турдук. Сымбатына жарашкан жакалуу көгүш пальто кийип, тыбыт жоолугун салынып, койкоюп, аппак кардын арасында сулуулукка бөлөнүп кетип баратты. Бул дүйнөгө бир келген улуу актрисанын ошондогу акыркы ­ай жаркын элеси карегибизде калды. Ажалга арга жок экен, январдын он бештеринде актриса тууралуу суук кабарды уктук…

Арадан аз өтпөй аталган театрга директор болуп дайындалдым. Ал убакта мамлекет жардыланып, кыргыз маданияты туңгуюкка кептелип турган учур болчу. Театрдагы ишти эмнеден баштайм деп санаага батып жүргөн убагымда Бакен эже эсиме түшүп, бул улуу адамдын арбагын ыраазы кылгым келди. Кыдыкеева жөнүндө пьеса жазып бербейсизби, мындай кишинин арбагына таазим кылбасак болбойт го деп Жаныш Кулмамбетовго телефон чалсам, “Талант жана тагдыр” аттуу эжеге арнаган пьесасы эчак жазылып бүтүп даяр турганын айтты. Окуп көрсөм аябай сонун жазылыптыр, Кудай мындай бербеспи дедим. Эми спектаклди койгонго каражатты кайдан табам деп калдым, ошол убакта ыраматылык Ташкул Керексизов деген агабыз менен жакшы мамилем бар эле, ниетимди билдирсем макул болду. Жетекчилик жолумду ушул эжеге арналган чыгарма менен баштайын деп жатам дедим. Ал мага бир спекталь коё турган каражат берди. Чыгарманы сахнага алып чыгарарда жыт чыгарып эженин арбагына атап куран окудук. Спектакль укмуш ийгиликтүү коюлуп, көрүүчүлөр театрдан ыйлап чыгып жатышты. Ошондон кийин ишим өзүнөн-өзү илгерилеген бойдон жөнөдү. Ал кезде театрдын аты жок, “Мамлекеттик жаштар театры” деп аталчу. Бакен эженин атын бербегенде кимдикин коёбуз деп, атын жаздырып документтерин даярдап, ортолоп калганда бөлөк театрга которулдум.

— Сиз жетекчилик мыкты касиетке ээ инсан экениңизди угуп жүрөбүз. Жакшы жетекчи болушу үчүн адам кандай сапаттарга ээ болуш керек?

— Ыракмат. Кудайдын буйругу менен жети театрга жетекчи болуп кызмат өтөдүм. Нарын театрынын директору кезимде, Ташкентке барганыбызда өзбек маданият министри: “Нарында бир кичинекей театр мыкты деңгээлдеги спектакль көрсөттү. А биздин баш театрларыбыз ушундай деңгээлге чыга албай жатабыз” дегени эсимде. Жакында эле К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры тарабынан Султан Раевдин “Күн кармаган бала”повестинин негизинде коюлган чыгарманы республика боюнча спектаклдердин эң мыктысы деген пикирлерди айтып жатышат. “Сонун касиетиң бар, иштеген жериңди гүлдөтөсүң” деп калышат кесиптештерим. Бир-эки ай мурдараак ден-соолукка байланыштуу Ысык-Көл театрынан өз каалоом менен бошотулдум. Андагы кызматкерлерим кетишимди каалабай, аргасыз калышты. Жетекчи мээримдүү, камкор келип, ар бир кызматкердин жеке жашоосундагы кубанычы-кыйынчылыгы менен кабардар болуп, бирин бооруна тартып, бирин четке түртүп койбой, баарына тегиз карашы керек. Мен бир театрдан экинчисине которулганда: “Эми жыргайсыңар, куттун, берекенин баары силерге ооду. Жакшылап күтүп алгыла агайды” деп актёрлор бири-бирине айткандарын угуп жүрөм.

— Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук Академиялык драма театрынын директору болуп жүргөн мезгилиңизде “Махабхарата”, “Рамаяна”, “Тумар ханыша” өңдүү дүйнөгө белгилүү чыгармалар коюлду. Бул чыгармалардын тандалып калышына сиздин тиешеңиз болду беле?

— Кыргыз Республикасынын эл акыны Бактыгүл Чотурова Томирис ханыша (“Тумар ханыша”) жөнүндө чыгарма жазган экен. Окуп чыгып, “эже, ушуну драма кылып жазыңыз, сахнага коёбуз” дедим. “Ой, мен өмүрүмдө драма жазып көргөн эмесмин” деди. “Жазасыз” деп кыйнадым. Эже аргасы түгөнүп Шекспирден тартып көптөгөн драматургдарды окуп чыгып, натыйжасында сонун чыгарма жаратып койду. Актёрлор дагы таланты ачылып укмуш ойноду. Азыр ал театрга барсам жаштар кучактап калат. Индиянын элчиси экөөбүз дос болуп, Индия эпосу “Рамаянын” негизинде коюлган “Рамаянаны” жана “Махабхарата”эпосунун негизиндеги аталган спектаклди сахнага койдук. Репетиция учурунда элчи өзү келип катышып таң калып жатты. Премьера болордо бүт элчилерди чакырды. Ошол кезде экс-президент Алмаз Атамбаев Индияга иш сапары менен барганда премьер- министри айтты: “Биздин “Махабхарата” сиздердин улуттук театрда коюлду. Биз абдан ыраазыбыз” деди. Ошондон кийин бүт элчилер мени кызматташууга чакырып: “Биздин адабиятты театр аркылуу жайылтсак болот турбайбы” дешти. “Ооба, эң сонун жолу ушул” дедим мен. Иран элчиси “сизге билет алып берели, Иранга барып маданият министри менен жолугуп, Фирдоусинин “Шах-наамесин” коёлу” деп калышты. Мен Нарын мамлекеттик музыкалык драма театрына которулуп кеткенден кийин бул иштер аягына чыкпай калды.

— Сиз тарыхый мюзикл, кино-дастан жанрындагы “Дарак ыры” аттуу көркөм тасмада Базарбай аттуу байдын ролуна кандайча тандалып калдыңыз?

— Умсунай деген биздин театардан бүткөн студентим “Дарак ыры”тасмасына режиссердун жардамчысы болуп дайындалат. Киного тартууга сынак башталганда Базарбайдын ролуна жакшы ырдаган актёр керек дешкенинен, Темирлан агай жакшы ырдайт, чакырып көрбөйлүбү деп мени сунуштайт. Анда режиссёр “бул ролго Сманбеков өтө келишимдүү болуп калат” деп макул болбойт. Ошо менен Умсунай да унчукпай калыптыр. Базарбайдын ролуна актёр табылбай тасманы тартуу мезгилинен бир ай кечигишет. Кино жай айы толукшуп, жердин жапжашыл ыраңы кайта электе тартылмак экен. Бир күнү Умсунай “агай, кастингге келип койбойсузбу, режиссёрдон уруксат алдым” деди. Мен иштеримди бүткөрүп бир жумадан кийин келдим. Чапанды кийгизип, ролдун сөзү жазылган баракты колума карматышты. Окусам ролдун татаал жери берилген экен. “Айбек, мен муну азыр ойной албайм айланайын, сен мага бир күн уруксат бер, эртеңкиге даярданып келейин” десем, “башка артисттер дароо эле ойноп жатпайбы” деди. “Мейли, а мен даярданышым керек” дедим. Түнү менен уктабай тексттерди жаттап, даярданып, өзүмдүн вариантымды алып чыктым. Менин кебетем булкулдаган-жулкулдаган байга ылайыктуу эмес. Өзүмдүн турган турпатыма жараша бай болушум керек да. Ролду ойноп берип үйгө кеттим. Кечинде режиссёр:“куттуктайбыз агай, өттүңүз. Эртеңкиге даярданыңыз” деди. Кийин Умсунай айтат: “сиз ролду аткарып баштаганда эле бири-бирине көз ымдап сүйүнүп калышты. Сизди жактырышканын дароо билдим” деди. Мына, ошол ролумда мен өзүмдүн таятама окшоп калгам.

— Сизди учурда ойлондурган көйгөйлүү маселе кайсы?

— Жашыңа жаш кошулган сайын кандай улгайып баратам деп ойлойт экенсиң. Мисалы, көчөдө эки бала урушуп жатса, “ата, акыл-эси жок балдар турбайбы” деп басып кетпей, “балдарым, туура эмес иш кылып жатасыңар. Эсиңерге келгиле, жакшы адам болгула” деп кыргызчылык,улуулук милдетти аткарыш бүгүнкү күндүн ак сакалдарына кыйын. Илгери биздин ата-бабалар урушуп жаткан жаштарды көргөндө атынын оозунун бура тартып: “ээ, балам, сен кимдин баласысың? А-а, жакшы жердин кулуну турбайсыңбы. Кой, балам, ата-энеңди наалатка калтырба”деп угабы-укпайбы бир ооз насаат кебин, жылуу сөзүн айтып өткөн. Кайдыгер боло алган эмес. Дегеним, азыр ак сакалдык наркты алып жүргөн нарктуу карылардын көзгө урунбай, табылбай, жоголуп баратканы өкүндүрөт.

— Агай, сиз Чыңгыз Айтматовдун “Кыямат” романындагы Бостондун ролун ойноп, “Мыкты актёр” деп таанылып, залкар жазуучубуздун назарына илингениңизди окуп калдым эле…

— Белгилүү театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов мен жөнүндө китеп жазып бүттү. Буюрса, жакынкы айларда жарык көрүп калат. “Темирлан, сен “Кыямат” романындагы Бостонду ойноп келип жыгылганыңда, Чыкем сахнага келип сени өйдө тургузуп “менин эң кымбат, эң мыкты Бостонум” деп айтып жатканы эсимде дейт. Ошондо, Бостондун ролу “Эң мыкты роль”деп таанылып, гран-прини уткам. Кийинки жылы Орто Азия жана Казакстан республикалары боюнча бүт театр катышкан фестиваль Тажикстанда өткөрүлүп, мен мурунку жылдагы гран-прини уткан актёр катары конокко чакырылдым. Ушуга улай бир кызык окуяны айтып берейин. Орто Азиянын актёр-актрисалары спектакль көрүп отурабыз. Бир маалда эле бир тал роза гүлү  улам жаагымды сылап өтүп кетет. Аркамы карасам татынакай түрк актрисасы жылмайып мени карап отуруптур. Менин да жаш кезим эле. Түгөт кыз, көрсө, гүлү менен бетимден  сылап тийишип жатыптыр да…

 

Афина БАКИРОВА

№78 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 29-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!