"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек ИБРАЕВ: “Өлкөдөгү ири ГЭСтер реконструкцияланууда”

— Таалайбек Өмүкеевич, электр энергиясы 1 — 1,5 сааттан өчүрүлүп жатат, өчүрүү качан токтойт?

— Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин гидроагрегаттарын реконструкция иштерине байланыштуу электр энергия берүүнү убактылуу өчүрүүгө туура келди. Муну энергияны колдонууга чектөө киргизилди деп айтуу туура эмес.  Кайсы жерде кубаттуулугу көп электр энергиясы колдонулса ошол жер өчүрүлүүдө. Бирок, жаз келип, күн жылыды, керектөө азайса, электр энергияга киргизилген чектөө алынат, жарык өчпөйт.   Керектөөчүлөрдү кырдаалга түшүнүү менен кароого чакырабыз.  Токтогул ГЭСинде акыркы эки, үч жылдан бери реконструкция иштери жүрүүдө. Бул ГЭСте 4 агрегат бар. Анын  2 агрегаты 2022-23-жылдары оңдоодон өтүп, бүгүн ар бир агрегат 360  МВткубаттуулуктагы энергия чыгарууда. Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегаты 2024-жылдын 5-мартынан тарта реконструкция берилди. Реконструкциясы бүтүп ишке берилсе, кубаттуулук кошулат. 2025-жылга   жалпы кубаттуулук  1440 МВтты түзөөрүн белгилеп кетким келет. Жалпы энергетика тармагындагы иштер, ГЭСтердин капиталдык оңдоодон өтүүсү Мамлекет башчысынын колдоосу менен ишке ашууда.  Аны менен катар  энергетика тармагында күз-кыш мезгилине даярдыкты  азыртадан баштабасак, келээрки кыш мезгилинде маселе жаралуу ыктымаалдыгы жогорулашы  мүмкүн.  Мындан тышкары, жыл сайын керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатканын кошумчалагым келет. Бул кошумча кубаттуулукту талап кылууда. Учурда  эскилиги жеткен  гидроагрегаттарды толук оңдоодон өткөрүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары,  Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидро агрегатын  реконструкциялоого чыгарылды.  Оңдоодон кийин  анын жалпы кубаттуугу 216 МВтты түзөт.  Эске салсам, өлкөдө электр энергияны керектөө 2010-жылы 10 млрд 313 млн 8 миң кВт саатты, 2023-жылы 16 млрд 558 млн 6 миң кВт саатты түзгөн. Жыл сайын орточо эсеп менен алганда 30 000 жаңы абонент кошулуп турат.

— Токтогул суусактагычындагы суунун көлөмү азайып кеткени парламентте айтылып, кызыл чекитине барып калбайбызбы деген кооптонуулар болду. Бул кооптонууларга негиз барбы?

— 18-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 224 млн куб метрди түздү. Суунун көлөмү азайып кетти, кызыл чекитке жетип калыптыр, электр энергиясы жок калат экенбиз деп сарсанаа болуштун кереги жок. Биз тиешелүү адистер, баарын көзөмөлгө алып турабыз.

— Бишкек Жылуулук борборунунун жарылуудан кийинки абалы кандай? Жаңы ЖЭБ куруу туралуу да маселе көтүрүлгөн болчу…

— Бүгүн Бишкек Жылуулук борбору кадимкидей режимде  иштеп жатат. Борбордун курулушу эски, мындагы генератор, кателдордун иштөө мөөнөтү  30 жыл болсо, 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатат. Жарылуудан кийин оңдоп түзөө иштери жүрүүдө. Ушул эле ЖЭБдин аймагына кошумча  газ менен иштөөчү станция куралы деп турабыз. Ал электр энергия, жылуулук чыгарат. Жаңы станцияны курууга 2,5 жыл убакыт сарпталат, учурда станцияны куруу долбоору  талкууланууда. Инвесторлор бар. Түркия, Россиялык компаниялар менен   сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

— Электр энергиясына болгон тарифтик баа өзгөрбөйбү?

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” тиешелүү документтин долбоору, коомдук талкууга чыгарды. Инфляциянын деңгээлин эске алуу менен 2024-жылдын 1-майынан тартып электр жарыгы 10,8 тыйынга кымбаттары күтүлүүдө.

— Бир нече жылдардан бери сөз болуп келе жаткан “Камбар-Ата — 1” ГЭСинин курулушуна даярдыктар көрүлүп келет, бул долбоор качан башталат?

— Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну Дүйнөлүк банк колдоого алганы турат. Ушу тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми ушул жылдын 11-июнунда Дүйнөлүк банктын эсебинен Женеведа “Кыргыз энергетика форуму” өткөнү турат. Бул чоң окуя. Долбоорго биздин мамлекет 500 млрд, Дүйнөлүк банк 500 млрд жалпы 1 млрд доллар каражат салынаары  белгилүү болуп калды. Калган каражаттарды донорлорду тартуу менен долбоор  ишке ашса, өлкө гана эмес Орто Азиядагы суу, энергетика маселесин чечүүгө эгедер болот деген ойдомун. Өлкө тарыхы үчүн ири долбоор деп айтууга болот.

— Кыргызстанда жашыл энергитикага өтүү акырындык менен ишке ашууда, бул багытта абал кандай?

— Шамал жана күн электр станцияларын куруу аракеттери көрүлүүдө. Бул багытта Кытай, Япония жана башка мамлекеттер ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакында кытай компаниясынын ортосунда шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, Кызарт жана Семиз-Бел участокторунда шамал жана күн электр станцияларын куруу иштери алдыда турат. Жакында болсо Таластагы Киров cуу сактагычында курулган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирет. Бул ГЭС  25 МВт кубаттуулуктагы үч гидроагрегаттуу, жылына орточо эсеп менен 92 млн. кВт саат электр энергиясын чыгарган станция болот. Ал эми алдыда Сары — Жаз, Казарман, Көкө — Мерен, Куланак, Жогорку —  Нарын каскады сыяктуу долбоорлор бүтсө энергетикалык абалыбыз кыйла жакшырат.

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

№23 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 26-марты

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!