"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын Финансы министри  Алмаз БАКЕТАЕВ: “Бул жылы экономикалык жактан чоң секирик жасалды”

Өлкөнү өнүктүрүү, калк жашоосун жакшыртуу, айлык-маяналарды көтөрүү багыттарында жакшы жетишкендиктер бар. Жалпы эле Кыргыз Республикасынын каржылык абалы, бюджеттин аткарылуусу, кийинки жылдарга аткара турган иштер боюнча   өлкөнүн Финансы минстри Алмаз Бакетаев менен мектештик.

— Алмаз Кушбекович, алгач 2023-жылдын бюджетинин аткарылышына токтолсоңуз?

— Кыргызстанда акыркы жылдары, өзгөчө быйыл, кирешелердин өсүүсү боюнча ийгиликтүү жыл болду. Эгерде, 2023-жылдын бюджетин түзүүдө биз мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин (консолидацияланган бюджеттин) ресурстарын 503,4 млрд сом деңгээлинде пландасак, учурдагы аткаруу көрсөткүчтөрү 571,6 млрд сом суммасында күтүлүүдө. Маалымат катары айтып кетсем, 2022-ж консолидацияланган бюджеттин ресурстары 443,1 млрд сомду түзгөн.  2022-жылга салыштырмалуу өсүү 128,5 млрд  сом же 129 %. Ал эми 2019-жылга көлөмүнө салыштырмалуу 332,0 млрд сомго же 2,4 эсеге көп болду. Мамлекетибиздин каржылык абалын жакшыртуу иштери дагы да күчтөнөт. Баса белгилеп ккетким келет, Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин саясий эрки менен ИДПнын көрсөткүчү триллиондук чектен өтүүгө жол түзүлдү. Мындай бийиктиктерге жетүү үчүн Президентибиз чоң жоопкерчиликти өзүнө алып, бардык мамлекеттик органдарга өз милдетин ачык, айкын аткарууну тапшырды. Министрлер Кабинети да өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн саясатын түздү. Иш-чаранын пландары так түзүлүп, аткаруу улантылууда. Бүгүнкү күндө, жогоруда айтып кеткендей, буга чейин болуп көрбөгөндөй чоң көлөмдөгү каржылоолор жүрүп жатат. Ошону менен бирге экономиканын өнүгүүсүнө инвестиция салуу улантылууда. Биздин жетекчиликтин саясий эрки менен өлкө экономикалык жактан чоң секирик жасады. Баса белгилеп кетүү зарыл, буга чейин мамлекеттик бюджеттин кирешеси мындай көрсөткүчтөгө жеткен эмес. Бул бизге келерки жылы профицитке жетишүүгө мүмкүндүк берет.

— Ал эми өлкөнүн бюджетинин чыгымдары тууралуу да айтып берсеңиз?

— Быйыл республикалык бюджеттин чыгашалары 361,8 млрд. сом деңгээлинде же былтыркы жылга салыштырмалуу 78,3 млрд сом өсүш менен аткарылууда. Чыгымдардын басымдуу бөлүгүн социалдык объекттерди куруу, жолдорду куруу, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу түзөт. Өлкөнүн реалдуу секторуна жалпысынан (финансылык активдерди жана мамлекеттик инвестицияларды кошкондо) 130,1 млрд сом каралды, анын ичинде экономика тармагына 124,4 млрд сом.  Алардан негизги багыттары болгон айыл-чарбага жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо 22,1 млрд сом каралды. Энергетикага 33,8  млрд сом, транспорт тармагына 17 млрд сом.  2023 жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча 16,8 млрд сом каралды. Мындан тышкары аталган каражаттар айлана-чөйрөнү коргоого, турак-жай коммуналдык чарбага, мам.ипотекалык компаниясына, акционердик коомдорду капиталдаштырууга жумшалган.  Социалдык тармак тууралуу айтып кетсем, 2023-жылдын такталаган бюджетинен жалпысынан быйыл 175 млрд сом каралды. Анын ичинде жөлөк пулдарга, дары-дармек менен саламаттык сактоо уюмдарын камсыздоого, маданият тармагына, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого жана башка тараптар да бар. Жалпысынан эмгек маяналарга 2023-жылы 123,3 млрд  каралган. Бүгүнкү күндө 113,4 млрд сом каржыланды. Ал эми республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге быйыл бекитилген бюджетте 10,3 млрд сом каралган болсо, 11 айда кошумча каражат бөлүнүп, 17,4 млрд сом каржыланды. Ачыгын айтыш керек, буга чейин мындай көлөмдө каржылоо болгон эмес. Мындан тышкары да көптөгөн долбоорлор ишке ашып, жаңы долбоорлор түзүлүп жатат. “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө бул долбоор толугу менен өздөштүрүлдү.

— Коррупцияга каршы күрөшүүдөн казынага кайтарылган каражаттар тууралуу да маалымат бере кетсеңиз?

— Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндөгү акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине которулат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болуп саналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсептерине которулат. Жалпысынан 2020-2023-жылдар аралыгында 15 562,65 млн сом суммасында каражат түшкөн.

— Мамлекеттик карызды төлөө боюнча бюджеттин мүмкүнчүлүгү кандай?

— 2023-жылга карата такталган республикалык бюджетте мамлекеттик карызды тейлөөгө 53,4 млрд сом каралса, 11 айдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карызды төлөөгө 49,1 млрд сом акча каражаты жумшалды. Мамлекеттик карыз төлөөгө графигине ылайык, өз убагында жана кечиктирилбестен төлөнөт. Ал эми 2024-жылга карата өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 67 млрд сом жумшоо пландалууда. Азыркы учурда биз мамлекеттик карыздарды тейлөөдө эң жогорку пиктебиз жана бул пик 2032-2033-жылдарга чейин уланат. Бул жерде бир нерсени баса белгилеп айткым келет, бул карыздар мурда алынган узак мөөнөттүү, жеңилдетилген шарттарда алынган карыздар. Мына ушулардын төлөө мөөнөтү азыркы учурга туш келди. Мамлекеттик карызды өз учурунда төйлөөгө бюджеттин профицит менен бекитилүүсү абдан маанилүү. Ошол себептен, 2024-жылы республикалык бюджеттин 10,9 млрд сом өлчөмүндөгү профициттин көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик карыздын негизги суммасын төлөөгө багытталат. Мамлекеттик карызды тейлөөдө бюджеттин эч жактан жардам албастан туруп эле өз мүмкүнчүлүгү менен төлөөгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы 49,6% түзөт. Бул көрсөткүч биздин мамлекеттик карызды туруктуу деп мүнөздөйт. Ошондой эле кошумчалап кетүүчү жагдай, мамлекет мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу менен ички карызга басым жасайт. Баалуу кагаздарды чыгарууда келип түшкөн акча каражаттар мурда бюджеттин тартыштыгын жабууга жумшалып келсе, азыр болсо социалдык, экономикалык жана экологиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Алсак, жашыл экономиканын алкагында жана социалдык-экономикалык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууда, баалуу кагаздарды чыгаруудан келип түшкөн каражаттар чакан ГЭСтерди курууга, шаар-аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык обьекттерди курууга, капиталдык ремонттон өткөрүүгө жана реконструкциялоого жана башка маанилүү багыттарга жумшалат. Бул болсо мультипликативдик натыйжа берип, жаңы ачылган, өнүгүү жолуна түшкөн ишкана-мекемелерден кошумча салыктар жана социалдык төлөмдөрдүн түшүшү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп, алардын иш натыйжалуулугун жакшыруусу ИДПнын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

— Алдыңкы убактарда кандай пландарды аткарууну көздөп турасыздар?

— 2024-жылга мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин (консолидацияланган бюджеттин) ресурстарын 602,1 млрд. сомго жогорулатууну пландаштырып жатабыз. Бул көрсөткүчтү аткаруу үчүн салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү жана башка иш-чаралар улантылат. Акыркы жылдары, тагыраагы 2021-жылдан тартып финансылык активдерге киргизүү аркылуу экономикалык өсүүнү жогорулатуу саясаты жүргүзүлүүдө. Мында, орто мөөнөттүү келечекте экономикалык багыттагы бюджетке өтүүгө жол тартабыз. Биздин алдыбызда чоң милдеттер турат – жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу, мамлекеттик карыздын негизги суммасын азайтуу аны менен катар экономикалык өсүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу.

 

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

№104 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 29-декабры

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!