"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз: “Соода — экономикалык долбоорлор кеңейтилет”

11-августта  Франциянын борбору Парижде  XXXIII жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Кыргызстандын атынан жалпы 16 спортчу күч сынашууга жөнөп кеткен. Спортчулар  Кыргызстанга  жалпы 6 медаль, тагыраагы 2 күмүш жана 4 коло менен кайтышты. Ал эми биз Кыргызстандын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садык Шер-Нияз мырзаны эки өлкө алакасы, ал жактагы  кыргыздар жана  дүйнөлүк олимпиададагы элдин маанайы тууралуу маектештик.

  • Садык агай, алгач, Кыргызстан менен Франциянын кызматташтыгы тууралуу маалымат берсеңиз. Кайсы тармактарда кандай иштер аткарылып жатат?
  • Оболу, сиздин Кыргызстан менен Франциянын кызматташтыгына кызыгууңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы кызматташтык көп жылдар бою ар түрдүү тармактарда жемиштүү өнүгүп келе жатат. Алсак, экономика жана соода тармагында Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы байланышты мындан ары күчөтүү үчүн бир нече келишим жана долбоорлор ишке ашырылып жатат. Франция Кыргызстанга энергетика жана туризм багытында түз инвестицияларды тартып, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөөдө. Маданият жана билим берүү жаатында да маанилүү иштер аткарылууда. Кыргызстанда француз тилин үйрөнүүнү каалаган студенттердин саны артып, Француз институту активдүү ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Мындан сырткары, кыргыз студенттеринин Францияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында стипендиялык программалар жана академиялык алмашууларды уюштурууну максат кылуудабыз. Кыргызстандын кооз жаратылышы жана маданий мурастары Франциядан келген туристтердин өзгөчө көңүлүн буруп келет. Туризм тармагында кызматташуу экологиялык туруктуулукту камсыздоо жана экотуризмди өнүктүрүү максатында активдүү жүрүүдө. Эки өлкө эл аралык аренада да көптөгөн демилгелерди биргеликте колдоп келишет.  Мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн биз ар дайым жаңы мүмкүнчүлүктөрдү караштырып, биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярбыз.
  • Азыркы учурда бул өлкөдө канча кыргызстандык бар, алар менен байланыш кандай, биздин жарандар элчиликке көбүнесе кайсы маселелер менен кайрылышат?
  • Биздин Элчиликтин консулдук каттоосунда турган жарандардын расмий саны 500гө жакын. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча Францияда 2000ге чукул кыргызстандык жашайт. Ошондой эле элчиликтин консулдук округуна 5 өлкө кирет. Алар: Испания, Португалия, Монако, Андорра. Бул контекстте өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, элчилик 4 жыл мурун гана ачылган, ошондуктан маалымат базасы жыл сайын жаңыланып, өсүүдө. Негизинен, элчилик жарандарга жардам берүү үчүн бир нече негизги функцияларды аткарат, алар паспортторду алмаштыруу, нотариалдык иш-аракеттер,  өзгөчө кырдаалдарга туш болгон жарандарды коргоо жана колдоо, ошондой эле камакка алынган же кармалган учурда укуктук жардам берүү, маалыматтык колдоо көрсөтүлүүдө.  Элчилик Франциядагы кыргызстандыктардын биримдигин камсыз кылуу, Кыргызстандын маданият жана каада-салттарын аяр сактоо, ошондой эле патриоттуулукка тарбиялоо максатында иш-чараларды уюштуруп келет.
  • Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын абалына жеке сиз кайсы багыттар боюнча басым жасап жатасыз?
  • Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү — менин негизги максаттарымдын бири. Инвестиц тартуу жана кыргыз ишкерлерин Франциянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракеттери көрүлүүдө. Билим берүү, маданият жаатында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу аркылуу эки элдин ортосундагы маданий байланышты чыңдоого умтулуудабыз. Экологиялык маселелер жана туруктуу өнүгүү жаатында кызматташтыкты күчөтүү менин миссиямдагы өзгөчө орунду ээлейт. Биздин максат- экологиялык туруктуулукту камсыздоо жана бул жаатта тажрыйба алмашуу. Эл аралык аренада Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы диалогду улантуу жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашуу ишмердүүлүгүбүздүн артыкчылыктуу бөлүгү.
  • Париж олимпиадасы тууралуу кеп кылсак… Олимпиада кандай өттү, коопсуздук жагы, элдин маанайы кандай болду, сиз өзгөчө эмнелерди байкай алдыңыз?
  • Франциянын борборунда чоң даярдыктар көрүлгөнүн  байкоого болот. Париждин бийлиги жана шаар тургундары бул маанилүү окуяны чыдамсыздык менен күтүп, зор үмүт жана толкундануу менен кабыл алды. Оюндар үчүн бир нече жылдар бою ар тараптуу даярдыктарды көрүп келди. Париж полициясы жана коопсуздук кызматтары оюндар учурунда  коопсуздукту камсыздады. Спортчуларды жана туристтерди ташуу үчүн транспорттук система модернизацияланды. Жаңы транспорттук маршруттар жана атайын уюштурулган логистикалык пландар ишке киргизилгенин айтууга болот. Шаарга дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтердин саны кескин өстү. Бул Париждин көчөлөрүндө, музейлеринде жана башка кооз жерлеринде байкалып турду.  Шаар тургундары жана туристтер арасында достук жана майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Бардыгы бул ири спорттук окуяны чыдамсыздык менен күткөн эле. Париждеги Олимпиада оюндары дүйнө жүзүндөгү адамдарды бириктирип, спорттун рухун жана эл аралык ынтымакты даңазалаган маанилүү окуя болуп саналат. Бул ири иш-чараны жогорку деңгээлде, ийгиликтүү өткөрүп алуу үчүн Париждин бийлиги жана тургундары чоң күч-аракет жумшашты десек болот.
  • Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Францияга барып  Олимпиада оюндарынын алкагында өткөн саммитке, оюндардын ачылыш аземине катышып келди, аны менен катар өлкөбүздүн  намысын коргоого сапар тарткан спортучуларыбызга  элчилик кандай жардам берди?
  • Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун ХХХІІІ Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге келгени жакшы жышаан болду. Бул окуялар Кыргызстандын элчилигинин ишмердүүлүгүндө өзгөчө орунду ээлеп, бизге бир катар маанилүү милдеттерди жүктөдү десем жаңылышпайм. Олимпиадага катышкан кыргыз спортчуларына ар тараптуу колдоо көрсөтүү — биздин негизги милдеттерибиздин бири болду.  Биз спортчуларыбыз менен жолугуп, алардын ийгиликтерине кубануу менен моралдык колдоо көрсөтүп, логистикалык жана маалыматтык жардамдарды берүүгө бар аракетти жасадык.  Элчилик спортчулар менен жолугушууларды уюштуруп, алардын таймаштарга болгон даярдыгын талкуулап, моралдык колдоо көрсөттү. Тамак-аш жана турак жай маселелери да көңүл борборубузда болду.

 Редакциядан

Париж олимпиадасы өтүп жаткан соңку күндөрү интернет тармактарында спортчуларга жетиштүү шарт түзүлбөнү,  спортчулардын тамак-аштары тууралуу сын пикирлер айтылган. Буга байланыштуу Кабар маалыматтык агенттигинин суроолоруна Мамлекет башчысы жооп берип “Албетте, уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар. Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кече керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз. Спортчуларыбызга дем берип, колдойлу. Негизинен спортко көңүл бурулууда”, -деди. Ага кошумча, Франциядагы Кыргызстандын элчиси Садык Шер-Нияз фейсбуктагы баракчасына спортчулардын ар бирине 1000 евродон  белек бере тургандыгын жазды. “Мүмкүн уюштуруу ишинде мүчүлүштүктөр болуп жатса, биз ошол кемчиликтерди жоюууга милдеттүүбүз! Элчиликтин атынан, жеке үй-бүлөмдүн атынан азыр Парижде жүргөн ар бириңерге 1000 евро “Парижден атайын белек” деп арнап олтурам.  Эртеңден баштап  федерация башчыларыңар аркылуу ар бириңерге түздөн-түз берилет.  Эч нерседен кам санабагыла! Силер тарых жасап жатасыңар, ошол жолуңар шыр болуп, бизди күндө кубантып, даңктуу жолуңарды улай бергиле!”.

                                                                                                                                      Мээрим БАКТЫБЕК кызы

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!