— Дастан Станбекович, Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жыйынтыкталаарына аз гана убакыт калды. Жалпысынан иш-чара кандай өтүп жатат, Көчмөндөр оюнунда боордош элдин маанайы кандай?
— 8-сентябрда башталган V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна бул өлкөнүн даярдыгы эң жогорку деңгээлде деп айтсак жаңылышпайбыз. Оюн алдында дээрлик бардык чет өлкөдөгү мекемелеринде (элчиликтеринде) маалымат кампаниясы жүрдү. Иш-чара тууралуу бир катар бет ачарларды өткөрүшкөн. Негизинен оюндарга дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүнөн катышуучулар катышып жатат. Буга чейин Казакстандын тиешелүү органдары 100 миңден ашык чет элдик жана ички туристтердин, көрүүчүлөрдүн келээри күтүлүп жатканын да билдиришкен. Мындан сырткары өлкө ичинде, айрыкча Астана шаарында 5-ДКО символикалары, стеллалары иштелип чыгып, коноктордун кызыгуусун арттырганын баамдасак болот. Оюндардын ачылышы «Астана-Арена» жабык стадионунда өттү. Ат оюндары «Казанат» ат майданында, спорттун башка түрлөрү Үшкемпиров атындагы күрөш спорт сарайында, ал эми интеллектуалдык оюндар “Думан” мейманкасында өтүп жатат. Иш-чаранын жабылыш аземи Д. Кудайбергендин концертинин коштоосунда жыйынтыкталаары кабарланды.
— Кыргызстандан барган улуттук курама команданын оюндарга катышуусу кандай жана элчилик аларга кандай багытта, эмне жардам көрсөтүп жатат?
— Негизинен биздин улуттук курама командабыз оюндарга мыкты деңгээлде активдүү катышууда. Биздин милдет – керектүү бардык жардамды уюштуруу. Элчилик спортчуларды жана делегацияларды мейманканаларга ырастап, жеткирүү иштерин колго алган. Жергиликтүү диаспора менен бирге сый тамактар уюштурулууда. Бирок боордош казак эли тарабынан жогорку деңгээлде даярдык көрүлгөндүгүн эске алуу менен көптөгөн маселелер өз убагында чечилген.
— Эки мамлекет ортосунда кандай жаңы долбоор, жетишкендиктер бар?
— Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жетти. Мамлекеттер ортосунда, 306га жакын эки тараптуу документтерге кол коюлду. Акыркы жылдары эки тараптуу соода тармагында көрсөткүчтөр өстү. Мисалы 2023-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 300 миллион долларды түзсө, 2024-жылдын январь-июнь айларында өз ара сооданын көлөмү 740,7 млн долларды түздү (экспорт – 205,6 млн, импорт – 535,1). Инвестициялык кызматташтыкта, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестициялардын агымы 12,6 млн доллар болду. Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда ишкердик байланыштар жанданууда. Жакында өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги 11-саммитине катышуу үчүн Казакстандын Президенти К.Токаевдин иш сапары менен Кыргыз Республикасына келүүсү күтүлүүдө. 2024-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун Борбордук Азия + Германия саммитине катышуу үчүн Казакстанга иш сапары күтүлүүдө. Август айында Мамлекет башчысы С.Жапаровдун Казакстанга жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасындагы бир канча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жалпы баасы 300 миллион долларды түзгөн 9 документке кол коюлду.
С.Жапаров климат жана суу, тоо жалпы экологияга тиешелүү маселелерди талкуулоо демилгесин көтөрдү. Эки өлкө ортосунда жаңы инвестициялык соода долбоорлорун калыптандыруу, соода жүгүртүүнүн деңгээлин 3 миллиард долларга жеткирүү мерчемделүүдө.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы