Кыргыз –казак элинин тили, салт-санаасынын окшоштугу коңшулук мамилени бекемдеп келет. Чек арасы чектеш жайгашкан боордош эки өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий жактан кызматташуусу уланууда. Дал ушул багытта Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев менен маектештик.
— Дастан Станбекович, эки өлкө ортосунда кызматташтыктын алкагында кандай иштер аткарылып жатат?
— Албетте, эки өлкө ортосунда бир катар долбоорлор, иштер жасалууда. Негизинен мамлекеттер ортосунда өз ара аракеттенүүнүн дээрлик бардык тармактарын камтыган кеңири укуктук база түзүлгөн. Жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун түзүлүшү эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарына оң таасирин тийгизип, өткөн жылдын аягында бул багыттагы көрсөткүч 9,5%га өстү. Казакстан Кыргызстандын экономикасынын негизги инвесторлорунун катарына киргенин белгилөөгө болот. Мисалы, биздин өлкөдө казак капиталынын катышуусу менен 1565ге жакын биргелешкен ишкана катталып, иштеп жатат. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси түзүлгөн аралыктан бери Казакстандан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашканын белгилегим келет.
Аны менен катар Кыргызстан менен Казакстандын облус менен шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелер боюнча көптөгөн келишимдерге кол коюлган. Мисалы, 2023-жылдын 23-сентябрында Тараз шаарында ПААнын алкагында ийгиликтүү өткөн Биринчи Аймактар аралык форумдун жыйынтыгында 60 миллион доллардан ашык суммага маанилүү коммерциялык келишимдерге кол коюлган. Бул кадам эки өлкөнүн инвестициялык кызматташууга даярдыгын далилдейт. Ал эми маданият тармагында иш-чаралар эки өлкөнүн ар кайсы шаарларында мезгил-мезгили менен өтүп турат. Мындай маданий иш-чаралар эки элдин достугун даңазалап, бекемдөөгө багыттайт. Боордош элдерибиздин маданий жакындашынын дагы бир көпүрөсү катары ушул жылдын 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү күтүлүүдө. Ага кошумча Казакстан Республикасынын аймактарында Кыргыз киносунун күндөрү ийгиликтүү өткөнүн белгилей кетүү керек. Айта кетсем, Астана шаарындагы кинозалдардын биринде 3-4-апрель күндөрү азыркы учурда Борбордук Азия жана Россия Федерациясында элдин кызыгуусун жараткан “Бейиш эненин таманында” жана “Теңирберди” фильмдери Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Астана шаарынын Акимчилигинин, Астанадагы дипломатиялык корпустун, эки өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө тартууланды.
— Жаздын келиши менен Казакстандын бир катар жерлерин суу каптап, боордош элибиз жапа чегишти. Учурда элдин абалы кандай, Кыргызстандан жөнөтүлүп жаткан жардамдар даректерине жеттиби, бул кырсыктан жапа чеккен кыргызстандыктар жокпу?
— Учурда Казакстан Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан суу ташкындарына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, өлкөдө суу ташкынынын абалы дагы эле кооптуу бойдон калууда. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, суу ташкыны башталгандан бери 111 миңден ашуун адам куткарылган. Алардын 39 миңи балдар. Убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 6 миң 814 адам болсо анын 2 миң 995 балдар түзөт. 9 миллион 50 миң кубометрден ашык эриген суу чыгарылып, 2 миллион 200 мин даана кум толтурулган кап, ошондой эле 1 миллион 200 мин даана инерттүү материал төшөлгөнү кабарланды Учурда куткаруу иштерине 33 миң 334 адам жана 4 миң 66 техника тартылган. Жалпысанан бул өлкөнүн сегиз облусуна сел терс кесепетин тийгизди.
Бул өлкөдөгү сел кырдаалына байланыштуу Кыргызстан боордош элге жардам сунуп, бир нече облустун тургундарына гуманитардык жардам жөнөткөн. Жалпысынан “Жардам кербенине” КР ӨКМнин 10 куткаруучусу жана 17 айдоочусу, ошондой эле 300 тонна жүк менен 15 жүк ташуучу унаа кирген. Бардык гуманитардык жардам Казакстандын муктаж калкына таратылды. Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандары тарабынан чогултулган жардамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан бөлүнгөн акчанын эсебинен Казакстанга гуманитардык жүктүн экинчи партиясы жөнөтүлдү. Ал гуманитардык жардам 150 тонна жергиликтүү сүт азыктарынан турат. Ал эми суу ташкынынан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары катталган жок.
— Ушу тапта Казакстанда канча кыргызстандык бар?
— Учурда Казакстан Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны болжол менен 58-63 миң адамды түзөт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги бөлүгү Казакстандын түштүк аймактарында (40-45 миң адам) жайгашкан. Аны менен катар тилекке каршы, Казакстандын аймагында Кыргызстандын айрым жарандары жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде жазасын өтөп жаткандары бар. Бул багытта Кыргыз Республикасынын жарандарынан тиешелүү кайрылуулар келип түшсө, биздин дипломатиялык өкүлчүлүктөр бул категориядагы жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагына жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн которууга зарыл болгон көмөк көрсөтүшөт. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер мындан ары бекемделип, алардын кызматташтыгы ырааттуу түрдө илгерилей берет деп ишенем. Биздин өлкөлөрдүн атаандаштык артыкчылыгы жаратылыш ресурстарынын байлыгы экендигин белгилеп кетүү маанилүү. Бул биргелешкен өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана биздин өнөр жайыбызды өнүктүрүүнүн эбегейсиз потенциалы болуп саналат.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы
№34 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 7-майы