"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору жана негиздөөчүсү БАТМА ТОПОЕВА-СТАВИНСКАЯ:  “Бардык аракеттер мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталат”

— Батма Болоталиевна, “Кыргызтест” мекемесине кайсы кызматкерлер кандай учурларда тест тапшырышат?

— “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси 2018-жылы түзүлгөн. Мекемеде жалпысынан 12 кызматкер иштейт. Тестти өзүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктагысы келген бардык каалоочулар тапшыра алышат. Ал эми милдеттүү түрдө тест тапшыруучулар: мамлекеттик кызматкерлер, биздин өлкөнүн жарандыгын алууну каалаган чет өлкөлүктөр жана илимий изденүүчүлөр. Негизги кеңсебизде Бишкек шаарында жана Чүй боорунда жашап, эмгектенип жаткан мамлекеттик кызматкерлер тапшырышат. Ал эми башка аймактарда жашаган мекендештерибиз үчүн биздин көчмө топ тестти жеринде уюштурат. Атап айтсак, жылдын башында башталган көчмө топтун иши учурда Нарын облусунда улантылып жатат. Ошол эле учурда эшигибиз бардык каалоочуларга ачык. Бир гана талап – алдын ала каттоодон өтүп, графикке туруу. Көчмө топтун аймактардан түшкөн кайрылуулардын негизинде тест графиги иштелип чыгат жана каалоочулардын санына жараша иш сапарынын узактыгы такталат. Тест тапшырууга керектүү техникалык жабдыктарды ташууга ылайыкталган атайын унаа менен керектүү аймактарга барып ишибизди белгиленген тартипте жүргүзө беребиз. Тест Бишкектегидей эле нукта, эки нөөмөттө жүргүзүлүп, бир нөөмөттө күнүнө негизги кеңсебизде 60, ал эми көчмө топто 50 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Тест жүргүзүү толугу менен видеого тартылып, сайтыбызда түз көрсөтүлүп турат.

— Тест тапшыруучуларга кандай талаптар коюлган?

— Мамлекеттик кызматкерлерди алсак, алардын басымдуу бөлүгү тестти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы N757 токтомуна ылайык В2 деңгээлинде тапшырууну көздөп жатышат. Тилекке каршы, алар көпчүлүк учурда тесттен өтпөй калышууда. Дал ушундан улам, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 32,33,37-беренелерин ишке ашыруу максатында тест тапшыруудагы реалдуу жагдайды эске алуу менен атайын жүргүзүлгөн статистиканын негизинде үстүбүздөгү жылдын башында мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору иштелип чыгып, Министрлер Кабинетине кароого жөнөтүлгөн. Аталган долбоорлор жактырылып, бекитилсе, мамлекеттик тилди мамлекеттик кызматкерлердин реестринде көрсөтүлгөн кенже, улук, башкы категориялар жана атайын кызмат, саясий кызмат орундагы кызматкерлер боюнча 3 жылдын ичинде А2ден С1 деңгээлине чейин ырааты менен өнүктүрүүгө жол ачылат. Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөгөн чет элдик жарандар кыргыз тилин А1 деңгээлинде, илимий изденүүчүлөр илимий ишинин тематикасына жараша А2, В2 же С1 деңгээлинде тапшыруусу каралган. Деги эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши Мамлекеттик тил жөнүндөгү конституциялык мыйзам кабыл алынгандан бери күндөн-күнгө күч алуунун үстүндө иш алып барууда. Бул иштер Президентибиздин колдоосунун аркасында ишке ашууда. Бардык аракеттер мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталат. Акыркы жылдары республика боюнча иш кагаздарын жүргүзүү, мамлекеттик тилге болгон мамиле, коюлган талаптарга жараша өзгөрүүлөр болуп жатат. Бирок, баары телегейи тегиз болуп калды деп айтуу эртерээк. Бул жаатта артка кетенчиктебей, ошол эле учурда аша чаппай, акыл калчап ырааттуу иш алып баруубуз зарыл.

— Тесттин жыйынтыктары кызматкердин жумушуна кандай таасир берет, төмөн балл алгандар эмне болот?

— Кандайдыр бир адистикке сынак жарыяланган болсо, талапкерден көрсөтүлгөн деңгээлдеги сертификат талап кылынат. Мамлекеттик кызматка кабыл алууда да иштин мүнөзүнө жараша мекеме тарабынан талаптар коюлуусу ыктымал. Кандай гана болбосун, учурдагы мамлекеттик тилди билүү талабы – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Артка жол жок. Ал эми төмөн балл алгандар тестке даярданып кайра тапшырса болот. Тест эл аралык стандарттарга шайкеш келип, «Лексика-грамматика», «Угуу», «Окуу», «Жазуу», «Сүйлөө» бөлүктөрүнөн турат.

— Тест жыйынтыгы кандай берилет? жыйынтык чыгарууга адамдык факторлор таасир этпейби?

— Ар бир тест тапшыруучу өз жыйынтыгын биздин сайттан купуялык номери аркылуу ала алат. Ошондой эле мекеменин расмий катынын негизинде тест жыйынтыгы расмий каттын коштоосунда берилет. Тесттин жыйынтыгы компьютердеги атайын программа аркылуу чыгарылат, адамдык фактор толугу менен оолактатылган. «Кыргызтест» системасынын артыкчылыгы ушунда. Бардыгы ачык-айкын өтөт

 — Тесттерди кимдер түзөт, тесттин суроолору канча убакытта бир жаңыртылып турат?

— Тест системасын жаңыдан түзүп жаткан алгачкы жылдарда бир топ эле кыйынчылыктар болгон. Аны жашырып деле болбойт. Анткени Кыргызстанда билим берүү сапатын баалоо жаатында эч бир окуу жайы жок. Бул көйгөйдөн улам 2012–2014-жылдары Москвадагы РАНХиГСтен билим алууга туура келди. Андан соң бул жактан мугалим, окутуучулар менен тыгыз иштешип тест тармагындагы ишти алып кете турган адистерди даярдадык. Алар бүгүн тажрыйбалуу адистерге айланышты. Күн сайын базабызга жалпысынан 400дөй тест жообу түшүп турат. Аларды текшерип, өз убагында сайтка чыгарып туруу машакаттуу иш болсо да, аз сандагы кызматкерлерибиздин күчү менен ишти үзгүлтүккө учуратпай, ишти аткарууга аракет кылуудабыз. Тест тапшырмаларын атайын даярдалган тилчи адистер иштеп чыгышат. Иштелип чыккан тапшырмалар тест программасына киргизилгенге чейин бир нече жолу атайын экспертизадан өткөрүлөт. Тест базасы ар бир айда толукталып, жаңыртылып турат. Тестти тапшырууга 3 саатка жакын убакыт сарпталат. Тест жыйынтыгы 1 жуманын ичинде сайтка чыгат.

— Тилди сынагы дагы кайсы өлкөлөрдө иштейт?

— Биздин тест системабызды иштеп чыгууда Россия Федерациясынын тажрыйбасын алганбыз. Анткени алар ошол жылдары эле дүйнөдөгү белгилүү системалардын катарына кирип, чет өлкөлөрдө орус тилден тест жүргүзүп келишкен. Ал эми тил сынагы Казакстан, Түркия жана башка өлкөлөрдө иштейт.

Мээрим Бактыбек кызы

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!