— Алтынбек Аскарович, жакында КМШ мамлекеттеринин маданият министрлери Москвада чогулду. Бул ишчарада кандай маселелер көтөрүлдү?
— Ооба, Москвада КМШга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин форуму болду. Анда КМШга мүчө мамлекеттерде жыл ичинде маданий иштердин аткарылышы, келээрки жылдын пландары талкууланды. Бул иш-чара ар бир жылы уюмга мүчө мамлекеттердин биринде өтүп турат. Иш сапардын алкагында Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Борисовна менен Кыргызстандын Россияда Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча Макулдашууга кол койдук. Ушул жылдын 18–23-октябрь күндөрү Россиянын ар кайсы шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Аны менен бирге “Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына” арналган иш-чара 20-октябрда Москванын Чоң театрында белгиленгени жатат. Мына ушул өңдүү маданий багыттагы байланыштар жана Кыргызстандын маданият күндөрүнө жалпы даярдык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик.
— Маалымат, спорт жана жаштар саясаты тармагында кандай жаңылануулар бар? Аны менен катар быйыл Парижде өткөн Олимпиададагы мүчүлүштүктөр коомчулук тарабынан айтылбадыбы, жетекчи катары мындай сындарга кандай жооп бересиз?
— Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттен каражат убагында бөлүнүп, көйгөйлөр чечилүүдө. Биздин министрлик өзүнө тиешелүү тармакта иштерди аткарып жатат. Маселен, маалымат тармагына багытталган Мыйзам толугу менен өзгөртүлүүдө. Тиешелүү тараптар менен мыйзам иштелип чыгып, Жогорку Кеңеште 1-2-окуудан өтүп жатат. Облустук, райондук гезиттер жеке чарбалык эсепке өткөрүлүүдө. Жаштар боюнча Мыйзамга да өзгөртүүлөр кирди. Жаштарды ар тараптан колдоо, жаңы долбоорлорду аткаруу үчүн мамлекеттен каралган каражаттар көбөйтүлүүдө. Ал эми спортчуларыбыздын ийгиликтерине жалпы элибиз күбө болууда. Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоолор спортчуларга дем, шык берээри анык. Олимпиадада жеңишти камсыздаган спортчуларыбыз элибиздин назарында болду, колдоосуна арзыды. Бүгүн өлкөбүздө спортчулардын чемпионатка, Олимпиадага катышуусуна каражат жетпей калды деген мурдагыдай көйгөйлөр дээрлик жок. Бирок, Олимпиададан кийин иш-чара өтө турган мамлекетке алдын ала барып даярдыкты баштоо, спортчулардын адаптациясы, машыктыруучуларды убагында жеткирүү, ошол эле тамак-ашы өңдүү бир катар маселелерди эртелеп чечүү, өзгөчө көңүл буруу керек экендиги ачыкталды.
— Мамлекеттен маданият тармагына ири каражаттар бөлүнүп жатат, көйгөйлөр четинен чечилип жатат десек болобу? Буга чейин бардык көйгөй каражат маселесине такалып келбедиби…
— Көп жылдардан бери мамлекеттик деңгээлдеги маданий ишчараларды өткөрүүгө заманбап техниканын жоктугу чоң көйгөй болуп келген. Буга чейинки ишчаралар өзүбүздөгү бар техникалар менен өтчү. Бизде жокторун Россия жана башка өлкөлөрдөн ижарага алып келип колдончубуз. Ижара акысы абдан кымбат. Бул жылы жаңы техникаларды сатып алып маселебиз чечилди. Президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосунун негизинде 446 млн сом бөлүнүп, ага заманбап LED-экран, жарык берүүчү жана үн күчөтүүчү атайын жабдууларды сатып алдык. Негизинен маданий маселелерге керектелүүчү каражаттар өз убагында бөлүнүп берилүүдө. Мисалы, былтыркы жылы маданий мекемелердеги музыкалык аспаптарды жана театр кызматкерлеринин костюмдарын жаңыртууга деп 673 млн сом бөлүнгөн. Бул жыл ичинде кошумча дагы 373 млн сом бөлүнгөнү турат. Маданият тармагына акыркы жылдары мамлекеттен бөлүнүп жаткан каражаттын жалпы көлөмү 1 млрд сомго жакындап калды. Чатырларынан суу аккан, жылытуу системалары иштен чыккан, кооздукка суусаган сахналарыбыз четинен оңдолуп келе жатат. Жалпылап айтканда эскилиги эбак жеткен маданий мекемелер капиталдык оңдоодон өтүп, жаңы көрк берилүүдө. Кыргызстандагы тарыхый жайларды реставрациялоо багытында 5 жылдык программа кабыл алынып, мамлекеттен өзүнчө каражат бөлүнүүдө. Улуттук Илимдер академиясынын кызматкерлери, археологдор, атайын адистер тобу республикабыздагы тарыхый жерлерде казуу, изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Ал эми Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өлкөдөгү китепканаларды ирилештирүү саясатын ишке ашырууну тездетүүнү тапшырган. Бул боюнча өлкөдөгү китепканаларга мониторинг жүргүзүлдү. Бүгүн республика боюнча 1056 китепкана бар. Китепканалар бириктирилип кайра түзүлүп, айрымдары жабылууда. Жабылган китепканалардын орду жаңы заманбап китепканалар менен толукталат. Кызмат көрсөтүү толугу менен жаңыланып, китепканачылар ыңгайлуу шарт менен иш алып барышат.
— “Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100 жылдыгы”, “Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы” белгиленген ишчарада дрон менен коштолгон шоу коомчулуктун суктануусун арттырды. Бул күнү аянтта көрүүчүлөр көп болду. Иш-чарадан соң Бишкекке жаңы аянт куруу маселеси көтөрүлдү, бул долбоор качан ишке ашышы мүмкүн?
— Заман өзгөргөн сайын дейбизби же ар бир убакыттын өзүнүн жаңы техникасы болот окшобойбу. Талап да күчөп, жаңы өзгөрүүлөр орун алууда. Иш-чаранын жакшы деңгээлде өтүшүнө сатып алынган жаңы LED-экрандардын да жардамы чоң экенин белгилегим келет. Бул иш-чараларга каражат жагы толук чечилип, даярдык көрүү милдети биздин министрликке жүктөлгөн. Иш-чаранын консепциясын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Союзбек Надырбекович экөөбүз биргеликте иштеп чыктык. Мамлекеттин экономикасы өсмөйүнчө мындай деңгээлде иш-чараны өткөрүү да кыйынга турат. Билесизби, убагында бир костюмдун акчасына бир спектакль коюлган учурлар болгон. Азыр бир спектакль же чыгарма 1 миллион сомго коюлат. Элдин көрүүсү, табити, кабыл алуусу да өзгөрдү. Аянтка эл көп келип, айрым жарандар көрө албай калган жагдайлар болду. Мындан улам жаңы аянт куруу боюнча мамлекет жетекчилигинен тапшырма берилди. Учурда эскизи иштелүүдө. Бишкек мэриясы болсо жер маселесин караштырууда.
— Сентябрь айында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Казакстанда өттү. Алгач кийинки оюн Өзбекстанда өтөт деген маалыматтар айтылган болчу. Бирок, 2026-жылы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өзүбүздө өтө турган болду, бул чечимдер кандай кабыл алынды?
— Башынан эле Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун 2026-жылы өзүбүз өткөрөлү деп суранып келатканбыз. Анткени Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү – Кыргызстан. Иш-чараны демилгелеп, бирок документин жасабаптырбыз. Оюндун документи ирээтке салынбаганынан улам ар бир мамлекетке барганда эле оюндун шарттары ар түрдүү болуп өзгөрүлгөнү байкалууда. Андыктан атайын Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын бирдиктүү тартип, талаптарын киргизип, Түрк дүйнөсүнүн ичинде эле оюн өткөрбөстөн, дүйнө мамлекеттерин да камтуу зарылдыгы чыкты. Казакстанда өткөн оюнда 90 мамлекеттен спорчулар катышты. Ушунча мамлекеттердин катышуучуларынан улам, Көчмөндөр оюнуна кызыкдар тараптардын басымдуу экенин билсек болот. Оюндар биздин өлкөдө өтсүн деп сурангандар арбын болууда. Андыктан биринчи оюндун документин иреттөө, даярдоо иши турат. Кийинки Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну Өзбекстанда өтпөй калышынын себептери бар. Анткени 2026-жылы Өзбекстанда Азия оюндары өткөрүлөт экен. Ошол себептен, эки оюн бир убакта бир өлкөдө өтүп, маселе жаралып калбасын деп эки өлкөнүн Мамлекет башчылары, министрлер сүйлөшүп бир чечимге токтолдук. 2026-жылы биздин өлкөдө бир катар мамлекеттик, эл аралык маанилүү ишчараларды өткөрүү белгиленген. Балким ушул ири иш-чараларды улай Көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландары каралышы ыктымал.
— Маданият кызматкерлеринин турак жай маселелерин чечүү жагы даг ы ка рал ып жа та б ы?
— Министрликтин кызматкерлерине Бишкекте турак жай салууга багытталган жер тилкелери бар болчу. Бирок, алар толугу менен Ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилди. Компания тарабынан ал үйлөр салынып бүтсө, кызматкерлерге ипотекалык негизде берилет. Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүп, 2022-жылы 100% кошулган. Бирок, биздин кызматкерлердин баштапкы айлыгы аз өлчөмдө болгондуктан, кошулганда 20 миң сомдун тегерегиндеги сумма болду. Алдыда айлыктарды дагы көтөрүү аракеттери көрүлүүдө.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы