— Коом менен тыгыз аралашкан, коомдогу ар бир өзгөрүүлөргө жеке көз карашы, позициясы бекем журналист жана кыргыздын мыкты акын кызы катары калың журтка таанымалсыз. Эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз маданиятында, адабиятында бир топ өзгөрүүлөр болду. Ал эми акыркы беш-он жыл ичинде адабиятыбызда кандайдыр бир жандануулар, изденүүлөр байкала баштады.
— Доор алмашкан тээтиги токсонунчу жылдары маданият менен адабиятты ойломок тургай, калемгерлер кара курсакты тойгузууга шаасы жетпей калган учур болчу да. Ага жараша адабият да жүдөдү. Баягы керемет фольклору, мухиттей “Манасы”, дүйнөлүк деңгээлдеги залкар Айтматову бар көркөм адабияттын бучкагына тете чыгарма жаратууга шаа жетпей калган мезгил болду. Рынок заманынын шарапаты менен Айгүл Шаршен кызы өңдүү авторлордун жеңил-желпи чыгармаларынын “каны жерге тамбай”, эл нагыз көркөм адабияттан алыстап калган. Биз ошол илдеттен арылып кете элекпиз.
Муундардын байланышы төмөн. Кээде төбөсү көрүнгөн эле айрым дымактуу жаштардан улуу муундагы белдүү калемгерлер тууралуу “бул баланча деген калемгер же баланча деген чыгарманын автору, тааныйсыңбы” деп сураганда томсоро түшкөндөрү бар. Бул алардын күнөөсү эмес. Бул мугалим да, ата-эне да, бүтүндөй коом “чаар баштыкка” күнү түшкөн замандын туундусу. Аңтар-теңтер заман билимге, маданиятка, адабиятка кызыкпаган, агым менен жашаган муунду жаратты. Руханий азык бере турган инсандар менен уюштурулган маектерди топтоп, “Уютку кеп” деген китеп чыгарганымдын жөнү да ушундан болду. Жаңы муундун руханий азыктануусуна тамчыдай болсо да пайдасы тиер дедим. Адабият азыр кыймылда. Ал деле коомдук процесстер, замандын нугу менен танапташ болот экен. Азыр эми аз болсо да “кой-ай, улуттун намысын ойлойлу, заман кайда баратат, окуйлу, окуталы, түркөйлүккө жол бербейли, сабатсыздык каптап жатат” деген коомдук пикир пайда боло баштады. Адабий чөйрөдө деңгээлди көтөрүү аракети жүрүүдө. Мамлекет да муну түшүнүп, материалдык, моралдык колдоо көрсөтүп жатат. Башка элдердин адабий чөйрөлөрү менен эбак үзүлүп калган карым-катыш жанданууда. Улуттук жазуучулар союзу чыйралып атат. Учурдун чыгаан прозаиги Султан Раев жетектеген “ТүркСОЙ” уюму калемгерлерди колдоп келатат. Жакында адабиятка өмүрүн арнап келаткан эжекебиз Үмүт Култаева адабий курс ачып, калемгерлерди таптай баштады. Бул өңдүү көрүнүштөр, албетте, адабий процесс жанданууда деп айтууга негиз боло алат. Мунун бардыгы дем-күч берет, бирок, мыкты чыгарманын жаралышы автордун гана жеке талантынан, мүмкүнчүлүгүнөн, билим деңгээлинен, окурмандын алдындагы жоопкерчилигинен көз каранды. Акын, жазуучу Нуралы Капаров мага берген маегинде “мен ондогон жылдар жазган жокмун, окудум, үйрөндүм. Себеби, мен биринчи кезекте окурманмын” деди эле. Ушул өңдүү тажрыйбаларды эске алып коюу пайдалуу, менимче.
Анан эң негизгиси, калемгер жазган чыгарманы, ал поэзиябы, прозабы, драмалык чыгармабы окуй турган окурман болуш керек. Азыр эми жаңы чыгармалар көбөйүп жатат (деңгээлин баалоо окурман менен сынчылардын иши дечи), окурмандын калың карааны байкалбайт. Эл аралык кайсы бир сурамжылоолорго караганда биздин өлкө китеп эң аз окугандардын катарында турат. Окумал, билимдүү коом болсо, анын талаптары дагы мыкты чыгармаларды жаратууга калемгерлерди аргасыз кылат деп ойлойм.
— Адатта калем кармаган чыгармачыл инсан, акын, жазуучунун көпчүлүгүндө жүрөгүндө кастарлап, жазам деп бирок жазууга даай албай жүргөн, эң бийик, ыйык темасы болот эмеспи. Сиздеги ушундай сезимдер жөнүндө сөз кылсак.
— Улуу үркүндө мени баккан атамдын энеси – чоң энем 13 жашта экен. Мен 9-класста окуп жүргөн кезде, терең карылыкта көзү өттү. Үркүндүн азап-тозогун көп айтаар эле. Ал киши тууралуу ырларым да бар. Кийин ошол Улуттук боштондук көтөрүлүштүн (Улуу Үркүн) 100 жылдыгына карата “Азаттыкта” бир жыл бою атайын жарыя кылып, эл ичиндеги эскерүүлөрдү чогулттук. Редакцияга балдары, неберелери, жакындары келип айтып берген эскерүүлөрү жүрөк титиретет. Түркүн тагдырлар, окуялар… Жарыялангандардын бир тобун топтоп “Үркүн-100. Кылымдар унуткус кыргын” деген китеп да чыгардык. Сандаган элибиз эркиндикти эңсеп жүрүп жок болуп кетпедиби. Азыр Үркүндөн кабары барлардын карааны калбай деле калды. Ушулар көкүрөгүмдөн кетпейт. Көркөм чыгарма жазуу ниетимде жүрөт, бирок алигиче өзүң айткандай даай албай келатам.
— Ырларыңызда, мисалы, “Түстүү күз” ырыңыздагы табиятты сүрөттөөңүздү жашоонун, сезимдердин метафорасы катары кабыл алдым. Акындын маанайына табият кандай таасир берет?
— Акындар сезимтал калк болот да. Ырлары кандай жагдайда, эмне таасирде жаралары өзүнө гана маалым го. Айтылуу акын Омор Султанов ыр жазуунун сыры тууралуу менин суроомо бир жолу: “Мен буга жооп бере албайм. Жөн жүргөндө эки сөздү кураштыра албаган кишиге отурганда эле келе баштайт. Бул айтууга мүмкүн болбогон башка бир нерсе» деди эле. Үрүниса Маматова эже болсо бир ыры тууралуу айтты эле, эсимде жок кайсы ыры экени, “аялдамадагы бир көрүнүштөн толкунданып эле ыр жазып койсом обон чыгып, элдик ырга айланып кетти, чынында ал ырдын өзүмдүн сезимдериме эч тиешеси жок болчу” деп. Ушундай.
Негизи, табиятка таасирленбеген акын деле жок болсо керек. Мен деле андайдан куру эмесмин. Мисалы, “Соң-Көлдө” деген ырды жылдыздар курчап алгандай түнкү кереметке сугум артып кетип жаза салгам:
“Ах, түндүн өңүн кара!
Сыйкыры укмуш!
Асманда, көлдө, жерде
жайнайт жылдыз!
Ушунча керемети
ташып турган,
Эч качан, ишенгиле,
өлбөйт кыргыз.”
Бирок, көбүнчө ыр жөн эле уйкаштыктардын жыйындысы болбой, артында бир сырдуу маани, ой жатса деп далалат кылам. Сен баамдаган “Түстүү күз” деле ошондой аракетте жазылса керек. Канчалык өзүн актап атат, өзүңдөй окурмандар бааласа керек.
— Акын аялдын, деги эле аялзаттын ички маанайындагы бактысы, сүйүүсү, кыялы, азабы, арманы анын сырткы келбетинен көрүнүп, байкалып калышы мүмкүнбү? Эмне себептен?
— Аялдын ыраңы ички дүйнөсүн алаканга салгандай эле көрсөтүп коет. Аял болгону үчүн го. Сезимтал да. Кайгы-кубанычты, бакытты, сүйүүнү – бардыгын жүрөгү аркылуу өткөрөт. Санаасы тынч болсо гүлдөп чыгат. Көңүлү кирдесе, өкүт, түйшүк басса жүдөп турат. Ички муңу, түйшүгү көзүнөн, өңүнөн байкалган аялдар турмушта аз эмес, тилекке каршы.
— Акындык жолуңуз менен журналисттик кесибиңиз бири-бирине жуурулушуп чыгарма же макала жаралган учурлар арбын эле кездешсе керек?.
— Албетте, журналистика тактыкка, ар бир сөзгө, фактыга кылдат мамиле кылууга, тыкан, изденип иштөөгө үйрөтөт. Бул тажрыйба. Кайсы бир учурда, кандайдыр бир көркөм чыгарма жаратууга идея, тема табууга себепкер болот. Бирок, журналисттик иш менен көркөм чыгармачылык бири-бирине жуурулушуп турат деп айта албайм. Тескерисинче бири-бирине душман. Журналисттик иш – тегирмен. Бул жагынан мендеги кесиптик жоопкерчилик көркөм чыгармачылыгымды тизгиндеген (убакыт жагынан) учурлар болгон жок деп айта албайм.
— Отуз жылдан ашуун журналисттик тажрыйбаңызда кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүндө кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?
— Жакында студенттер менен жолугушуп калдым. “Журналисттик кесип кызыктуубу?” деп сурайт. Албетте, кызыктуу. Журналист падыша менен да, дубана менен да тең ата сүйлөшүү укугуна ээ. Көз карандысыз кесип дегеним. Бирок, ал үчүн көркөмдүү кийинип, жасанып, микрофонду колго алуу же камеранын алдына чыгуу жетишсиз. Даярдыксыз элдин алдына чыгуу –кесипке душмандык кылуу. Кесипке жоопкерчиликтүү, кынтыксыз кызмат кылуу үчүн билим, маданият, жоопкерчилик, кесиптик көндүм керек. Ал – эмгек.
Албетте, отуз жыл мурдагы кыргыз журналистикасы менен бүгүнкүнү салыштыруу эч мүмкүн эмес. Журналистика аздыр-көптүр тармак катары калыптанып келатат. Көз карандысыз медианын мектеби пайда болду. Жарандык журналистика өсүп чыкты. Интернет технологиясы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ишти жеңилдетип, элге жакындатып салды.
“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаевдин артынан канча иликтөөчү журналисттер өсүп чыкты. Иликтөө журналистикасынын мектеби пайда болду. Иликтөө түйшүктүү, жоопкерчиликтүү жумуш. Эки-үч фактыны чабыштырып жарыялай салууга болбойт. Анын мааниси, акыбети — өнүгүүгө кесепетин тийгизген көрүнүштөрдүн, таасирдүү адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бетин ача алгандыгында. Бул ириде коом үчүн пайда.
Кыргызда “бетке айткандын заары жок” деген таамай сөз бар. Коомдук процесстин жакшысын да, өксүгүн да айтышы, жазышы (албетте, негиздүү, далилдүү, кынтыксыз) керек. Журналисттин (кесиптик даярдыгы бар журналист дегеним) милдети ошол. Аны коомчулук, бийлик, башка кызыкчылыктары бар тараптар да туура түшүнүп, кабыл алып, кызматташууга даяр болушу керек. Бизде бул жагынан өксүк бар. Журналисттер ар кандай басымдардан жазганып, мокоп калса кемчиликтерди ким айтат, коомго ким санитар болот?
— Журналистикада иштеп келе жаткан жылдарыңызда сиз алып барган иликтөөлөрдөн же макалалардан кайсынысы сизди өзгөчө сыймыктандырып, эң маанилүү окуя катары эсте калды эле?
— Эгемен Кыргызстанды чет өлкөлүктөр кызыктуу өлкө дешет го. Отуз жылда кандай гана тарыхый, чуулгандуу, жагымдуу окуяларды башынан өткөргөн жок. Ошолордун дээрлик бардыгын эле ар кандай өңүттө чагылдырып калдык го. Мен эгемендиктин алдыңкы жылдарындагы менчик жерге жетип, үй салып жашагысы келген үй-жайсыз миңдеген жаштардын толкундоолорун чагылдырган учурумду жагымдуу маанайда эстейм. Алардын абалын мен да жон терим менен сезген үчүн го, сыягы. Анда өз эне тилин, улуттук маданиятын коргоп, көз карандысыз жашоону эңсеп чыгышкан. Жаштардын улуттук аң-сезими болуп көрбөгөндөй ойгонгон учур болчу. Айткандай эле бир аздан кийин эгемендикке жетип, кыргыз тилинде корунбай сүйлөп, улуттук маданиятыбызды кенен-кесири даңазалап калбадыкпы. Бирок, азыр кыргыз тилинде сүйлөгүсү келбеген жаштарды көргөндө кейичү болдум.
Маекти даярдаган Махабат САИДРАХМАНОВА