Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Ош Мамлекеттик университетинин профессору, ОшМУнун искусство факультетинин “Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасынын доценти Мамыралы Эшбаевдин 65 жылдык мааракесине арналган “Көз караш” аттуу юбилейлик көргөзмөсү Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде ачылды. Көргөзмө ушул жылдын 21-июлуна чейин уланууда. Көргөзмөнүн ачылышында Мамыралы Эшбаевге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн 120 эмгеги коюлган. Кыргызстандын көркөм сүрөт искусствосунда өзүнүн бараандуу орду бар сүрөтчү Мамыралы Эшбаев менен маектешип кайттык.
Искусствонун башка тармактарынын арасынан айырмаланып көркөм сүрөт дүйнөсүндө үнсүз бир купуялуулук жашагандай сезилет. Мына ушул ары сырдуу, ары табышмактуу сүрөтчүлүк өнөргө кантип башбагып калдыңыз?
— Өзүм чоңойгон Ала-Бука районунун Ызар аттуу айылынын кооздугу бала кезимде мени абдан таасирленткен. Дагы бир кызык нерсени айта кетпесем болбостур, таятам ошол кезде колхоздун раиси эле, айылыбызга абдан чоң клуб салдырган. Клубдун ичи кенен, төбөсү бийик болгондуктан, сүйлөгөн адамдын үнү жаңырып турар эле. Ойноп жүргөн балдар ошол клубдун ичине кирип атайын эле кыйкырып, өз үнүбүздүн жаңырганына маашырланчубуз. Клуб дубалдарынан баштап төбөсүнө чейин укмуштай сонун тартылган сүрөттөр менен кооздолгон. Дубалга, шыпка тартылган сүрөттөргө абдан таасирленип, ошону тарткан сүрөтчү ким болду экен деп суктанып, өзүм да ошондой укмуш, чоң сүрөт тартууну кыялданчумун. Кийин билсем ал сүрөттөрдү биздин эле жердешибиз, көзү өтүп кеткен Полот аттуу сүрөтчү тарткан экен. Эс тартып калган кезимде оң колу майып, сол колу менен сүрөт тарткан Турдубаев Ормон аттуу сүрөтчү бөлөм Фрунзеде окуп калды. Ормон шаардан айылга барган сайын мени сүрөтчүлөрдүн иши, этюд деген эмне, айтор көп нерселери менен тааныштырып жүрдү. Бир топ үйрөнүп калдым. 1972-73-жылдары мектепте жогорку класста окуп, сүрөтчүлүк талантым эл оозуна алына баштаган кезде биздин айылдагы мектепке жазуучу Жунай Мавлянов агай келе турган болуп калды. Мектеп мугалимдери түп көтөрүлүп чоң жазуучунун келишине иш-чара уюштуруп, мага мектеп директору тарабынан Жунай Мавляновдун портретин тартуу иши тапшырылды. Жазуучунун сүрөтүн гезиттен көчүрүп тарткам. Жунай Мавлянов келип, мектеп менен таанышып жүрүп өз портретин көрүп, аны тарткан мени чакырып чын дилинен ак батасын берип, “Келечекте Чуйковдой, Айтиевдей чоң сүрөтчү бол” деп алкап, башымдан сылап кеткен. Менимче, бала чактагы мына ушул окуялардын баары мени сүрөтчү болууга дилгирлентсе керек.
— Кайсы багыттагы тематикага жакынсыз? Деги эле сиз сүйүп тарткан сүрөттөрдө кайсы тема басымдуулук кылат?
— Жашоонун ак-карасы, контрасттуулук сыяктуу тематикалык композицияларга көп кайрылып турам. Бул мага тема да, мазмун да болуп берет десем болот. Негизи жашоо кааласаң-каалабасаң да ачуу-таттуусу, ак-карасы аралаш өтөт экен. Эч бир адамда бир беткей, бир калыпта өткөн тагдыр жок, кээде бактылуу, кээде бактысыз дегендей. Ушул нерсе мени сүрөтчү катары ойлондурат жана бул теманын айланасында эмгектерди жаратууга чакырып турат.
— Адам тагдырынын оош-кыйышы аралашкан темаларды кадимки реалисттик ыкмада тартып, чагылдырып берүү оор эмеспи? Кайсы ыкмада тартасыз?
— Туура айтасыз, жогорудагы темаларды тартууда реалисттик ыкманын күчү жетпей калган учурда мен сюрреалисттик ыкмага кайрылам. Мисалы “Улуулукка умтулуу” аттуу эмгегим бар, сюрреалисттик ыкмада тарткам. Ушул ыкмада тартылган эмгектерим арбын.
— Кадимки реалисттик жанрда сүрөт тарууга караганда сюрреалисттик жанрда сүрөт тартуу изденүүнү, эки эсе эмгекти талап кылса керек?
— Кайсы жанрда картина тартсаң деле эң негизги нерсе – сезимдер менен иштеш керек болот. Сүрөтчүлөрдө: “ Көргөнүңдү тартпа, сезгениңди тарт” деген сөз бар. Кайсы бир нерсени көрүп, аны өзүндөй кылып көчүрүп тартып койбостон, аны сезип-туюп, өзүңдүн жан-дүйнөңдү кошуп тартсаң, ошол жандуу искусство болот. Мына ошону сүрөтчүлөрдө “живое описание” деп коет жана абдан бааланат. Орзубек Даиров деген устатыбыз: “Көчүрүп тартканды фотограф деле тартып кое берет, бирок ал жандуу сүрөт болбойт. А силер ошол тартып жаткан сүрөтүңөргө жан-дүйнөңөрдү арнагыла, ошол эмгекти жазып жатып ошону менен дем алып, ошону менен жашагыла, ал силердин каныңардан-жаныңардан жараткан чыгарма болуш керек” деп айткан эле.
— Буга чейин да сүрөт көргөзмөлөрүңүз көп өткөн экен. Көргөзмөлөрдү кандай шартта өткөрүп жатасыз?
— Көргөзмөнү уюштуруу абдан чоң энергияны жана эмгекти талап кылат. Эмгектерди жаратып коюп, өнөрканаларда жыйылып тура бергенден көрө, кандай убарачылык менен болсо да жасаган эмгекти элдин көз алдына тартуулаганды оң көрөбүз. Канчалык элдер көрүп, бааласа сүрөтчү ошондон күч-кубат алат. Ал эми чыныгы чыгармачылык менен иштеген сүрөтчүнүн өзүн-өзү каржылоосу бир аз кыйыныраак. Мен өзүм ОШМУда иштейм, менин чыгармачылыгымдын каржылык маселелерин көбүнчө окуу жайдын жетекчиси — ОшМУнун ректору Кудайберди Гапаралиевич чечип берет. Мисалы, Оштон Бишкекке көргөзмөгө коюу үчүн жалпысынан 120 эмгек ташылып келинсе, ошол сүрөттөрдүн баарын багетке салуу, таңгактоо, жүктөө маселесин өзүм иштеген окуу жайдын жетекчилиги жасап берди.
— Бүгүнкү шартта сиздер жараткан мындай кымбат баалуу эмгектердин кардарлары барбы? Сүрөтчүлүктөн киреше тапса болобу?
— Сатыкка коюла турган атайын “салондук иштер” болот. Мисалы, сатып алуучулар, белекке берүүчүлөр көбүнчө ошол “салондук” иштерге кызыгат. Ал эми чыныгы чыгармачылык иштердин кардарлары сейрек, басымдуусу чет элдиктер болот. Чет элде негизи жакшы баалашат. Мисалы, мурунку көргөзмөмдө кымбат экенине карабай бир картинамды сатып алып кетишкен. Айта кетсек, Кипрде абдан баалашты. Ал жакта кадимки көчүрмө салондук иштер менен чыныгы искусствону так айырмалашат. Аларда сезим менен иштөө өнүккөн. Сүрөтчүлөрү натура менен көп иштебейт, мисалга алсак өтө салтанаттуу окуяны чагылдырыш керек болгон чыгарма жазды дейли, андагы көрүнүш, окуя, сезимдерди боектун жардамы менен абстракттуу бергенге аракет жасашат экен. Сюрреалисттик, абстракттуу иштерди, авангарддык агымды жакшы баалашат экен.
— Шакирт тарбиялап жатасызбы?
— Өзүм педагог-сүрөтчү болгондуктан дайыма шакирт даярдайм. Көпчүлүктүн арасынан сүрөтчү болууга чындап дилгирленген, ички даярдыгы бар, таланттуу балдар байкалып турат. Аларга жардам берип, өзгөчө мамиле жасап, келечекте мыкты сүрөтчү чыгат деген тилекте жашайсың. Сүрөтчү болуу үчүн жеке эле сүрөт тартууга шыктуу болуу жетишсиз, инсан кадимкидей ар тараптуу билимдүү болушу шарт. Сүрөтчү философиялык ой жүгүртүүнү билүүсү керек, сүрөтчү математик болушу керек. Себеби композиция, пропорция жөнүндө түшүнүк берүүдө математикалык пропорционалдык бөлүкчөлөрдү өздөштүрүү керек. Геометрия сөзсүз керек болот, перспективалык түшүнүктөр керек болот. Ансыз биз мейкиндикти бере албайбыз.
— Учурда бизде сүрөт искусствосунун өнүгүүсү кандай абалда?
— Союз урагандан кийин бир топ жылдарга чейин сүрөтчүлөр туңгуюкка кабылгандай абалда жашадык. Сүрөт искусствосун өнүктүрүү, каржылоо тургай сүрөтчүлөр өз курсагын тойгуза албай калышкан десем да болот. Оор мезгилдер өттү. Эсимде, ошол жылдарда менин “Кузгундардын салтанаты” аттуу эмгегим тартылды. Өз учурунда сенсация жаратты. Азыр эми сүрөтчүлөрдүн жакшы бир мууну өсүп келе жатат. Тартуу технологиялары учурда жеткиликтүү, анын бир себеби интернет аркылуу, ютуб сыяктуу тиркемелерде азыр эң мыкты сүрөтчүлөрдүн тартуу технологиялары ачык көрсөтүлүүдө. Биз студент кезде тажрыйбалуу, атактуу сүрөтчүлөр тартуу технологияларын ачык көрсөтүшчү эмес. Азыр май боек менен кандай иштеш керек, акварель боегу менен кантип иштеш керек, бүт ыкмалар ачык турат. Буюрса келечек муундан эң мыкты сүрөтчүлөр чыгат.
Махабат Саидрахманова