Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов түрк дүйнөсү үчүн жарык көргөн “Business Türk” журналына жазган макаласында Түркия–Кыргызстан карым‑катнаштары жана түрк дүйнөсүнүн өрүш алган кызматташтыгы тууралуу байкоолорун бөлүштү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов түрк дүйнөсү үчүн жарык көргөн “Business Türk” журналына жазган макаласында Түркия–Кыргызстан карым‑катнаштары жана түрк дүйнөсүнүн өрүш алган кызматташтыгы тууралуу байкоолорун бөлүштү.
Сүйүнбек Касмамбетов ошондой эле Түркия–Кыргызстан карым-катнаштарына жана өнүгүп келе жаткан түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгына баа берди. Касмамбетов “Түрк дүйнөсү: Улуу Байтерек” аттуу макаласында кыргыз эли дүйнө элдеринин арасында чакан мамлекет болгонуна карабай, 3000 жылдык тарыхы, эпостору жана бай маданияты менен өзүнүн өзгөчө орду бар экенин белгиледи.
“Кыргыздардан да байыркы улуттар бар болгону менен, 30 кылым бою салттуу атын сактап келген кыргыз сыяктуу улуттар сейрек кездешет”,-деген Касмамбетов кыргыз элинин Түркия жана түрк дүйнөсү үчүн чоң орду бар экендигин баса белгиледи. Ал өз макаласында “Биздин элдер эчен кылымдар бою бири-бирине эриш-аркак болуп, бири-бирине жардам колун сунуп, бир дарыянын суусун ичип, ынтымакта жашоо кечиришкен. Тектеш түрк элдеринин жакындыгы кечээ же бүгүн эмес, илгертен калыптанган десек болот. Андыктан, биздин мамлекеттерибиздин келечеги кең деп эч тартынбай айтсак болот”,-деген Касмамбетов, түрк дүйнөсүндөгү кызматташтык туура жолдо баратканын баса белгиледи.
Түркия жана эли менен ажырагыс байланышыбыз бар
Сүйүнбек Касмамбетов “Business Türk” басылмасынын Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуусуна арналган “Кыргызстанга атайын чыгарылышы” үчүн жазган баш макаласында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерге өзгөчө басым жасаган. “Түркия Республикасы 1991-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. Бул жылдан бери Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер коомдук-саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, тарыхый маданий жана тилдик байланыштарда акырындык менен бекемделе баштаган. Келечекте боордош элдердин жана жалпы максаттардын негизинде кызматташтык мындан ары өнүгөөрүнө шек жок”,-деп белгилеген Касмамбетов Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга атайын абзац арнап, ал тууралуу: “Түрк бир туугандардын башын бириктирген адам — Түркиянын президенти Режеп Тайып
Эрдоган мырза экени анык. Бул — талашсыз тарыхый чындык” деп белгилеген.
Түркия 58 миллион доллар карызыбызды кечти
2024-жылдын 6-ноябрында Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун лидерлеринин саммитинде Түркия менен Кыргызстандын ортосунда эки лидер Садыр Жапаров менен Режеп
Тайып Эрдоган эки тараптуу жакшы ниет жана алардын эбегейсиз зор күч-аракети менен эки боордош өлкөлөрдүн мамилелеринде жана кызматташтыгында маанилүү жана баалуу жылыштарга жетишилгенин белгиледи.
Касмамбетов өз макаласында төмөнкү пикирлерин ортого салган: “Учурда эки мамлекет башчынын аракети менен эки өлкөнүн экономикасын интеграциялоо боюнча маанилүү кадамдар жасалууда. Маселен, Режеп Тайып Эрдогандын 2024-жылдын ноябрь айындагы расмий сапары учурунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмүн жакынкы жылдарда 5 миллиард долларга жеткирүү келишими түзүлгөн.
Ошондой эле, Кыргызстандын Түркияга болгон 58,8 миллион доллар карызы толугу менен кечирилди. Бул жерде биздин оюбузча, буга чейин Кыргызстандын башка карыздары да жоюлганын айтпай кетүү адилетсиздик болот.
Кенже ОСМОНАЛИЕВА