— Динара Амантуровна, Кыргызстан эл аралык аянтчаларда жашыл экономиканы коргоо жаатындагы чакырыктарын билдирип келет. Ага улай, Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Ушул багытта кандай иштер жасалып жатат?
— Белгилүү болгондой, Кыргызстандын демилгесин колдоп 2021-жылдын декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошту. Андан кийинки 77-сессиясында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, коомдук жана экологиялык кызыкчылыктарын коргоо үчүн тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу, тоолуу өлкөлөрдүн алдында турган көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттерине жаңы дем берүү максатында 2023–2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялаган. Бул ири демилгелердин арты менен Кыргызстанга эл аралык аренада лидер катары чыгууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берилди десек болот. Тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алууга жана тоолуу калктын көйгөйлөрүн чечүүнүн жаңы жолдорун сунуштоого чакырат, үндөйт. Бул багытта 2023-жылдын декабрында Дубайда өткөн БУУнун климат боюнча жыйынында Кыргызстандын жана башка тоолуу өлкөлөрдүн биргелешкен демилгелери менен Тоолор жана Климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперттик диалог өткөрүү чечими кабыл алынды. Ал эми ушул жылдын 5-июнунда Бонн шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча кезектеги сессиясында биринчи жолу Тоолор жана Климаттын өзгөрүшү боюнча тарыхый эксперттик диалог өткөрүлдү.
— Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Жол картасы бекитилген. Анда кандай иштерди аткаруу камтылды жана мунун арты менен Кыргызстан эмнеге жетише алат?
— «Беш жылдыктын» алкагындагы жол картанын максаты – калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун бекемдөө, тоо экосистемаларын сактоо. Глобалдык, аймактык жана улуттук мүнөздөгү, анын ичинде туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аракеттер жана перспективдүү долбоорлор менен иш-чаралар камтылды. Бүгүнкү күндө тоо күн тартибине көңүл буруу, тоо калкына жардам катары эл аралык уюмдарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат адам потенциалын өнүктүрүүгө жана тоолуу аймактарда жашаган адамдардын жашоо-шартын жакшыртуу менен экологиялык, экономикалык жана социалдык аспектидеги маселелерди чечүү зарылдыгы бар. Андан сырткары «жашыл» экономиканы жана технологияларды өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы туруу, тоолуу аймактарда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана табигый кырсыктардын алдын алуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Кыргыз Республикасы үчүн бул ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, өнүктүрүү үчүн каржылоону тартуу жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн улуттук жана глобалдык деңгээлде чечүүдө стратегиялык мүмкүнчүлүк болуп саналат.
— Жакынкы эл аралык ишчара Баку шаарында өткөнү турат. Күн тартибинде тоолуу аймактардын кандай маселелери көтөрүлмөкчү?
— Кыргызстан Баку шаарында боло турган БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясына – COP-29га катышуусуна жигердүү даярдык көрүп жатабыз. Биз эл аралык аренада Тоо күн тартибин мындан ары да илгерилетүүгө, эл аралык коомчулуктун көңүлүн тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө жана тоо экосистемаларын сактоого буруу маселелерин камтып жатабыз. Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн жардамды тартуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурат. Мындан тышкары, биздин эл аралык коомчулукка кайрылууларыбыз тоолуу аймактарда гана эмес, анын айланасындагы аймактарда да абалдын начарлашына жол бербөө үчүн парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө багытталат.
— Беш жылдыктын алкагында биздин тоолуу аймактарда кандай иштер жүргүзүлүп баштады, аймактарда кайсы маселелер орчундуу экени байкалып жатат?
— Кыргызстандын аянтынын 94%га жакынын тоолор ээлейт жана эгерде мурда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 2050-жылга чейин эки эсеге кыскарат деп болжолдонгон болсо, 2100-жылга чейин алар таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн деп айтууга негиз бар дешет адистер. Тоолуу аймактарыбыздагы көйгөйлөргө эртелеп аракеттерди көрбөсөк, биздин аймакта ичүүчү жана дыйканчылыкка суунун жетишсиздиги, жердин деградациясы жана азык-түлүк коопсуздугунун жогорулашы сыяктуу көйгөйлөрдүн күчөшүнө алып келет. Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, анын ичинде тоо экосистемаларын сактоо, климатка, биологиялык ар түрдүүлүккө, суу ресурстарына жана адамдын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизип, бүтүндөй планетанын саламаттыгын сактоо үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп кетким келет. Андыктан тоолорду өнүктүрүү бул комплекстүү иш-аракеттерди камтыйт. Тоолор, андагы мөңгүлөр жана кар-жамгыр дарыяларды жана суу системаларын азыктандырып, агымдын төмөн жагындагы көптөгөн чоң аймактарды суу менен камсыз кылат. Тоо экосистемалары климатты жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Температура жана нымдуулукту жөнгө салуу аркылуу климатка таасир этет. Ошондуктан, быйыл БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте ПамирАлай тоолуу аймагында экосистеманы сактоо, токой жана жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу маселелерине багытталган долбоор башталды. Мындай демилгелер бизге керек жана жол картанын алкагында долбоор пландары каралган. Аткаруучу органдар эл аралык донор уюмдар менен иштеп жатышат. Себеби, тоолор анын ичинде жайыт ресурстары мамлекетибиздин айыл-чарба секторун өнүктүрүүдө көптөгөн жылдар бою өзгөчө кызматты аткарып келет. Көчмөн кыргыз элинин маданияты, турмуш тиричилигине түздөнтүз байланышы бар. Ошол эле мезгилде жакынкы жылдары жакшы өнүгүп келе жаткан тоо туризми, альпинизм жана активдүү эс алуунун башка түрлөрү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Андыктан Ысык-Көл облусунда кышкы спорт оюндары боюнча атайын экономикалык кластер долбоору даярдалып жатат. Бул жергиликтүү жамааттар үчүн да кошумча киреше булагы боло алат. Беш жылдыктын максаттарын элге түшүндүрүп-жайылтуу үчүн ар бир облуста жолугушуулар өткөрүлүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимованын чакыруусу менен Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондоруна иш сапары менен бардым. Үстүбүздөгү жылдын август айында биз Каракол шаарында мамлекеттик органдардын, ЫсыкКөл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү коомчулуктун, эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда тегерек стол уюштурулду. Жергиликтүү демилгелер жана тоо продукцияларына байланыштуу маселелер талкууланды. Бүгүнкү күндө адамдар үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу үчүн ишкердик менен алектениши үчүн тоолуу жамааттарга зарыл болгон жардамды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мисал катары, ушул жылдан баштап Дүйнөлүк банктын “RESILAND CA+ программасы: Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоорунун алкагында тоо продукциясын өнүктүрүү боюнча тоо жамааттарын колдоо иштери жүргүзүлөт. Ушунун баарын эске алып, азыркы мезгилде, атайын өкүл катары Президентибиз С.Жапаровдун Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча иш-пландарды түзүү, муктаждык болсо стратегиялык документтерди жаңыртуу, глобалдык деңгээлдеги процесстерге жана күн тартибине тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин киргизүүнүн үстүндө иштер аткарылууда.
— Акыркы жылдары өлкө ичинде жаратылыш кырсыктары орун алып жатат. Негизи эле кандай кадамдар жаратылышты сактай алат же кырсыктар азайышын шарттайт?
— Климаттын өзгөрүүсү тоолуу аймактарда жашаган тургундарга, экосистемага, жаныбарлар жана өсүмдүктөр биологиялык ар түрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, күтүлбөгөн табигый кырсыктарга, элдердин жана жаныбарлардын башка жерлерге миграциясына алып келүүдө. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери селдин жыштыгын жана интенсивдүүлүгүн алдыдагы жылдары 15-20 пайызга чейин көбөйтөт деп болжолдонууда. Андыктан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча жигердүү иштешибиз керек жана табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу үчүн алдын алуу чараларын көрүшүбүз зарыл. Бийик тоолуу аймактарда саламаттык сактоо багытындагы көйгөйлөрдү эске алуу менен калкты медициналык кызматтар менен толук жана сапаттуу камсыздандыруу абзел. Өлкөнүн мамлекеттик саясаты тоолуу аймактарда калктын жашоо шартын жакшыртууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталган. Биз бүгүн басымдын кескин өзгөрүшү, узак мезгилге созулган кургакчылыктан интенсивдүү жаан-чачынга өтүшү мөңгүлөрдүн жана кардын эриши менен кошулуп, өлкөдө табигый кырсыктарга алып келгенин көрүп жатабыз. Кыргызстанда бул багытта Министрлер Кабинети өзгөчө кырдаалдар органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу аракеттерин көрүп жатат. «Беш жылдыктын» негизги максаттары көптөгөн бирибирине байланышкан маселелерди камтыйт. Алар эл аралык коомчулуктун учурдун көйгөйлөрү жана чакырыктары менен күрөшүү боюнча күч-аракетине жаңы дем берүү, кызматташтыкты мазмуну менен толтуруу жана туруктуу негизде иштей турган финансылык жана илимий институттарды түзүү боюнча идеяларды түптөө. Тоолуу аймактарда жашаган калктын экономикалык, экологиялык жана социалдык шарттарын жакшыртуу, маданият, илим жана билим берүү жаатында эл аралык кызматташууну илгерилетүү.
— Негизинен дүйнө өлкөлөрү жашыл экономиканы колдойт. Аны менен катар Кыргызстандын жашыл экономикага багытталган иштерде мүмүкүнчүлүгү жана ага багытталган долбоорлорубуз даярбы?
— Жашыл экономика – бул туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү экономиканы түзүүгө, адамдын ишинин, турмуш-тиричилигинин айлана-чөйрөгө терс таасирин минималдаштырууга жана планетанын табигый алкагында адамдын бакубат жашоосун камсыз кылууга багытталган өнүгүү концепциясы. Жашыл экономика – бул азыркы жана келечек муундардын керектөөлөрүн эске алуу менен, ошондой эле планетага кам көрүү менен экономикалык ишмердүүлүктү кайра карап чыгуу. Маалым болгондой, учурда 2024–28-жылдарга Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыгып, ал бекитүү стадиясында турат. Ошол эле учурда биздин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Жол картабызда Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүү жана ишке ашыруу, анын ичинде жашыл курулуштарды, органикалык аймактарды, экологиялык туризмди өнүктүрүү, агротокой чарбасы жана жашылдандыруу аркылуу токойлорго жана жайыттарга болгон жүктү азайтуу каралган. Ошондой эле өлкөдө «жашыл» экономиканы өнүктүрүүдө энергиялык натыйжалуулукка жана энергияны үнөмдөөгө, кайра жаралуучу булактардан энергияны өндүрүүгө, аймактарда суу жана жер ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча экосистемалык ыкмага, экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн мониторингин эсепке алууга дем берүү боюнча мамлекеттик саясаты каралган. Негизги максат – өлкөнүн артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүдө «жашыл» экономика ыкмаларын киргизүү боюнча негиздерди түзүү болуп саналат.
Маектешкен Мээрим БАКТЫБЕК кызы