Өлкөнүн ар бир жаранына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгаруудан баштап, каттоо, документтештирүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү багытындагы аткарылып жаткан иштер тууралуу Калкты каттоо департаментинин жетекчиси менен маектештик.
— Арсен Кожобекович, 1-июндан тарта “Учкун” ААК басмаканасынан чыгарылган паспорттор бериле турган болду, бул иштер тууралуу кенен айтып берсеңиз?
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-декабрындагы №565 Жарлыгы менен “Учкун” ачык акционердик коому (ААК) мамлекеттик маанидеги документтерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу документтердин бланктарын даярдоочу болуп аныкталган. Анын алкагында өткөн жылы Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен “Учкун” ААКнын биргелешкен буйругу бекитилген. Андан соң Калкты каттоо департаментине иш-чаралар планы бекитилип, Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторуна легалдаштыруу процедурасы башталган. Бүгүнкү күндө паспорттор дайындалып, чыгууда. Алгачкыларын 1-июнда берилери күтүлүүдө.
— Мурда кандай шартта, кайсы жакта жасалып келген, кандай көйгөйлөр бар эле?
— Мурда улуттук паспорттордун бланктары башка мамлекеттен даярдалып, Кыргыз Республикасына даяр болгон бланктар жеткирилип турчу. Бланкттар башка жактан даярдалгандыктан алардын сапатын көзөмөлдөө ооручулукту жараткан. Жыйынтыгында алынып келген бланктарда өндүрүштүк кемчиликтер кездешкен учурлар болгон. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторун мамлекетибизде, Учкун ААКда даярдалышы документтердин сапатын, мөөнөтүн көзөмөлдөөгө шарт түзүлдү. Ошондой эле, бланктарды сатып алууда пайда болуучу коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуга мүмкүндүк берди.
— Эми паспорттор өзүбүздөн жасалып чыгарылганы үчүн баасына таасир береби же жокпу?
— 2024-жылкы үлгүдөгү паспортко 2017-жылкы үлгүдөгү паспортунан айырмаланып, паспорттун ичине контаксыз электрондук чип орнотулган. Бул электрондук эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берет. Ошондой эле, чиптин операциялык системасы ИКАОнун сунуштарына туура келет. Электрондук чиптин ичине жарандын жеке маалыматтары (биометрикалык, бармак издери, санариптик колтамгасы, бет түзүлүшүнүн санариптештирилген образы) киргизилген. Паспорт үч денгээлдеги коргоочу элементтерге ээ. Жалпысынан паспортто жогорку денгээлдеги 15ке жакын коргоочу элементтер бар. Белгилей кетсек, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторуна, айрыкча жалпы жарандык паспортко болгон муктаждык өскөн. Бул калктын санынын көбөйүшүнө, өлкөдөгү миграциялык процесстерге, туризмдин өнүгүшүнө жана чет өлкөдө эс алуу үчүн жагымдуу шарттарга байланыштуу. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун наркы 681 сомду түзөт. Баасы боюнча айтсам, айди картга мурагы баасына салыштырмалуу 60 сом, ал эми жалпы жарандык паспортко 415 сом кошулду. Анткени сапатка басым жасоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканы менен байланыштуу.
— “Мекен-карт” документти да берилип келет, бул багытта канча жаран кандай шартта алып жатышат?
— “Мекен карт” чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусун тастыктаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналат. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу мөөнөтсүз колдонулат. Мекен-карттын колдонулуу мөөнөтү документ берилген күндөн тартып он жылды түзөт. Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына (Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай) чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу берилиши мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо туруу керек. Бүгүнкү күнгө Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрүнө жана чет өлкөлүк мекемелерге 125 арыз келип түштү, алардын ичинен 79 мекен-карт берилди.
— Департамент ушу тапта дагы кандай жаңы багыттар менен иштөөнү колго алдыңыздар, санариптештирүү абалы кайсы баскычка келип калды?
— Керектүү маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу процессин жөнөкөйлөтүү, жарандар үчүн максималдуу ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү түзүү иштери уланып жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баруу жана документтерди тариздөө убактысын кыскартуу максатында Департамент тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү боюнча иштер аткарылууда. Жакында “Онлайн документиңди санарипте” жана “Онлайн жарандарды каттоо” деген кызматтар ишке ашырылат жана “Паспортту онлайн алмаштыруу” кызматын ишке киргизүү күтүлүүдө. Ушу тапта «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу төмөнкү санариптик паспорт, туулгандыгы тууралуу жана нике күбөлүктөрү, “Балага сүйүнчү» бир жолку берилүүчү жөлөкпулга арыз жана башка сервистер жеткиликтүү экенин белгилеп кетем.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы
№43 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 7-июну