Маектешибиз тууралуу кыскача маалымат: КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Жусупжанович Тургунбаев 1998–2003-жылдары Борбордук Азиядагы Америка университетинен билим алган. 2005-жылы Япониянын Токио шаарындагы Policy Research Institute билим берүү жайында окуган жана 2019-жылы экономика боюнча докторлук диссертациясын коргогон. 2021–2023-жылдары Улуу Британиянын London Business School жогорку окуу жайынан билимин өркүндөткөн. Ал 2002–2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын Финансы министр лигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 2006–2015-жылдары – «Газпром нефть Азия» ААКнын Рынокту анализ дөө жана баа түзүү бөлүмүнүн начальниги, 2013–2017-жылдары – «Кыр гызнефтегаз» ААК Директорлор кеңешинин мүчөсү, 2015–2021-жылда ры – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын регионалдык филиалынын директо ру, 2017–2020-жылдары – «Кыргызнефтегаз» ААК Директорлор кеңешинин төрагасы, 2020–2021-жылдары – «Кыргызнефтегаз» ААК Башкармасынын төрагасы, 2021–2023-жылдары – «Кыргыз инвестициялык-кредит банкы» ЖАКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү, 2023–2024-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп эмгектенген. 2024-жылдын 27-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы болуп шайланган. Мелис Жусупжанович менен болгон маегибизди «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өткөн 2024-жылды кандай көрсөткүчтөр менен аяктады?» деген суроо менен баштадык.
Мелис Жусупжанович менен болгон маегибизди «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өткөн 2024-жылды кандай көрсөткүчтөр менен аяктады?» деген суроо менен баштадык.
– Чынында өткөн жыл биз үчүн оңой жылдардан болгон жок, бирок биздин ишибиздин жыйынтыгы жагынан караганда өткөн жыл ийгиликтүү жылдардан болгондугун көрсөтөт. 2024-жылы баалардын туруктуулугун сактоо боюнча Улуттук банктын негизги максатын ишке ашыруу өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууда негизги ролду ойноду.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын ичинде негизинен тышкы факторлордон өлкөдөгү инфляциялык процесстерге басым жасалган. Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуунун жана дүйнөлүк сооданын фрагментациясынан улам дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баалардын туруксуздугу жогору болгон, ошол эле учурда биздин региондо айрым бизге соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдө инфляциялык процесстер күчөгөн. Жалпысынан дүйнөдө жогорку белгисиздик сакталып турган. Буга карабастан, биз жыл ичинде инфляциянын деңгээлин 5-7% максаттуу көрсөткүчтүн чегинде кармап турууга жетишип, алдыга койгон милдеттерибизди толук кандуу аткардык.
Ошентип, 2024-жылдын 14-февралына карата Кыргыз Республикасында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,9 пайызды түздү. Ал эми 2024-жылдын башында бул көрсөткүч 7,3 пайызды түзгөн болчу.
Улуттук банк баа туруктуулугун камсыз кылуу үчүн монетардык инструменттерди колдонгон. Алардын ичинен Улуттук банктын эсептик чени негизгиси болуп, акча-кредиттик шарттарды жөнгө салууда маанилүү ролду ойногон Улуттук банктын эсептик чени 2024-жыл ичинде өзгөргөн, анын деңгээли 13 пайыздан 9 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. Бул экономикалык жигердүүлүктү колдоо менен бирге эле өлкөдөгү инфляциялык процесстерге көзөмөлдү сактап турууга мүмкүндүк берди.
Азыркы учурда эсептик чен 9,0 пайыз деңгээлинде сакталууда.
Ал эми ички валюта рыногуна токтолсом, 2024-жылы абал туруктуу деңгээлде сакталып турду. АКШ долларынын алмашуу курсу өткөн жылдын башында 1 АКШ доллары үчүн – 89 сом 08 тыйын болсо, жыл аягында 87 сомго чейин төмөндөдү.
Ошондой эле Улуттук банктын активдери олуттуу өсүп, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 550,1 млрд сомду түздү. Салыштыруу үчүн айтсам, 2022 жана 2023-жылдары Улуттук банктын активдери 396,4 млрд сомду жана 446,1 млрд сомду түзгөн болчу.
Өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, Улуттук банк рекорддук финансылык натыйжага жеткендигин белгилейм. Атап айтканда, 2024-жылдын жыйынтыгында Улуттук банктын пайдасы 46 млрд сомго жакындады (45,7 млрд сом).
– Азыркы учурда дүйнөлүк банк системасы ар кандай жаңы усулдар, жаңы формалар менен байып турат. Ал эми КРнын Улуттук банкы дүйнөлүк банк жаңылыктарынан артта калбаш үчүн кандай иштерди аткарып келүүдө?
– Жаңылык катары, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү тармагын баса белгилей кетмекчимин. Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында калкты накталай эмес төлөм ыкмаларын колдонууга шыктандыруу боюнча чаралар көрүлүп жатат.
Азыркы учурда Борбордук Азия боюнча банк секторунда системалар аралык интеграцияны камсыздоо жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү жана которуу боюнча кызмат көрсөтүү жагында Кыргызстан алдыңкы позицияны ээлеп турат.
Улуттук валютанын кошумча формасы боло турган «Санарип сом» долбоорун ишке ашыруу ишинин олуттуу илгерилеши жалпыбызды кубандырат. Технологиялык бөлүгү жагында платформа үчүн функционалдык жана техникалык талаптар иштелип чыкты жана Жогорку Кеңеш тарабынан санарип сомдун укуктук статусу жөнүндө мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.
– Республикабыздын банк системасында электрондук акча рыногун өнүктүрүү жана аралыктан идентификациялоо процесси кандай жүрүүдө?
– Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы токтому менен Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартиби бекитилген. Бул Тартиптин алкагында, 2020-жылда коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясынын мезгилинде коммерциялык банктарга фото же видеобайланыш жана башка өз ара аракеттенүү каналдары аркылуу кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгү берилди, ал эми учурдагы же жаңы банк кардарларына аралыктан тейлөө аркылуу банктык кызматтарды колдонууга мүмкүнчүлүк берилди.
Тартиптин талаптарына ылайык аралыктан идентификациядан өткөн кардарлар банк операцияларын Тартипте белгиленген чектерде гана жүргүзө алышат. Бул чектөөлөр инсандыгын тастыктаган документтерди жасалмалоо менен алдамчылык менен байланышкан тобокелдиктерди, маалыматтык коопсуздук жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктерди, видео чалуулар учурунда сүрөттү алмаштыруу (deepfake технология) сыяктуу ж.б. тобокелдиктерди азайтуу максатында белгиленген.
– Кардарлардын электрондук капчыктарды пайдалануусу барган сайын өркүндөөдө. Буга Улуттук банк кандай таасир берүүдө?
– Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдардын ишин жакшыртууга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган мыйзамдарга бир катар башка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Тактап айтканда, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын банктык операцияларынын тизмесин кеңейткен өзгөртүүлөр “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына, ошондой эле төлөм уюмдарына электрондук акчаны өз алдынча чыгарууга уруксат берүүчү “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамына киргизилди. Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, Министрлер Кабинетинин катышуусу менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда чет элдик валютадагы бааларды (тарифтерди) аныктоого болот.
– Өлкөбүздөгү коммерциялык банктардын капиталдарынын деңгээли учурдун талабына ылайык болуп жатабы?
– 2024-жылы Кыргызстанда 21 коммерциялык банк жана алардын 304 филиалы иштеп жатты. Коммерциялык банктар экономиканы кредиттөөнүн арымдуу өсүшүнө өбөлгө түзгөн жетиштүү көлөмдөгү улуттук валютадагы ресурстук базага ээ болушту.
Банк секторунун негизги көрсөткүчтөрү жогорулады. Банк секторунун жалпы активдери жыл ичинде 33 пайызга же 202 млрд сомго жогорулап, 816 млрд сомго жеткен. Банк секторунун уставдык капиталы 28 пайызга же 17 млрд сомго көбөйүп, 77 млрд сомду түздү, бул банк секторунун финансылык кызматтарды көрсөтүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт.
Банктардын кредит портфели 2024-жылы 32,2 пайызга же 82,9 млрд сомго өсүп, 340,7 млрд сом чегинде калыптанган. Банк системасынын туруктуулугу жана өнүгүшү Кыргызстанда жалпы экономикалык жагдайга алгылыктуу таасирин тийгизген. Белгилүү болгондой эле, Кыргызстандын экономикасы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 10,6 пайызга өсүштү көрсөтүп, эң эле жогору жигердүүлүккө ээ экендигин тастыктады.
Калктын банктарга карата ишеними улам өсүп жатат. Айтсак, депозиттердин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 37,3 пайызга же 161,1 млрд сомго жогорулап, 592,4 млрд сомду түзгөндүгү менен тастыкталып турат.
– Азыркы учурда баалар күн санап өсүүдө. Ушуга байланыштуу сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча кандай иш-чаралар көрүлүшү мүмкүн?
– Кыргыз Республикасынын экономикасы ачык, чакан жана башка өлкөлөр менен өнөктөш болгондугуна байланыштуу акыркы жылдары тышкы чөйрөдөгү жагдайлар бааларга өзгөчө таасирин тийгизген. Ошондон улам 2022-2023-жылдары өлкөбүздө баалардын өсүшү байкалып турган.
Бирок Улуттук банк өз убагында көрүлгөн акча-кредиттик чаралар аркылуу өлкөбүздөгү инфляциянын өсүшүн кармап турууга жетишкен.
Эгерде 2022-жылы инфляция 14,7 пайызды түзсө, 2023-жыл ичинде инфляция басаңдап, жылдын жыйынтыгы менен 7,3 пайызга чейин төмөндөгөн. Ал эми 2024-жылдын жыйынтыгы менен жогоруда белгилегендей инфляция 6,3 пайызды түзүп, 5-7 пайыз максаттуу көрсөткүч чегинде кармалып турду.
Ошондой эле Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредиттик саясат кыргыз сомунун туруктуулугун сактап келет, ал отуз жылдан ашуун убакыттан бери региондогу эң туруктуу валюталардын бири бойдон калууда.
Ал эми Улуттук банктын чаралары боюнча айта кетсек, баалардын туруктуулугу калктын бакубаттуулугун жогорулатуучу негизги элементи экенин эске алуу менен, Улуттук банктын бардык аракеттери натыйжалуу акча-кредит саясатын жүргүзүүгө багытталган.
Улуттук банк өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жылдарда акча-кредит саясатынын инструменттерин олуттуу түрдө кеңейтип, анын саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө. Учурда Улуттук банктын карамагында түпкү максатына жетүү үчүн бардык зарыл инструменттер бар. Негизги инструмент катары, башка өлкөлөрдүн борбордук банктары сыяктуу эле, эсептик чен болуп саналат.
Эгерде инфляциянын деңгээли өсө баштаса, анда борбордук банк баанын ашыкча өсүшүн ооздуктоо үчүн эсептик ченди көтөрүшү мүмкүн. Ошол эле мезгилде бул улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоого шарт түзөт.
Эсептик ченден тышкары, бизде акча жана валюта рынокторунда туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бардык керектүү инструменттер бар экенин айтып кетмекчимин. Инфляциялык басымдын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасиринин деңгээлине жараша Улуттук банк бул инструменттерди колдонуу менен рынокту жөнгө салат. Ошол эле учурда, алмашуу курсунун контекстинде сомдун туруктуулугу валютанын суроо-талабынын жана сунушунун негизинде аныкталган колдонулуучу өзгөрүлмө алмашуу курсунун режиминин алкагында жетишилет. Кандайдыр бир дисбаланс же шок абал орун алган шарттарда, алмашуу курсунун кескин өзгөрүлмөлүүлүгүнө жол бербөө максатында Улуттук банк валюталык интервенцияларды жүргүзөт. Бул аракеттер Улуттук банкка валюта рыногундагы дүрбөлөңдү жана дисбалансты болтурбоого түрткү болуп, жана анын натыйжасы катары макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
– Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын валюта резервинин көлөмү канча жана курамы кандай?
— Өткөн жылы Улуттук банк эл аралык валюта резервдеринин көлөмүн 57,2 пайызга көбөйтүп, рекорддук деңгээлдеги 5,1 млрд АКШ долларына жетишти. Бул тарыхый максимум болуп саналат.
2024-жылы резервдердин көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн негизги факторлордун бири, бул – алтындын баасынын жогорулашы болду. Улуттук банк алтынды ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алып жатты жана сатып алууну улантууда. Бул эл аралык камдардын көбөйүшүнө жана баалуу металлдардын ички рыногун колдоого өбөлгө түзүүдө. Мыкты инвестициялык стратегия жана тобокелдиктерди минималдаштыруу аракетинин натыйжасында активдердин кирешелүүлүгүн жогорулатууга жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун өстүрүүгө мүмкүн болду.
Жетишилген натыйжалар Кыргызстандын финансы системасынын туруктуулугун бекемдеп, улуттук экономикага болгон ишенимди арттырат жана өлкөнү тышкы чакырыктарга каршы турушу үчүн ресурстар менен камсыз кылат.
– Акыркы убактарда кардарлар алдамчыларга алданып калган учурлары көп болууда. Бул боюнча Улуттук банк тарабынан кардарлар арасында финансылык сабаттуулук иштери жүргүзүлүүдөбү?
– Калктын финансылык инклюзивдүүлүгүн жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Улуттук банктын ишинин негизги багыттары катары эсептелинет.
Ар кандай максаттуу топтор, анын ичинде жаштар, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана башкалар үчүн өлкөнүн бардык региондорунда финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар жана лекциялар өткөрүлдү. Семинарлардын жана лекциялардын алкагында катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, кредиттер, инвестициялоо, финансылык коопсуздук, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жаңы финансылык технологиялар, продукттар жана башка темаларды камтыган финансылык сабаттуулуктун негиздери берилди.
Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн Улуттук банк тарабынан 2022–2024 жылдар аралыгында өлкөнүн бардык областтарында 3 миң беш жүзгө жакын адам үчүн 148 эки жана бир күндүк окутуу иш-чаралары уюштурулган.
2024-жылы Улуттук банк областтык мектептен тышкары билим берүү борборлорунун базасында түзүлгөн мектеп мугалимдеринин жана финансылык сабаттуулук боюнча ийримдердин жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүздү. Финансылык сабаттуулук боюнча семинардын жаңыланган программасы боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү. Балдарды жана жаштарды окутууда колдонуу үчүн материалдар иштелип чыкты.
Ар кандай максаттуу топтордун муктаждыктарын эске алуу менен жеткиликтүү маалыматты кабыл алуу үчүн 100дөн ашык кыска видеороликтер жана маалыматтык карточкалар, ошондой эле подкасттар, макалалар жана башка материалдар даярдалды. Улуттук банктын финансылык сабаттуулук боюнча ресурстарында 420дан ашык маалыматтык материалдар басылып чыгып, 536 миңден ашуун интернет колдонуучулар камтылды.
2024-жылы Улуттук банк тарабынан белгисиз жактардын алдамчылык аракеттерине байланыштуу 143 керектөөчүнүн кайрылуусу каралган.
Ал эми 2025-жылдын 12-февралына карата белгисиз жактардын алдамчылык аракеттерине байланыштуу 22 кайрылуу келип түшкөн.
Улуттук банк жарандарды финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн ченемдик укуктук актыларды онлайн-кредиттөө учурунда “токтотуп туруу мезгилин” киргизди. Эсиңиздерге салсак, токтотуп туруу мезгили деп – кардар кредиттен баш тартууга жана келишимди токтотууга мүмкүнчүлүк алыш үчүн сунушталган мөөнөттүн аралыгы аталат. “Токтотуп туруу мезгили” киргизилгенден кийин алдамчылык боюнча Улуттук банкка кайрылган жарандардын жана кайрылуулардын саны азайды. Бул аталган инструменттин натыйжалуулугун тастыктайт.
– Улуттук банктын келечек пландарына кыскача токтоло кетсеңиз.
– 2024-жылдагы Улуттук банктын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, өткөн жылга коюлган максаттар толук көлөмдө ишке ашырылганын белгилеп кетмекчимин. Улуттук банктын өз убагында көрүлгөн чаралары тышкы факторлордун таасирин жеңилдетүүгө жана баа туруктуулугун колдоого, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, ошондой эле банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу башкы максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берди.
Бул кадамдар мындан ары да улана бермекчи. Келечекте экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Улуттук банк 2025-жылы өзүнүн негизги функцияларын жана милдеттерин ишке ашыруу жагында ишин улантат.
Абдимухтар Абилов