"Эркин-Тоо"

“Кыргыз Руху” фольклордук ансамбли

Атаганат десеңчи,  оо чиркин дүнүйө
Жаш экенде бир атка конгон жигит жакшы экен,
Калың элдин калкасы болгон жигит жакшы экен.
Атаганат десеңчи,  оо чиркин дүнүйө
Жакшы жигит асманда жылдыз болот турбайбы
Жакшы кыздар жакада кундуз болот турбайбы
Суу атасы жаркыган булак болот турбайбы
Сөз атасы калдайган кулак болот турбайы. 

Бул ыр саптар Кыргыз Эл артисти Табылды Актановдун   “Атаганат десеңчи” деген ыры. Бул ыр алгач  1997-98-жылдары элге сунулган. Ал эми жаңылап, эстрада жанрына шөкөттөп ырга жаңы дем берип  “Кыргыз Руху” фольклордук ансамбли аткарып чыкты. Бул багытта   Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын алдындагы “Кыргыз Руху” фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси Орозобек Кашкаев жана топтун  айрым солисттери менен маектештик.

“Кыргыз Руху” фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси, Ороз КАШКАЕВ:
 “Атаганат десеңчини” эл жылуу кабыл алды

— Орозобек байке, “Кыргыз Руху» фольклордук ансамблинин түзүлүү тарыхы жөнүндө айтсаңыз?

— Муса Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүнүн алдында 1996-жылы “Манас руху” тобу ачылган. Топту ачуу демилгеси Кыргыз Эл артисти Табылды Актанов агайыбыздыкы болгон. Нарындагы топтун курамында 15тен ашуун өнөр адамдары эмгектенчү. 2000 — жылдары Бишкеке келип чыгармачылыгыбыз бул жерден уланды.

— Учурда “Кыргыз Руху” ансамбли Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын алдында иш жүргүзөт. Бул жердеги иш нугу тууралуу айтсаңыз?

— “Кыргыз Руху” ансамбли 2005-жылы шаардык маданият башкармалыгынын алдында иштеп жатабыз. Учурда топто жалпы 18 киши эмгектенет. Бишкек шаарында өтчү маданият  иш-чарларга катышабыз. Репертуарыбызда бир нече ырларыбыз бар. Элибизге ыр тартуулап, өнөр дүйнөсүндө кызмат кылып келе жатабыз.

—  Ансамбль аткарган “Атаганат десеңчи” ыры тууралуу айтсаңыз?

— 1996-98-жылдары Нарында ырдалып башталган. Нарын театрында эмгектенип жүргөнүбүздө топтогу бир кызыбыз гана  ырдап жигиттер кайырмасында гана кошточубуз. Ал эми бул ырды эстрада жанрына шөкөттөп, жаңылап чыкканыбызга 3 жылга жакындап калды.  Бул ырдын жаралышына “Сармерден” долбоорунун уюштуруучусу Сагын Ниязалиева эженин салымы бар. Ал киши  долбоорго ырды жаңылап алып келгиле деген сунуш айткан, акылдашып, автору Табылды агайга кайрылдык. Сөзүбүздү какпай, толуктоо киргизип жаңыладык. Клип тартылды. Эл жылуу кабыл алды. Ушул чыгармабыз маданий иш-чаралар, ал тургай кыргыздын жакшылыктарында да ырдалып, эл суранган ырга айланды.

Ансамблдин солисти, КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлназ Бекбосун кызы:
“Майра эже  көөнөрбөс кенч болчу”

—  Пикирге улай эле, “Кыргыз Руху” тобунун түптөлүп калышына меценат агабыз Аскар Салымбековдун да  эмгеги  бар. 2004-жылы “Дордой” ассоциациясы алдында уюшулуп түзүлдүк. 10 кишиге штаттык айлык төлөнүп, ал жерде эмгектендик. Улуттук форма, улуттук аспаптарыбызга чейин сатып алып, бүгүн да колдоо көрсөтүп келет.

Гүлназ эже,  жеке чыгармачылыңызда Майра Керим кызынын калемине таандык ырларды аткарып чыгып эл назарына алындыңыз окшойт…

Чыгармачылык жолдо келатканыма 28 жыл болот. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эл аспаптар оркестрин бүтүргөн соң жумушумду  Нарын жергесинде баштагам. Кадимки казактын кызы, кыргыздын келини Майра Керим кызы устатым болгон. Эженин ырлары мени ыйык сахнада Гүлназ Бекбосун кызы кылды, элге таанытты.  Майра эже Тоңдун келини,  Мен Көлдүн Түптүн кызы болгон үчүн мектепте окуп жүргөн кезимде эле Майра эженин ырларын угуп чоңойдум. Ушул эжедей болуп сахнага чыксам, эл угуп кубаттаса,  ырдасам дээр элем. Төгүп ырдасам деген да  кыялым бар эле. Төкмөчүлүк өнөрүн бийик тутам. Бирок, төкмө өнөрүнө аралашпасам дагы ырчы болгонума сыймыктанам.  Майра эже, устатым  энергиясы күчтүү, мыкты аял, мыкты жар, акылман,  кеменгер улуулукту аяр туткан аял катары билем. Элине канча кызмат кылды, мыкты ырлары элинин жүрөгүндө калды. Кыргыз элине өз кызындай мамиле, ыйбаа менен мамиле кылды. Бир дасторкондо кесиптештер менен чогуу отуруп калган кечелер болду.  Ошол учурларда Майра эженин күчтүүлүн билгиле, эже  сүйлөгөндөн, ырдагандан да талбай, ошол жердеги маанайды бийикке көтөрүп турчу. Майра эже түгөнбөгөн кенч, дайра болгон. Мен ал кишинин чыгармаларын аткарганыма сүйүнөм.

КРнын эмгек сиңирген артисти Мунарбек Чобиев:
“ Ырда — маңыздуу ой камтылышы керек  ”

— Мунарбек байке, Кыргыз Рухуна жеке сиз качан кабыл алынгансыз жана топ  аткарган чыгармалар мекенди сүйүүгө, адамды насаатка  шыкактаган чыгармалар,  бул ансамблдын тандап алган багыты десек болобу?

— 1994-жылдан бери чыгармачыл жолдо эмгектенип келе жатам. Өмүр жолубузда дейли  не деген  залкар маданият ишмерлери менен иш алып бардык. Ал үчүн абдан сыймыктанабыз. Ошол эле  Табылды Актанов агай жана анын жубайы Зуура Акылова эже далай таланттуу жаштарды таптап чыгарды. Бизге да ал кишилер сахнага кантип чыгуудан тартып, кийген формабызга чейин, угарман журтуна мамиле кылганды, сахнанын ыйык тазалыгын үйрөттү десем болот. Ал эми топтун репертуарын тандоонун үстүндө атайын иштейбиз, талкуудан өтөт. Иргеп жатып, бир чыгарманы аткарабыз.  Ар бир аткарган ырда маңыздуу ой камтылыш керек. Улуттук нарк, аспап менен чыгарма аткаруу зор жоопкерчилик.  Мекенди сүйүүгө, адамдарды жакшылыкка үндөгөн чыгармачыл аракеттерибиз улана берет. Жалпысынан топто чыгармачыл дилгир жаштар иш алып барууда. Бир ырдаса, экинчиси комуз, кыл кыяк, чопо чоор жана башка аспаптарды аткарып ыр маанай жаратышат.

— Маданиятта азыр кандай маселелер бар деп ойлойсуз?

— Айрым чечиле турган көйгөйлөр бардыр. Бирок жалпылап айтканда салыштырмалуу кыргыз маданиятына коңул бурулуп калды. Ар бир маданият үйлөрүндөгү абал аз да болсо жакшырганы, каражат төлүнүп, бөлүнүп жатканы байкалат. Өнөр адамдары элге маанай, жан дүйнөгө азык берип, дарамет кошсо деген аруу тилек эле.

Ансамблдин солисти, обончу Жазгүл ЖУМАКАНОВА:
» “Кызган мени” ыры обончу катары тааныткан”

— Жазгүл эже, ансамблде айрым солисттер үй бүлөлүү жуптар, негизи эле бир тармакта иш алып баарунун артыкчылыгы көбүрөөк го ээ?

— Бир тармакта иштөөнүн жетишкендиктери көбүрөөк байкалат. Ошол эле ыр тандоодо кеңешип иштейсиң. Бири-бириңди түшүнөсүң, толуктайсың. Чыгармачылыкка эркиндик менен мамиле кылышат, бир толкунда болушат. Кемчилигиңди талкуулап, оңойсуң. Бул багытта биздин үй -бүлө дагы бир багытта келе жатабыз. Ал эми чыгармачылыктагы  чыйыр жолум Нарын райондук маданият үйүндө башталган. Театрга комуз, кыл-кыяк чертип, ырдап  кабыл алынгам. Ошол кезден ушул кезге дейре ыр дүйнөсүндөмүн.

— Эже, жеке сиздин чыгармачыл жолуңуз, обон жаратуу эмгегиңиз качан башталган?

— 1997-жылы сөзү Эмил Шейшеевге таандык “Кусалык” аталышында биринчи обонум  чыккан.  Кыргыз Эл акыны, маркум  Эсенгул Ибраев агайыбыз жазган “Эмне керек” ырына обон жаздым. Алгачкы обондорум  Нарындан жаралган.  Ал эми элге мени  обончу катары тааныткан чыгарма  сөзү  Майра  Керим кызына таандык “Кызган мени” ыры болду. Бул чыгарманы алгач Нарында Жылдыз Абдыгазиева деген ырчы кыз ырдап чыккан.  Андан кийин ушул ырды   Алтынай Нарбаева,  Самара Каримова өңдүү өнөр адамдары элге сунуп, колдоосуна арзып келатат. Бир катар обондорум жаралып, эл арасында ырдалып жатканына сыймыктанам.

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

№9 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-февралы

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!