"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргыз спортчусу ок атуу боюнча күмүш медалга татыды

Кыргызстандын ок атуу боюнча улуттук курама командасынын спортчусу Имандос Бектенов Азия чемпионатында күмүш медаль утту.

Мелдеш 2–14-февраль күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Ага Азиянын 19 өлкөсүнөн 385 спортчу катышууда.

Биринчи мелдеш күнүндө 10 метр аралыктагы Air Pistol түрү боюнча эки кыргызстандык финалга чыкты. Анда Аскат Токмоков 7-орунду ээлесе, Имандос Бектенов экинчи орунду алып, күмүш медалга татыды.

Белгилей кетсек, чемпионатка Кыргызстандан 16 спортчу жана 3 машыктыруучу барган.