"Эркин-Тоо"

Кыргыз студенттери Гоголь атындагы Москва драма театрында

2025-жылдын 8-14-май күндөрү Токтоболот Абдумомунов атындагы Театралдык окуу жайынын 2-курсунун студенттери Гоголь атындагы Москва драма театрында окуу практикасында болушту.

Практика учурунда студенттерге лекциялар, мастер-класстар, чыгармачыл жолугушуулар уюштурулуп, театр репертуарындагы бир нече спектаклдерди көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алар актёр Анатолий Просаловдун сабактарына, режиссёрлор Антон Яковлев жана Кирилл Ковбастын спектаклдерине катышып, маданият өкүлдөрү менен жолугушту.

Окуу практикасы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, кабыл алган тарап жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Студенттерди Театралдык окуу жайынын көркөм жетекчиси Тилек Жумагазиев жана курстун жетекчиси Гүлайым Каниметова жетектеп барды.