КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ ЭКИ ЭЛДИН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ 06.04.202108.04.2021 ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Казакбаев Руслан Айтбаевич менен Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 2021-жылдын март айында окуу жайыбызда уюштурулган “Анталия дипломатиялык форумуна” катышып, жалпыбызды сыймыкка бөлөдү. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Айтбаевич өзүнүн сөзүндө университеттин эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын эң мыкты үлгүсү экенин белгилеп кетти. Университет заман менен тең кадамдап, эң таза жамаатка, эң тажрыйбалуу окутуучуларга жана акыркы технологиялар менен жабдылган лабораторияларга ээ окуу жайы экенин айтты. Окуу жайына ыйгарылган сыйлыктар аймактык жана эл аралык деңгээлдеги аброюбузду далилдей турганын билдирди. “Манас” университетинин Кыргыз Республикасында ачылып, келечек адистерин даярдоого чоң салым кошуп жатканына сыймыктанганын баса белгиледи. Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө университетте болгонуна кубанычын билдирип, 1995-жылы отургузулган көчөт тамырлап, чейрек кылымдан бери өсүп жаткандыгын көрүү сыймыктануу сезимин жараткандыгын айтты. Азыркы күндө 5 континенттеги 43 өлкөдө иштеген университеттин бүтүрүүчүлөрү тарыхты муундан-муунга өткөргөн манасчылар сыяктуу орток баалуулуктарыбызды тастыктаганын, алардын баары менен сыймыктанарын баса белгилеп кетти. Бул биздин жоопкерчилигибизди арттырууда жана өжөрлөнүп иштөөгө шыктандырууда. Урматтуу министрлерибизге окуу жайыбызга келип, Шахит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борбору менен COVID-19 дарт аныктоочу борборду ачышкандыгы үчүн, окуу жайыбыздын жана жамаатыбыздын дарегине айткан жылуу сөздөрү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Урматтоо менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги tor --> tor --> ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ Түрк дүйнөсүнүн жаштарына эл аралык стандартта кеңири мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо менен эң мыкты деңгээлде билим берип, келечекке даярдаган Кыргыз-Түрк “Манас” университети заманбап билим берүү жана башкаруу тутумунун алкагында максаттарын ишке ашырып, өзүнүн жолун татыктуу улантып келе жатат. Айланабыздагы коомчулукка, түрк дүйнөсүнүн элдерине жана жалпы адамзатка ар бир тармакта кызмат көрсөтүүдө лидер болууну көздөгөн окуу жайыбыз зарыл болгон тармактарга инвестиция кылууда. Пандемия учурунда эң көп саламаттыкты сактоо жаатында инвестицияларга муктаждык болгондуктан, Шахит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борборун жана COVID-19 дарт аныктоо борборду ачуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бул максатты ишке ашырууда олуттуу Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көрсөттү. Ден соолук борборун ачуу тууралуу чечимге жамаатыбыздан кем калбай толкунданган, университетте тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзгөн, аккредитациялык иш-чараларда бизге көмөк көрсөткөн, ден соолук борборун ачуу аземине урматтуу тышкы иштер министрлерибиз Мевлют Чавушоглу жана Руслан Казакбаев менен кошо катышып, бизди кубанычка бөлөгөн Саламаттыкты сактоо министри урматтуу Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичке Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жамаатынын атынан чоң ыраазычылык билдиребиз. Урматтоо менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги too.kg/?attachment_id=6003″ class=»wp-image-6003″/>too.kg/?attachment_id=6004″ class=»wp-image-6004″/>too.kg/?attachment_id=6005″ class=»wp-image-6005″/>