Мындан эки жыл мурун, 2023-жылдын 6-февралында, Түркия жана түрк эли эң чоң табигый кырсыкка кабылган. Бир эле күндө эки жер титирөө катталып, анын кесепетинен он миңдеген жарандарыбыздын өмүрүн алып, жүз миңден ашык жарандардар жаракат алышкан.
Түрк эли үшүгөн менен бирге үшүп, кайгырган менен кошо кайгырып, ач калган менен ач калып, ыйлаган менен ыйлап, сабыр кылган менен сабыр, шүгүр кылган менен бирге шүгүр кылуу кандай болорун кайрадан сезгенин жашырууга болбойт. Бул кырсык көзү көрүп, кулагы угуп, жүрөгү сезгендердин баарына көп нерсени көрсөттү дешет түр боордоштор. Мындай кырдаалда Кыргызстандыктардын ар биринин жүрөгү сыздап, жардам сунушту. Жан дүйнөлөрү биз менен бирге жапа чекти. Манас университетинде билим алып жаткан жаштар Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кол сунуп, жүрөктөн чыккан жылуу тилектерин жолдошту.
Ошол оор күндөрдө Кыргызстан да жаныбызда болуп, чукул арада жардам кампаниясын уюштуруп, бизге боордоштук колун сунду. Түрк элдеринин түпкүрүнөн келген бул ынтымак духу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы терең байланыштарды дагы бир жолу далилдеди.
Кыргызстан жер титирөөдөн кийин Түркияга дароо куткаруучу топ, анын артынан 188 адамдан турган издөө-куткаруу, медициналык жана психологиялык көмөк көрсөтүү тобун жолдоду. Алар Кахраманмараш жана Газиантеп сыяктуу жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда жан үрөп иш алып барышты.
Боордош мамлекет Кыргызстан мындан тышкары 141 миң доллар материалдык жардам көрсөттү. Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 100 кыргыз боз үйүн жана 20 аскердик чатыр жөнөтүп, алардын Кахраманмарашта тигилишин камсыздады. Бул боз үйлөр кыйын кезеңде жылынуучу очок болуп, түрк дүйнөсүндөгү ынтымактын айкын символуна айланды.
Кыргыз эли да бул ынтымакка чын ыкласы менен катышып, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 3 миллион 667 миң түрк лирасы көлөмүндө каражат чогултулду. Андан тышкары, башка мамлекеттик мекемелер тарабынан да жардам кампанияларын уюштурулуп, топтолгон жардам Түркияга жеткирилди. Кыргыз элинин бул кайрымдуулугу түрк элинин жүрөгүндө ары терең, ары жылуу из калтырды.
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана боордоштук ар дайым орток тарых, маданият жана түркчүлүк байланыштардан чоң күч-кубат алат. Бул оор күндөрдө көрсөтүлгөн чын ыкластуу жардам эки элдин бири-бирине болгон урмат-сыйын жана биримдигинин түбөлүктүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Түрк эли катары, Кыргызстандын асылдык менен коштолгон жылуу мамилесин, кыргыз боордошторубуздун кыйын учурда жаныбыздан орун алганын эч качан унутпайбыз.
Түрк дүйнөсүнүн боордоштугу жана ынтымагы түбөлүк жашайт!
Учурдан пайдаланып, 2023-жылдын 6-февралында болгон жер титирөөдөн каза болгондорду тереӊ урматтоо менен эскерем жана алар үчүн ырайым тилейм. Жандары бейиште болсун. Мындан ары Жараткан бардыгыбызды ушул сыяктуу апааттардан сакташын.
Тереӊ урматыбыз менен коомчулукка билдиребиз. PhD, проф. Алпаслан Жейлан
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору