"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Кыргыз тасмасы Европадагы фестивалга жол алды

Кыргыз режиссёру Аманбек Ажыматтын «Акыркы сценарий» аттуу дебюттук толук метраждуу фильми Эстониянын Таллин шаарында 2025-жылдын 7–23-ноябрында өтө турган «Tallinn Black Nights Film Festival» (PÖFF) эл аралык «А» класстагы кинофестивалынын дебюттук фильмдер программасына тандалды.

«Акыркы сценарий» («Backstage Madness») — чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык талаптардын кагылышын чагылдырган, 70 жаштагы режиссёрдун ички дүйнөсүндөгү күрөш тууралуу тасма.

Фильм TAZAR кинокомпаниясы тарабынан, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.

Tallinn Black Nights Film Festival — Түндүк Европадагы эң ири фестивалдардын бири. «Акыркы сценарийдин» аталган программага кириши кыргыз киносунун эл аралык аренадагы маанилүү жетишкендиги катары бааланууда.