"Эркин-Тоо"

Кыргыз-тажик чек ара аймактарында кырдаал туруктуу

Кыргыз-тажик чек ара аймактарында абал туруктуу.  Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыккан чыр күч алып кетпеши үчүн чек ара өкүлдөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларынын бир нече жолугушуулары өткөрүлдү.

Чек ара кызматы бүгүн, 25-июлда «Кызыл-Бел-автожол» өткөрүү жайында саат 09:00дө Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу башталганын билдирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!