19-март күнү Жогорку Кеңеште тарыхый маселе талкууланып, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды. Жалпы өлкөбүз, мүлдө журтубуз кулак түрүп, парламенттин түз эфиринен көрүп турушту. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен чек араны тактап чыккан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайсы аймактар алмашылып, талаш тилкелер кандай чечилгенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп берди.
Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндамасын баштап жатып Тажикстан 210 миң гектар жерди талаштуу эсептеп, Лейлектин 70%ына көз артып келгенин билдирди. Баарыбызга маалым болгондой, алар 2024-жылдагы картага таянышкан. Эгер андай чечилсе, Мургаб району Кыргызстанга тиешелүү болмок. Камчыбек Ташиев аны баса белгилеп, «Тажик тарап 1924–1927-жылдардагы материалдар менен 2024-жылга чейин иштеп келген. Ошондо «силер биздин жерлерге доомат коё берсеңер биз дагы Мургабга доомат коёбуз, аны алууга акыбыз бар жана күчүбүз жетет» дегем. Андан кийин тажик тарап макул болуп, 44-протоколго кол койгонбуз. Мындан ары чек араны тактоону 1991-жылкы КМШ мамлекеттеринин декларациясынын негизинде жүргүзөбүз деп сүйлөшүп, ошондон кийин чек араны тактоо иштери жакшы жүрүп кетти” деди. Чындыгында эле Камчыбек Ташиевдин ошол билдирүүсүнөн кийин чек араны тактоо ишине тажик тарап ыкчам киришип, чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Кайрагач анклавы жоюлду
УКМК төрагасы андан аркы сөзүн Лейлек районунан баштап, Кайрагач участогунан 155 гектар жер жана Кайрагач анклавынын 35 гектар жер Кыргызстанга алынганын айтты. Ага ылайык, коңшу өлкөнүн Кайрагач өткөрмө пункту 1,6 чакырымга жылат.
«Кайрагачта тажиктердин заставасы турган. Бул жерде 10дон ашык үйдө кыргыздар жашачу. Бирок, тажиктер бул жерлерди заставадан карап турушкан. Мурда «Лейлек» деген жазуу азыркы Кайрагач постунун жанында болчу. Эми ошол жазуу турган жерден 1 600 метр ылдый жылдырылды. Тажиктердин «Кайрагач» өткөрмө пункту да бизде калды. Эми алар өздөрүнүн аймагына жаңысын курат. Кайрагач маанилүү жер, суу келет» деди Ташиев. Ток этерин айтканда, Тажикстандын Кыргызстандагы Кайрагач анклавы жоюлду.
Кайрагачтан алынган 190 гектар жердин ордуна Кыргызстан Саада участогунан 21 гектар, Раззаков участогунан 23,5 гектар, Селкан участогунан 4 гектар, Майты участогунан 7 гектар, Пролетарский участогунан 12,5 гектар, Улак-Жай участогунан 17 гектар, Ак-Арык участогунан 7 гектар, Баткен районунун Кара-Бак участогунан 65 гектар, Майты участогунан 35 гектар, жалпы 190 гектар жер тажиктерге берилген.
Достук көчүрүлөт
Согди облусунун Исфара районунун ортосундагы туташ эмес участокторду өз ара жөнгө салууга жетишилген келишимге ылайык, буга чейин белгилүү болгондой Достук айылы тажик тарапка берилгени белгиленди.
«Ал жерде жашаган адамдарга келечекте оор болуп калмак. Анткени, суу дагы Тажикстандан алынат. Азыр Баткендин четиндеги Чет-Булак деген жерден жер бердик. Ал жердегилердин жер тилкеси ар кандай экен, кээ бирөөнүкү 5, 7, 8, 10 сотыхтан дагы бар экен. Биз 71 үйгө, жашабаган, бирок кожолугу барлардын бардыгына Чет-Булактан 10 сотыхтан үй курууга жер бердик. Мамлекет зыңкыйтып үй салып беребиз. Кошумча келечекте үй салганга деп дагы 10 сотыхтан, Кызыл-Белден айыл чарбага үлүш деп 9 сотыхтан жер берилди. Дээрлик 30 сотых ар бирине берилип жатат. Азыркы жашап жаткандарга бул экономикалык жактан эмес, бир аз психологиялык жактан кыйын болушу мүмкүн. Себеби, ошол жерде туулуп-өстү, киндик кан тамган, ата-энелери көмүлдү, өз айылын таштап чыгып кетип жатат. Бирок, кийинки муунга эң жакшы нерсе болот. Келечекте аларга окууга, жашоого шарт болот. Качан жаңжал болсо ошол Достук айылы өрттөлүп, талкаланып, адамдар, жоокерлер өлөт. Ушуга чекит коюшубуз керек, ушул максатта кабыл алынды» деди Ташиев.
Ооба, ар бирибиздин туулуп-өскөн, киндик кан тамган жерибиз бар. Ата-энелер көмүлгөн мүрзөлөр бар. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин тынчтыгы баарынан бийик турат. Достукта ар дайым чыр-чатак катталып, үйлөр улам өрттөлгөндүгүнө байланыштуу ал жерден дээрлик көчүп кетишкен. Учурда мектебинде 20 гана окуучу окуйт экен. Ушул жерде депутат Султанбай Айжигитовдун “Достук айылы Ворухка дарбаза болчу» деген сөзүнө дагы тактоо киргизилип, Достук айылы менен Ворухтун ортосу 20 чакырымдан алыс турары белгиленди. Ошондой эле Достук айылындагы застава да тажик тарапка өткөрүлүп, алардын Кайрагачта жана Ляккондо жайгашкан эки заставасы бизге алынганы айтылды.
“Головной” үчүн берилген 750 гектар жер
Баткен районундагы Ак-Суу дарыясы Түркстан тоо кыркаларынан башталып, Тажикстандын Ворух анклавын аралап агып, «Головной» деген аталыш менен белгилүү суу бөлүштүргүч жайга түшөт. Алтымыштан ашуун куймасы бар дарыя так ошол жерден Кыргызстан менен Тажикстанга бөлүнөт. Кыргызстандын каналы келип Төрт-Гүл суу сактагычына куюп, андан ары бир нече айыл аймактагы 10 миң гектардай жерди сугарат. «Головнойдун» жогору жагынан бөлүнгөн, Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан кеткен дагы бир канал аркылуу суу Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына барат. Мындан сырткары чектеш тилкелерде жайгашкан айрым айылдарга Ак-Суудан кичине арыктар аркылуу агып кирет. Дарыя андан ары агып, Өзбекстанга чейин жетет. Ортодогу жетишилген келишимге ылайык, чек арадагы “Головной” жайындагы суу бөлүштүрүү мурдагыдай эреже менен уланат. Бирок, үч шлюз тең жарымдан бөлүндү. 1,5 шлюз үчүн 750 гектар жер алынды.
“Головнойдогу үч шлюздун 1,5 шлюзу бизде калып, калган 1,5 шлюзу тигилерге кетти. Биз төрт метр жерди бериш үчүн 750 гектар жерди алдык. Ал Чоң-Алай районунан Караганды-Сай участогунан 500 гектар, Лейлек районундагы Кароол-Дөбөдөн 100 гектар жана Катта-Туз участогунан 150 гектар жер алдык. Бирок сууну бөлүштүрүү мурдагы бойдон калат, Өкмөт аралык келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Демаркация кылган маалда сүйлөшүп, сууну бөлүштүрүүнү электрондук ыкма менен жүргүзүүнү ойлонуп жатабыз. Ал жерде чогуу оңдоо иштерин жүргүзүп, андан соң электрондук эсептегичтерди коюп, кимге канча суу кетип жатканын компьютерден эле карап турабыз”, — деп билдирди Ташиев.
Баткен районунда шахматтык түрдө жайгашып калган үйлөр көп болчу. Алардын ар бири такталып, алмашылуу жолу менен чечилди. Достук айылынын 91 гектар жери толугу менен, Мазейиттен 8,3 гектар жер, Көк-Терек айылынан 17,5 гектар, Таш-Тумшук айылынын 20,1 гектар жери жана Дача участогунун 5 гектары Тажикстанга өттү. Башкача айтканда 142 (141,9) гектар жер берилди. Ал эми Кыргызстанга Исфара районунун Сомоньен айылынан (18,4 гектар), Дахма участогунан (3,1 гектар), Кожайло айылынын бир бөлүгү (21,5 гектар), Гафсувар участогунан (2,7 гектар), Миң-Булак участогунан багы менен (42 гектар) жана Лакхон участогунун бир бөлүгү (55 гектар) алынды. Жалпысынан бизге 142,7 гектар жер өттү.
Ворух анклавы жана Төрт-Көчө
1991-жылдагы эсеп боюнча, тажик тарап 19 000 гектар жерди пайдаланып жүргөн. Катаал сүйлөшүүлөрдөн кийин 14 500 гектарга чейин кыскарды. Ворух анклавынын айланасынан тажик тараптын суранычы боюнча 1000 гектар жайыт жер аларга берилип, анын ордуна Чоң-Алайдын Караган Сайынан 1000 гектар жайыт алынды.
Ал эми ызы-чуусу арбын болгон Төрт-Көчө боюнча орток пикир табылып, нейтралдуу макамга ээ болду. Жалпысынан 40 метр тилке (10 метр жол, жолдун эки жээгиндеги 15 метрден жер коопсуздук тилкеси) нейтралдуу статуста болот. Мурдагыдай меники деп келип эч ким тосуп албайт. «Интернетте Лейлек району сүйлөшүүдөн кийин анклав болуп калды деп жатышат. Ошону айткандар акылыңар барбы? Кантип калып кетет? Тескерисинче, Төрт-Көчөнү нейтралдуу кылдык. Миң-Өрүк – Самаркендек деген жаңы жол пайда болот. Көк-Таш – Ак-Сай – Рават жолунун аймагында чек ара такталды. Лейлек анклав болбой эле, тескерисинче, аны анклавдан чыгарып, ал жакка үч жол менен барууга жол ачтык» деди Ташиев.
Эл өкүлдөрү тарабынан суроолор берилгенден кийин кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү келишим биргелешкен комитеттеринин жыйынында үч окуудан колдоо тапты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, «Ачыгын айтыш керек, эң биринчиден мунун башында биздин урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич турду. Себеби, Садыр Нургожоевич ушул чек ара тилкелерин ар бир метрине чейин билет. Жеке ал киши экөөбүз ар бир метр жерди талкуулап, бирге чечип жаттык. Кээде комиссия карап жатканда ишин токтотуп коюп, атайын келип, Садыр Нургожоевич менен сүйлөшүп, аны менен такташып, ал уруксат бергенде гана ушул чечимдерди кабыл алып жаттык. Ошондуктан, бул жерде биздин урматтуу Президентибиздин саясий эрки менен болбогондо бул нерсе чечилмек эмес» деп сөзүн жыйынтыктады.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим ратификацияланды.
Кылычбек Кудайбергенов